Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жоош айылдык кеңешинин “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жоош айылдык Кеңешинин (5-чакырылышы) кезектеги VIII-сессиясы
2014-жылдын 23-августу № 10/2-13 “Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы №462 “Стимулдук гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндөгү” токтомуна ылайык, долбоорлор конкурсунун жыйынтыгы менен 2014-жылдын 4-июнундагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин алдындагы комиссиясынын чечиминин негизинде, Жоош айыл өкмөтүнө караштуу № 42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү максатында Жоош айылдык Кенешинин V-чакырылыш кезексиз Х -сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылындагы № 42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерине каржылануучу 3358091 сомдук стимулдук гранттын 650000 сому Жоош айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин салымы болуп эсептелинсин..
2. Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Т.Кадырбекованын билдирүүсүнүн негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин “Турак-жай жана кызматтар” тармагында каралган 650,0 (алты жүз элүү) миң сому “Билим берүү” тармагына которулсун.
3. Көрсөтүлгөн 650000 сомдук акча каражаты 2014-жылдын 14-июлундагы №42 Маданият орто мектебинин оңдоо-курулуш иштерине жарыяланган тендерден утуп чыккан “Сити Комплекс” ЖЧК райондук казына бөлүмү аркылуу которулуп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жоош айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жоош айылдык Кеӊешинин төрагасы
К.Бердикулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.