Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Теплоключенка айылдык кеңешинин «Теплоключенка айылдык кеңешинин Регламентин бекитγγ жѳнγндѳ» токтому
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVI-чакырылышынын 9-сессиясы
2013-жылдын 17-июну № 51 Теплоключенка айылдык кеңешинин Регламентин бекитγγ жѳнγндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, айылдык кеңештин ишин жѳңгѳ салган “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ”, “Жергиликтγγ кеңештин депутаттарын шайлоо жѳнγндѳ”, “Жергиликтγγ кеңештин депутаттарынын макамы жѳнγндѳ”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жѳнγндѳ” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде, Теплоключенка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин.
2. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялансын, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
3. Токтом ММКна басылып чыккан кγнγ юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизγγ γчγн жиберилсин.
4. 2013-жылдын 8-январындагы №1 токтому менен бекитилген Регламент кγчγн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы М.Малабековго жүктөлсун.
Теплоключенка айылдык кеңешинин тѳрагасы:
Джаныбеков К.С.
Теплоключенка айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 9-сессиясы 2013-жылдын 17-июнундагы №51 токтому менен бекитилди
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституниясынын, айылдык кеңештин ишин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын макамы жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акттарынын негизинде иштелип чыкты.
I. БӨЛҮК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1.1 Теплоключенка айылдык кеңеш (мындан ары - айылдык кеңеш) - жашыруун добуш берүүдө жалпы тен жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттан турган, өз ишин коллегиялуулук негизде жүргүзгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак деп эсептелет. Айылдык кенештин өз мөөрү, штампы жана бланктары, банк мекемесинде эсеби, өз милдетгтери боюнча жооп берген мүлкү бар. Ал өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттемелерге ээ болуп жана ишке ашыра алат, сотто жоопкер жана доочу боло алат.
1.3. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компентенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, озу кабыл алган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
1.4. Айылдык кенештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кенештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана айылдык кеңештин ишин уюштуруунун тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
1.5. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы катары анын сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, ошондой эле шайлоочулар менен иштери эсептелет.
1.6. Айылдык кеңештин депутаттары өз ишин негизги ишинен ажырабастан акысыз негизде ишке ашырат.
1.7. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, тең салмактуулуктун, маселелерди эркин талкуулоонун жана чечим кабыл алуунун принциптерине негизделет.
2-бөлүм. Айылдык кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи сессиясы
2.1. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктагандан кийин эки аптадан кеч эмес мөөнөттө кеңештин өткөн чакырылыштагы төрагасы тарабынан чакырылат.
2.2. Айылдык кеңештин алгачкы сессиясын айылдык кеңештин депугаттарынын жаш
курагы боюнча улуусу ачат.
2.3. Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймакта айылдык кеңештин алгачкы сессиясын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары аныкталгандан кийин эки аптадан кеч эмес мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы чакырат.
2.4. Биринчи сессияга даярдыкты айыл өкмөтүнүн аппараты көрөт.
2.5. Айылдык кеңештин алгачкы сессиясынын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилет:
- айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо тууралуу;
- туруктуу жана убактылуу комиссиялардын тизмесин, алардын курамдарын жана төрагаларын бекитүү;
- кеңештин ишин уюштуруудагы башка маанилуу маселелер.
2.6. Төраганы шайлоо тууралуу токтомго сессияга төрагалык кылган адам кол коёт (жаш курагы боюнча улуусу). Андан кийин кабыл алынган бардык токтомдорго жана протоколдорго жаңы шайланган төрага кол коёт.
З-бөлүм. Айылдык кеңештин карамагына киргизилген маселелер
Айылдык кеңештин карамагына төмөнкү маселелер кирет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин орнотуу;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- айылдык кеңештин Регламентин кабыл алуу, айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарыш шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу, алардын иши тууралуу маалыматты угуу;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын түзүү жана жоюу;
- туруктуу жана убактылуу комиссиялардын персоналдык курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- туруктуу жана убактылуу комиссиялардын иши тууралуу отчетту угуу;
- комиссиялардын төрагаларын кызматынан бошотуу;
- мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- айыл өкмөт башчысын шайлоо;
- айыл өкмөт башчысына ишеним көрсөтпөө;
- айыл өкмөт башчысынын ишин канааттандырарлык эмес деп таануу;
- айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы тууралуу жарым жылда бирден кем эмес жолу айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;
- жергиликтүү бюджетти бекитүү жана анын аткарылышы тууралуу отчетту угуу. ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду колдонуу тууралуу маалыматты угуу;
- аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан колдоо программасынын аткарылышын бекитүү жана ага көзөмөлдөө;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
- тиешелүү район үчун мыйзамдарда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө,
- мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
- талап кылынбаган жана колдонулбаган жайыттарды пайдалануу жана башкаруу;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөөнүн тартибин орнотуу, анын ичинде муниципалдык менчиктеги объекттерди менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөл кылуу;
- Өкмөт аныктаган типтүү нормативдердин негизинде айыл өкмөтүнүн структурасын жана штаттык түзүмүн бекитүү;
- айылдык аймактын территориясында көрктөндүрүү, соода, тышкы жарнактарды жана маалыматты жайгаштыруунун эрежелерин бекитүү;
- үй жаныбарларын кармоонун жана айылдык аймактын территориясында малды жаюунун эрежелерин бекитүү;
- атамекендик жана чет өлкөлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуу тууралуу;
- жергиликтүү жамааттын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү тууралуу;
- калктуу конуштардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалыгына көзөмөл, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чараларды уюштуруу тууралуу;
- социалдык-маданий, турак жай жана тиричилик үчүн муниципалдык объекттерди куруу;
- муздак сууну, (эгер бар болсо, канализацияны, жылуулук жабдууларын) пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу. ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини сатуунун убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү орнотуу, аларга тыюу салуу, жөрөлгө иш-чараларын өткөрүүнүн эрежелерин белгилөө;
- ирригациялык түйүндөрдү, короолорду жана короо алдындагы участокторду кармоонун тартибин орнотуу;
- калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүдө тариф жана жеңилдик берүү саясатын аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, муниципалдык менчикте турган жерлерди ижарага берүүнүн тартибин орнотуу;
- жергиликтүү кеңештин Уставындагы жоболордун жана өз чечимдердин аткарылышына көзөмөл тууралуу;
- жергиликтуу жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү тууралуу.
4-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
4.1. Айылдык кенештин торагасы айылдык кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен. депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
4.2. Айылдык кеңештин төрага кызматына шайлануу үчүн талапкерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу;
- депутат (өзүн өзү көрсөткөн. же талапкер катары башка депутатты көрсөтүү):
- саны эки депутаттан кем эмес депутаттар тобу.
Ар бнр депутат же депутаттар тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
4.3. Айылдык кенештин төрагасы кызматына талапкер катары депутатты өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүү төрагалык кылуучуга талапкер болуу ниетин билдирген арыз берүү жолу менен ишке ашат.
Депутаттын, депутаттар тобунун айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерди көрсөтүүсү төрагалык кылуучута көрсөтүлүп жаткан депутатты талапкер катары көрсөтүү тууралуу арызды берүү жолу менен ишке ашат.
4.4. Өзүн көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү тууралуу арыздар төрагалык кылып жаткандын колу менен күболөндүрүлүп, жашыруун добуш берүү үчүн аларды бюллетенге кошуу үчүн эсеп комиссиясына берилет.
4.5. Айылдык кеңештин төрагалык кызматына талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын алдына өз программасы менен чыгып, суроолоруна жооп берет.
Сөз сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө чейин, суроолорго жооп берүү үчүн 3 мүнөткө чейин, соңку сөз менен чыгууга 3 мүнөткө чейин убакыт берилет.
4.6. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерди колдоп же каршы чыккысы келген депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин убакыт берилет.
4.7. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкер добуш берүү жол-жобосу башталганга чейин өз талапкерлигине каршы чыга алат. Бул добуш берүүсүз кабыл алынат.
4.8. Талкуу токтогондон кийин эсеп комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге айылдык кеңештин төрагасы кызматына талапкерлердин аты-жөнүн киргизет.
4.9. Айылдык кеңештин төрагасы кызматына айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушун алган талапкер шайланат.
Эгерде:
- жалпы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун албай калган бир талапкер катталса, талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт;
- эки талатткер катталып жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун албай калса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын тең добушуна ээ болсо, талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт;
- эки же андан ашык талапкер катталып жана алардын бири да депутаттардын керектуу добушун ала албай калса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири эң коп добуш алса, ал эми андан кийинки талапкерлер бирдей добуш алышса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер эн көп тең добушка ээ болсо, ал эми кийинки талапкерлер азыраак добуш алса, эн көп тен добуш алган эки талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин баары тең добуш алса, анда талапкерлер кайра жаңыдан көрсөтүлөт.
4.10. Жаны талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо айылдык кеңештин чечимине ылайык же алгачкы сессия күнү, же болбосо кийинки күнү, бирок алгачкы сессия өткөн күндөн 5 күндөн кем эмес убакытта өткөрүлөт.
4.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айылдык кеңештин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
5-бөлүм. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
5.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
- айылдык кеңештин сессиясын чакырат жана алып барат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитүүгө алып чыгат;
- айылдык кеңештин сессиясына даярдыкка жалпы жетекчиликти жүргүзөт, айылдык кенештин сессиясынын кароосуна чыгарыла турган маселелердин даярдыгын көзөмөлдөйт, айылдык кенештин сессиясынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- айылдык кенештин токтомдоруна кол коёт жана анын аткарылышына көзөмөлдү уюштурат;
- айылдык кенештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт:
- катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
- айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу/убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун көзөмөлдөйт;
- депутаттарга алардын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна, жараидарды кабыл алуусуна, шайлоочулар алдына отчет менен чыгуусуна көмөктөшөт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карайт;
- айылдык кенештин жана анын органдарынын иши тууралуу ачыктыкты камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мамилелеринде айылдык кенештин атычан чыгат;
- айылдык кенештин жергиликтүү жамаат, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана айылдык аймактыи территориясында жайгашкан башка юридикалык жактар менен бирге аракеттешуусун уюштурат;
- айылдык кеңештин. анын органдарынын ишке байланыштуу аброюн. депутаттардын абийирин жана намысын коруу жана сактоо боюнча чараларды көрөт;
- айылдык кенештин карамагында болгон жайлардын, имаратгардын, жабдуулардын, транспорттун, аймактардын пайдалануусун көзөмөлдөйт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарды жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын берүү жөнүндө өтүнөт;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга ылайык башка маселелерди чечет.
5.2. Төраганын буйруктары айылдык кенештин токтому менен өзгөртүлүшу, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
6-бөлүм. Айылдык кенештин торагасынын орун басары
6.1. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары айылдык кенештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин шайланат.
6.2. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- депутат (өзүн өзү көрсөткөн, же талапкер катары башка депутатты көрсөтүу);
- саны эки депутаттан кем эмес депутатгар тобу;
Ар бир депутат же депутаттар тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
6.3. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына талапкерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка процедуралык маселелери айылдык кенештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
6.4. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук негизде ишке ашырат.
7-бөлүм. Айылдык кенештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары:
- айылдык кенештин төрагасы белгилеген милдеттерди бөлүштурүлгөнүнө ылайык функцияларды аткарат;
- айылдык кенештин төрагасы жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда айылдык кенештин төрагасынын функцияларын аткарат, ошондой эле айылдык кенештин төрагасынын тапшырмасы менен айылдык кенештин сессиясын алып бара алат;
- айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыт берет, алардын бирге аракеттешүүсүн координациялайт;
- айылдык кенеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчилик кылат же ишмердүүлүгүн координациялайт:
- айылдык аймактык территориясында жайгашкан жергиликтүү жамаат жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты кармап турат;
- айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен биргеликте айылдык кенеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышына көзөмөлдү камсыздайт:
- ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктуу акттарда белгиленген башка функцияларды аткарат.
8-бөлүм
Айылдык кенештин төрагасынын жана айылдык кенештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу
8.1. Айылдык кенештин төрагасы жана анын орун басары өз ыйгарым укуктарын өздөрүнүн жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алардын өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтото алтышат.
8.2. Айылдык кенештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселе алардан жеке арыз түшкөндө, же депутаттардын жалпы санынын бери дегенде үчтөн биринин демилгеси боюнча айылдык кенештин сессиясында каралат.
8.3. Айылдык кенештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтом ачык добуш берүүдө айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчулук добушу менен кабыл алынат.
8.4. Эгерде айылдык кенештин төрагасынын жана анын орун басарынын өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотуу тууралуу арызын айылдык кенеш канааттандырбаса, анда мындай арызды берген жак өз кызматтык милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотууга укуктуу.
8.5. Өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кенештин төрагасы, төраганын орун басары айылдык кенештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен өз кызматтарынан чакыртып алынышы мүмкүн. Аларды чакыртып алуу тууралуу маселе айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен киргизилиши мүмкүн.
8.6. Айылдык кенештин төрагасын чакыртып алуу тууралуу чечим үчүн айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын бери дегенде үчтөн экисин алса, кабыл алынды деп эсептелет. Айылдык кенештин төрагасын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8.7. Эгерде айылдык кенештин төрагасынын орун басарын чакыртып алуу тууралуу чечим үчүн айылдык кенештин депутатгарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет. Айылдык кенештин төрагасынын орун басарын чакыртып алуу боюнча жашыруун добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
9-бөлүм. Айылдык кенештин катчысы
9.1. Айылдык кенештин катчысынын функцияларын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
9.2. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айылдык кенештин ишин уюштуруучулук камсыздоо боюнча иштерди кординациялайт, туруктуу, убактылуу комиссияларга. депутаттар тобуна жана айылдык кенештин депутаттарына жардам көрсөтөт.
9.3. Айылдык кенештин жана анын органдарынын ишин камсыздоо бөлүгүндө жооптуу катчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- материалдарды, айылдык кенештин токтомдорунун долбоорлорун, туруктуу, убактылуу комиссиялардын бүтүмдөрүн жана чечимдерин даярдоо боюнча иштерди уюштурууга;
- айылдык кенештин депутаттарына сессиянын чакырылышы, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жыйналыштары тууралуу, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, чакырылган адамдарды кабардар кылууга;
- айылдык кенештин сессияларынын протоколун жүргүзүүгө, кабыл алынган чечимдердин ишке ашыруу боюнча иштерди камсыздоого;
- айылдык кенештин сессияларынын токтомдорун бүткөн түргө келтирип, алардын жарыяланышын (күчүнө киришин), катталышын уюштуруп, айылдык кенештин депутаттарына, тиешелуу адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга жетишин камсыздоого;
- айылдык кенеш, туруктуу, убактылуу комиссиялар, депутаттар, депутаттык топтор кабыл алган чечимдер боюнча юридикалык талаптардын сакталышы үчүн укуктук жардам көрсөтүүгө;
- айылдык кенештин документациясынын, анын ичинде айылдык кеңеш, туруктуу. убактылуу комиссиялард, депутаттар жана депутаттык топтордун документациясынын сакталышын, систематизациясын жана тийиштуу абалда болушун камсыздоого;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга жана депутаттык топторго уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө;
- айылдык кенештин иш өндүрүшүн жүргүзүүгө, анын ичинде айылдык кенешке жарандардын даттануулары жана кайрылуулары менен иш алып барууга;
- башка ченемдик укуктук акттарга, айылдык кенештин ушул Регламентине ылайык жана айылдык кенештин жана айыл өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткарууга.
10-бөлүм. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары
10.1. Айылдык кенеш кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, айылдык аймактын территориясында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ушул чечимдерди аткарышына көзөмөл жүргүзүү үчүн туруктуу комиссияларды түзөт.
10.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кенештин структуралык бөлүмдөрү болуп эсептелет жана айылдык кеңештин токтому менен айылдык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлөт.
10.3. Туруктуу комиссиялардын тизмегин жана алардын сандык курамын айылдык кеңештин шайланган депутаттарынын сандык курамын эсепке алуу менен айылдык кеңеш аныктайт жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитет.
10.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кенештин депутаттарынан ____ кем эмес, _____ көп эмес болуш керек.
10.5. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен депутаттар тарабынан шайланат. Добуш берүү туруктуу комиссиялардын курамы боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кенештин токтому менен бүткөн түргө келтирилет.
10.6. Айылдык кенештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү тен укукка ээ. Туруктуу комиссиянын курамына айылдык кенештин төрагасы жана төраганын орун басары кире албайт.
10.7. Өз курамынын ичинен туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү алардын жалпы санынын көпчүлү добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык кенештин сессиясында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
10.8. Айылдык кенеш комиссиянын мүчөлөрү шайлаган төраганы бекитпей койгон учурда комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын төрагалыгына жаны талапкерди шайлоого жана бекитүүгө киргизүүгө укуктуу.
10.9. Комиссиянын төрагасы өз милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү өз чечими менен башка төраганы шайлай алат.
10.10. Туруктуу комиссиялар айылдык кенештин сессиясында отчет берет жана алардын алдында жооптуу. Ишинин кезектеги жылы аяктаганда туруктуу комиссия айылдык кенешке өз шин тууралуу жазуу түрүндө отчет тапшырат.
10.11. Айылдык кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчыльыкка жараша, жаны туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
10.12. Айылдык кенештин жаны туруктуу комиссияларын түзүү, мурда түзүлгөндөрдү кайра уюштуруу, же жоюп жиберүү маселеси боюнча чечим айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алышат.
10.13. Жаны комиссияларды түзүү, мурда түзүлгөндөрдү жоюу, же кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенештин тиешелүү токтому кабыл алынат.
10.14. Айылдык кеңештин депутаттарынын курамын эсепке алуу менен айылдык кеңеште тѳмѳнкγ маселелер боюнча туруктуу комиссиялар тγзγлѳ алат 3тѳн кем эмес 7ден кѳп эмес:
- бюджет, финансы, экономика жана өндүрүш тармактагы маселелери боюнча туруктуу комиссия;
- муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссия;
- социалдык маселелер: маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат боюнча туруктуу комиссия;
- депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссия.
11-белум. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
11.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өз компетенциясынын чегинде:
- айылдык аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоого жана алдын ала кароого катышат, аларды айылдык кенештин сессиясынын кароосуна тиешелүү бүтүм менен киргизет;
- айылдык аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча маселелери боюнча айылдык кенештин сессиясынын кароосуна сунуштарды киргизет;
- жергиликтүү бюджетти, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, жергиликтүү бюджеттин долбоорунун тиешелүү бөлүктөрү боюнча бүтүмдөрүн жана сунуштарын берет;
- өз карамагындагы маселелер боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт;
- өз ишин уюштуруу маселелерин чечет;
- айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттыи Уставындагы жоболордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- айылдык кенештин төрагасына каралып жаткан маселени талкуу үчүн башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунуш киргизет;
- башка комиссия карап жаткан маселе боюнча өз пикирин берет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
11.2. Туруктуу комиссиялар төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз ишине окумуштууларды, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башкаларды тартуута;
- алардын карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, айылдык аймактын территориясында жайгашкан, менчик формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга;
- каралып жаткан маселелерди даярдоо үчүн айылдык кенештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, айыл өкмөт аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, көз карандысыз эксперттердин жана окумуштуулардын ичинен жумушчу топ түзүү тууралуу сунушту киргизүүгө;
- мамлекеттик жана коомдук органдардан жана уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан, жоопттуу адамдардан өз иши үчүн зарыл материалдарды жана документтерди суроого. Алар комиссияга бул материалдарды жана документтерди бир айдан кеч эмес убакыттта берүүгө милдеттүү;
- башка туруктуу комиссиялар менен биргелешкен жыйналыштарды өткөрүүгө;
- өз карамагындагы маселелер боюнча коомдук (бюджеттик) угууларды өткөрүүгө. Бул угууларга жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана башка жооптуу адамдар, эксперттер, коомдук органдардын жана уюмдардын өкүлдөру, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, уюмдардын, мекемелердин, ишканалардын жетекчилери жана башка кызыкдар адамдар чакырылса болот.
11.3. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын айылдык аймактын территориясында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдуу-чарбачылык ишине кийлигишүүгө укугу жок.
12-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары
12.1. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат. Туруктуу комиссиянын иши мыйзамдуулуктун, коллегиялуулуктун, тен салмактуулуктун, маселелерди эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
12.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди жана тыянактарды кабыла алат.
12.3. Туруктуу комиссияларды жыйналыштары коомчулук үчун ачык, бардык кызыкдар тараптар туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга кирсе туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жыйналышын жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алса болот.
12.5. Комиссиянын төрагасы жыйналышты өткөрүү датасы жана анда каралчу маселелер тууралуу эки күндөн кеч эмес убакытта комиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кенештин төрагасына жана анын орун басарына кабар берет, ошондой эле жарандарга. чакырыла турган адамдарга алдын ала кабар берүү боюнча чараларды көрөт.
12.6. Комиссиянын жыйналышына комиссиянын курамынын жарымдан ашыгы катышса, ал укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышын өз демилгеси менен да айылдык кенештин төрагасынын жана анын орун басарынын, комиссия мүчөлөрүнүн бери дегенде үчтөн биринин талабы менен да чакырылат.
12.8. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар, ошондой эле айылдык кенештин төрагасы жана анын орун басары, айыл өкмөт башчысы катышууга укуктуу. Алар талкууланып жаткан маселе боюнча өз пикирин билдире алат.
12.9. Комиссиянын чечимдерине жана бүтүмдөрүнө төрага кол коёт, ал жок болгон учурда ага жыйналышка катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт.
13-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналыштары
13.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына киргизилген маселелер комиссиянын демилгеси боюнча, ошондой эле айылдык кенештин тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргелешип даярдала алат жана каралса болот.
13.2. Бир нече комиссиянын карамагына киргизилген маселелерди изилдөо жана карап чыгуу биргелешкен жыйналыштарда ишке ашат.
13.3. Эгерде биргелешкен жыйналышка ар бир комиссиянын курамынан жарымынан көбү катышса, ал укуктуу болуп эсептелет. Комиссиялардын биргелешкен жыйынын ушул комиссиялардын төрагалары өз ара макулдашуу боюнча алып барышат.
13.4. Биргелешкен жыйындарда каралчу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүктүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары кол коёт.
14-бөлүм. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
14.1. Комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын дарегине тушкөн документтер тууралуу комиссиянын мүчөлөрүнө кабар берет:
- комиссиянын мүчөлөру менен биргеликте иш планын жана комиссиянын жыйналышынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйналышын чакырат жана зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- комиссиянын чечими боюнча комиссиянын мучөлөрүнө тапшырма берет;
- комиссия мүчөлөрүн комиссиянын ишине байланышкан материалдар жана документгер менен тааныштырат;
- комиссия мүчөлөрүно убактылуу жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууну сунуштайт;
- туруктуу комиссиянын жыйналыштарына катышууга жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана окумуштууларды туруктуу комиссиянын катчысы аркылуу чакырат;
- комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат; комиссиянын жыйналыштардын протоколун комиссиянын катчысы жүргүзөт;
- айылдык кенештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышты кармап турат, комиссиянын жыйналыштарында каралган маселелер, ошондой эле комиссиянын чечимдерин жана сунуштамаларын ишке ашыруу үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу аларга маалымат берет,
- комиссиянын чечимдерин аткаруу боюнча иштерди уюштурат, комиссия мүчөлөрүн
аткарылган чечимдер жана алардын сунуштамаларын карап чыгуу тууралуу маалымдайт;
- жыл сайын комиссиянын иши тууралуу айылдык кенештин сессиясында отчет берип турат.
14.2. Комиссиянын төрагасы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия мүчөлөру менен алдын ала макулдашылбаган маселелер боюнча комиссиянын атынан чыгууга укугу жок.
15-бөлүм. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
15.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароо үчүн сунуш киргизүүгө;
- комиссиянын жыйналышындагы күн тартиби, талкууланып жаткан маеелелердик манызы жана аларды кароонун тартиби боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө;
- комиссиянын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча кызматтык жактардын маалыматын угуу зарылдыгы тууралуу сунуш киргизүүгө;
- комиссиянын чечимдеринин, бүтүмдөрүнүн долбоорлоруна сунуштарды жана эскертүүлөрдө киргизүүгө;
- өз сунуштарына жүйө келтирүүгө, маалымат берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына киргизилген маселелер боюнча маалымат алууга.
15.2. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү милдеттүү:
- ушул Регламенттин жоболорун кармануута;
- өзү мүчө болгон туруктуу комиссиянын бардык жыйналыштарына катышууга. Комиссиянын жыйналышына жүйөлүү себеп менен катыша албай калганда комиссиянын төрагасын бул тууралуу кабардар кылып коюуга;
- өзү кабыл алган чечимдерди ишке ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
15.3. Комиссия караган бардык маселелерди чечүүгө активдуу катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлүп, зарыл болгон материалдар берилет.
15.4. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын тапшырмасы боюнча өз карамагына кирген маселелерди жеринде изилдеп, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга жеткиришет.
15.5. Сунушу комиссияда колдоо таппаган комиссиянын мучөсү бул маселени айылдык кенештин сессиясына талкууга жазуу же оозеки турундө алып чыкса болот.
16-бөлүм. Убактылуу комиссиялар
16.1. Зарыл болгон учурда айылдык кенеш убактылуу комиссияларды түзө алат.
16.2. Убактылуу комиссиялар айылдык кенештин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, депутаттык топтордун жетекчилеринин сунушу боюнча, ошондой эле айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча түзүлөт.
16.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөнкүлөр менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлө турган белгилүү бир мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечсин деп түзүлгөн белгилүү бир маселе менен.
16.4. Убактылуу комиссиянын түзүлүшү айылдык кенештин токтому менен бүткөн түргө келтирилет. Анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана персоналдык курамы;
- убактылуу комиссиянын төрагасы;
- убактылуу комиссия чечиш үчүн түзүлүп жаткан тапшырма:
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү.
16.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык кенештин депутаттары өз санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алышат. Добуш берүү убактылуу комиссиянын курамы боюнча жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн натыйжалары алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кенештин токтому менен бүткөн абалга келтирилет.
16.6. Өз курамынын ичинен убактылуу комиссиянын мучөлөру алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
16.7. Өз ишинин жыйынтыгы боюнча убактылуу комиссия өзү түзүлгөн маселенин өзүгү боюнча айылдык кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссия мүчөлөрү аны айылдык кеңештин сессиясында айтууга укуктуу.
16.8. Убактылуу комиссия оз ишин төмөнкү учурларда токтотот:
- ал тузүлгөн мезгил аяктаганына байланыштуу;
- ал чечүү үчүн тузүлгөн маселе чечилген учурда;
- айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
16.9. Зарыл болгон учурда убактылуу комиссиянын ишине адистер, эксперттер, демилгелүү топтор жана башка кызыкдар адамдар тартылса болот.
16.10. Каралып жаткан маселелер боюнча убактылуу комиссия өз мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечимдерди, сунуштарды жана бүтүмдөрдү кабыл алат.
16.11. Бардык мүчөлөрү тең укукка ээ.
16.12. Убактылуу комиссиянын жыйналышын өткөрүү тартиби туруктуу комиссия үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
17-бөлүм. Депутаттык топтор
17.1. Депутаттык топтор – айылдык кеңеш караган маселелер боюнча биргелешкен иш жана бирдиктүү турумду билдирүү үчүн таламдардын бирдейлигинин негизинде айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча түзүлгөн, ошондой эле шайлоо округдарында депутаттык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш жүргүзүү үчүн үч депутаттан кем турбаган ыктярдуу бириме.
17.2. Депутаттык топ анын курамына кирүү ниетин билдирген депутаттардын чогулушунун чечими боюнча айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ичинде каалаган убакытта тузүлсө болот.
17.3. Депутаттык топтун тузүлүшү уюштуруучулук чогулуштун протоколу менен бүткөн түргө келтирилет. Протоколдо депутаттык топтун максаттары жана тапшырмалары тууралуу маалымат, анын расмий аталышы, тизмедеги курамы, депутаттык топтун атынан чыгууга жана айылдык кеңештин сессияларында анын таламын талашууга ыйгарым укуктуу жетекчинин аты-жөнү көрсөтүлөт.
17.4. Топтун жетекчисинин бергени боюнча депутаттык топ айылдык кеңеште катталат.
17.5. Депутаттык топту каттоо айылдык кеңештин токтому менен негизде ишке ашырылат:
- депутаттык топту түзүү тууралуу депутаттык топтун жетекчисинин жазуу түрүндөгү кабарламасынын;
- депутаттык топтун уюштуруучулук чогулушунун протоколу;
- депутаттык топко кирүү тууралуу депутаттардын кат жүзүндөгү арыздары.
17.6. Айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды топ катталганы тууралуу маалымдайт, катталган депутаттык топтун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт жана алардын иши тууралуу маалыматтарды уга алат.
18-бөлүм. Депутаттык топтун иши жана алардын ишин токтоту үчүн негиз
18.1. Депутаттык топтун ички ишин алар өз алдынча уюштурат жана ал ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук акттарга карама-каршы келбеш керек.
18.2. Депутат бир гана депутаттык топто болууга укуктуу.
18.3. Депутаттык топ түзүлүп жатканда ага кирбей калган депутат кат жүзүндө арыз жазып, ошонун негизинде депутаттык топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими боюнча анын курамына кирүүгө укуктуу.
18.4. Депутаттык топтор оз чечимдери тууралуу айылдык кеңешке маалымат берүүгө укуктуу.
18.5. Депутаттык топтун курамына кирген депутаттар депутаттык топтун жетекчисин шайлашат.
18.6. Депутаттык топтун иши төмөнкү негиздер боюнча токтотулат:
- айылдык кенештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- депугаттык топ түзүлгөн мөөнөт сонуна чыкканда;
- депутаттык топтун оз ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алганда;
- андан айрым депутаттар чыгып кеткенде, эгерде анын курамы үч депутаттан аз болуп калганда.
18.7. Депугаттык топ төмөнкүлөргө укуктуу:
- айылдык кенеш караган маселелер боюнча өз турумун билдирүүгө;
- башка депутаттык топтор менен биригүүгө;
- айылдык кенештин депутаттарынын учтөн бири колдогон учурда айылдык кенештин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу айылдык кенештин төрагасына сунуш киргизүүгө:
- депутатгык топтун жетекчисин делегат катары жиберүүгө, же болбосо өкүлүн депугаттык топтун атынан арыз, доклад, кош доклад, маалымат жана сунуштар менен чыгарууга;
- депутаттык топтун жыйналышына кызыкдар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кенешүүгө;
- айылдык кенештин кшинин жылдык планы боюнча сунуш киргизүүгө;
- депутатгык топтун мүчөлөрүнүн талапкерлигин айылдык кенештин төрагасынын, анын орун басарынын, айыл өкмөт башчысынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагасынын кызматына, ошондой эле туруктуу жана убактылуу комиссиялардын курамына сунуштоого;
- депутатгык топтун мучөлөрүн делегациялардын курамына кошуу боюнча сунуш киргизүүтө;
- айрым бир маселелерди изилдөө боюнча убактылуу, жумушчу комиссияларды түзүү тууралуу сунуштарды киргизүутө;
- тиги же бул маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүү тууралуу сунуштарды киргизүүтө;
- айылдык кенештин сессиясынын протоколдоруна киргизүү үчүн бардык эле талкууланган маселелер боюнча депутаттык топтун өзгөчө пикирин берүүгө;
- шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана белгиленген маселелерди чечүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө.
II БӨЛУК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
19-бөлүм. Айылдык кенештин сессиясына даярдык көрүүнүн
жана өткөрүүнүн тартиби
19.1. Айылдык кенештин сессиясы айылдык кенештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет, ал маселелерди жамааттык талкуулоо жана алардын чечимдери боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыздайт.
19.2. Айылдык кенештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышкан учурда укуктуу.
Айыл өкмөт башчысын шайлоодо айылдык кенештин сессиясы айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын учтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу.
19.3. Депутаттарды каттоо башталгандан 15 мүнөттүн ичинде кворум чогулбаган учурда төрагалык кылган 30 мүнөткө тыныгуу жарыялайт.
19.4. Эгерде 30 мүнөттун ичинде кворум чогулбаса, сессия өтпөй калды деп табылат.
19.5. Айылдык кенештин сессиясын айылдык кенештин төрагасы чакырат:
- өз демилгеси менен;
- айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин
демилгеси боюнча; ,
- акимдин сунушу боюнча.
19.6. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылган айылдык кеңештин сессиясынан тышкары кезексиз сессиялар өткөрүлсл болот.
19.7. Айылдык кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Сессияга айыл өкмөт башчысы, анын орун басары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, каралып жаткан маселелер боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле айылдык кеңештин Регламенине ылайык бардык кызыкдар жактар катышууга укуктуу.
Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сыр болуп эсептелсе, айылдык кеңеш өз сессиясын жабык өткөрүү тууралуу чечим кабыл алса болот.
19.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу маалымат сессия башталганга чейин 3 жумушчу күндөн кем эмес убакытта калкка жеткирилет.
19.9. Сессияда мыйзам жана ушул Регламент менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин карамагына киргизилген маселелер чечилет.
19.10. Айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясына катышкандардын саны табелдик каттоонун натыйжасы менен аныкталат. Депутаттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында башталат жана каттоонун убактысы көрсөтүлүп, ал аяктаганга чейин уланат. Депутаттардын табелдик каттоо барактары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында сакталат. Депутат оз каттоосун жокко чыгарууга укугу жок.
19.11. Сессияда катталган депутаттардын тизмеси сессияга төрагалык кылганга тапшырылат.
19.12. Депутаттын айылдык кеңештин сессиясына катыша албай калганынын жүйөлүү себептери – ооруганын тастыктаган документ, иш сапары, өргүүгө чыкканы жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башка себептер боло алат.
Мындай учурда депутат төраганын атына кат жүзүндө арыз жазып, анда сессияга жүйөлүү себептер менен катышууга мүмкүн болбогонун түшүндүрөт.
19.13. Айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен жүйөлүү себептерсиз катары менен тѳрт сессияга катышпаган депутаттарга карата айылдык кеңеш аларды депутаттык ыйгарым укуктардан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алат.
19.14. Арыздар жана кайрылуулар күн тартибиндеги “башкалар” маселесинин алкагында каралат. Айылдык кеңештин сессиясынын же жыйналышка төрагалык кылгандын чечими менен күн тартибиндеги “башкалар” маселесинин алкагына арыздар, маалыматтар, кайрылуулар жана протоколдук чечимдер үчүн 30 мүнөткө чейин убакыт бөлүнөт.
19.15. Күн тартибиндеги кезектеги маселени кароого өтүү же мурдагылардын, бирок сонуна чыкпай калгандардын бирине кайрылуу, ошондой эле маселелерди кароонун кезегин өзгөртүү сессияга төрагалык кылган тарабынан ишке ашырылат.
20-бөлүм. Айылдык кеңештин кезексиз сессиялары
20.1. Чукул маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы оз демилгеси менен, же айыл өкмөт башчысынын, акимдин, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
20.2. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу сунуш кат жүзүндө берилет, анда кезексиз сессияны чакыруу сунущталып, аны чакыруунун зарылчылыгы тууралуу кыскача жүйө келтирилет.
20.3. Кезексиз сессиялар сунуш түшкөн күндөн беш күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
20.4. Айылдык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессияны жылдыруу, же кезексиз сессия чакыруу тууралуу кабарландыруусу чечим кабыл алынган убакыттан тарта 1 күндүн ичинде жүргүзүлөт.
20.5. Чукул кырдаалдар пайда болгон учурда айылдык кеңештин төрагасы мөөнөттөрдү жана депутаттарды кабардар кылуу тартибин милдеттүү карманбастан кезексиз сессия чакырууга укуктуу.
20.6. Күн тартибинин долбоору жана кезексиз сессияда каралчу маселелер үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга жана чакырылган адамдарга айылдык кеңештин кезексиз сессиясына чейин эки күндөн кеч эмес убакытта, калган башка катышуучуларга кезексиз сессия башталаар алдында таратылат.
21-бөлүм. Айылдык кеңештин сессиясынын иш убактысы
21.1. Айылдык кенештин сессиясынын иш убактысы бекитилген күн тартибиндеги маселелерди карап бүткөнгө чейин болот. Иштин ар бир саатынан кийин 10 мүнөткө тыныгуу жарыяланып турат. Түштөнуүүгө тыныгуу 1 саат.
21.1. Айылдык кенештин сессиясынын чечими боюнча сессиянын иши өзгөртүлө алат, же сессияда каралып жаткан маселелерге жараша узартыла алат.
22-бөлүм. Сессиянын кун тартиби
22.1. Айылдык кенештин сессиясынын кун тартибинин долбоору сессияда каралат деп болжолдонгон маселелердин тизмегинен турат. Анда аларды кароонун, ар бир маселе боюнча доклад жасоочулардын (кош баяндамачыларды) кезеги көрсөтүлөт.
22.2. Кезектеги сессиянын кун тартибинин долбоорун айылдык кенештин төрагасы айылдык кенештин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчынын иш планынын негизинде жыйналышка 5 күн калганга чейин жана айылдык кенештин кезексиз сессиясына 2 күн калганга чейин түзүлөт.
22.3. Сессиянын кγн тартибинин долбооруна маселелерди тѳрага айылдык кеңештин туруктуу/убактылуу комиссиялардын тѳрагалары менен алдын ала талкуулагандан кийин киргизет.
Токтомдордун долбоорлору сессиянын кγн тартибинин долбооруна аларды айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары алдан ала карап чыккандан кийин киргизилет.
22.4. Сессия ѳтчγ кγнγ жана жери кѳрсѳтγлгѳн тѳрага тγзгѳн сессиянын кγн тартибинин долбоору, токтомдордун долбоорлору жана жыйналыштын кароосуна киргизиле турган башка документтер менен материалдар депутаттарга, чакырылгандарга сессия башталганга чейин 2 кγн мурда жолдонот жана айыл ѳкмѳтγнγн маалымат тактасында бир жолу жайгаштырылат..
22.5. Кызыкдар адамдарга айылдык кенештин сессиясынын күн тартибинин долбоору жалпы көрө турган жерге жайгаштырылып, ал башталаар алдында таратылат.
22.6. Сессиянын күн тартибинин долбоорун аны негиз катары кабыл алуу үчүн жыйналыштын төрагасы добушка коёт.
22.7. Сессияда негиз катары кабыл атынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе болот.
22.8. Сессиянын негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна кошумча киргизүү тууралуу сунуш эгерде сунушталган маселе мурда айылдык кенештин туруктуу комиссиясында каралса, катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
22.9. Күн тартибине киргизилген маселени алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселени өзгөртүү (техникалык мүнөздөгү) чечими катышуучулардын санынын көпчүлүк добушу менен, айылдык кенештин туруктуу комиссия алдын ала карабастан кабыл алынат.
22.10. Жыйналыштын күн тартибинин долбоору ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим кабыл атынгандан кийин төрагалык кылып жаткан тарабынан сессиянын күн тартибин жаңысынан кабыл алуу үчүн добуш берүүгө коюлат. Сессиянын кун тартиби катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
22.11. Айылдык кенештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кенештин төрагасынын визасы болгон учурда таратылат.
23-бөлүм. Сессияга төрагалык кылуу
22.10. Айылдык кенештин сессиясына ага төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалыкты айылдык кенештин төрагасы ишке ашырат. Ал жокто сессияны төраганын орун басары алып барат.
22.11. Айылдык кенештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- айылдык кенештин сессиясын ачууга жана жабууга;
- ушул Регламент менен белгиленген тартипте маселелерди кароого катышууга;
- депутаттарга жана жооптуу адамдарга маатымат сурап кайрылууга;
- эгерде баяндамачы ушул Регламентти бузса, күн тартиби боюнча чыкпаса, абройго шек келтирген сөздөрдү колдонсо, сөз алуу укугунан ажыратууга;
- протоколдук чечимдерди кабыл алууда көпчүлүк добуш бергенине көзү жетсе, добуштарды бирден эсептебей коюуга:
- пландаштырылбаган дебаттарды токтоттуга;
- сессияда пайда болчу пикир келишпестиктерди четтетуу жана талаштарды чечуу максатында депутаттар, адистер менен кенешуулөрду уюштуруута;
- жыйналыш өтүп жаткан залда тартипти бузган учурда депутат болбогон адамды жыйындар залынан чыгарып жиберүү сунушун киргизүүгө;
- сессиянын журүшүн залда чукул кырдаал абалы түзүлгөн учурда, ошондой эле коомдук тартипти орой бузган учурда токтотуута.
23.3. Айылдык кенештин сессиясында төрагалык кылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламентти карманууга жана зны жыйналыштын бардык катышуучулары сакташын камсыздоого;
- сөз алгандардын убакытты кармануусун камсыздап, баяндамачыга берилген убакыт сонуна чыгып баратканы тууралуу өз убагында эскертүүгө;
- сессиянын күн тартибине ылайык түшкөн сунуштардын кезектүүлүгүнүн тартибине жараша сөз алуу мүмкүнчулүгүн берүүгө;
- сессиянын күн тартибинде камтылган маселелерди добуш берүүгө коюуга;
- депутаттардын сунушун алардын түшкөн кезектүүлүгү тартибинде добуш берүүгө коюуга;
- добуш берүүнү уюштурууга жана добуштарды саноого, добуш берүүнүн натыйжаларын жарыялоого;
- депутаттардын кат жүзүндөгү суроолорун жана кайрылууларын ачыктоого, сурап билүүлөр, алар боюнча суроо узатып. жооп алуу, маалыматтар, арыздар, жарандардын кайрылуулары, жарыялар, ошондой эле жыйналышты алып баруу боюнча эскертүүлөр үчүн сөз берүүгө, ошондой эле айылдык кенештин токтомунун долбоорлору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүүгө, добуш берүүнүн себептери боюнча сөз алуучуларга:
- сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, сессиянын протоколуна жана айылдык кенештин токтомдоруна кол коюуга:
- сессиянын катышуучуларына сый-урмат менен мамиле жасоого, жеке эскертүүлөрдөн жана сессиянын катышуучуларынын сөздөрүнө баа, комментарий берүүдөн оолак болууга;
- сессияны өткөрүүнүн жол-жоболору жана эрежелери боюнча маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү көңүлгө алуута;
- ар биринин аты аталган добуш берүүгө чыгарылып жаткан суроолорго редакцияны сунуштоого жана мындай добуш берүүдө бланктардын туура толтурулушуна көз салууга.
- эгерде каралып жаткан маселе боюнча өзү баяндамачы болсо жана айылдык кенеш аны айылдык кенештин төрагасы кызматынан бошотуу тууралуу маселени карап жатса, сессияны алып барууну орун басарына өткөрүп берүүгө.
24-бөлүм. Айылдык кенештин сессиясында депутаттын укуктары жана милдеттери
24.1. Айылдык кенештин депутаты төмөнкүлөргө укуктуу:
- айылдык кенештин органына шайлоого жана шайланууга;
- айылдык кенештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуштоого;
- айылдык кенештин жана анын органдарынын жыйналыштарынын күн тартиби, талкууланган маселелерди жана алардын маңызын кароо тартиби боюнча сунуштамаларды жана эскертүүлөрдү киргизүүгө;
- чечимдердин долбоорлорун, башка жергиликтүү кенештер жана алардын органдары кабыл алган документтерди, аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн киргизүүгө;
- түзүлүп жаткан айылдык кенештин органдарынын персоналдык курамы жана айылдык кенештер шайлаган, дайындаган же бекиткен жооптуу адамдардын талапкерлери боюнча пикирин билдирүүтө;
- түзүлүп жаткан айылдык кенештердин органдарына, алардын курамына кирип жаткан адамдарга, ошондой эле айылдык кенеш тарабынан шайланган, дайындалган же бекитилген адамдарга ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени коюуга;
- дебаттарга катышууга, суроолор менен кайрылууга, баяндамачыларга, кош баяндамачыларга, сессияга төрагалык кылуучуга суроо узатууга;
- айылдык кенештин сессиясында айылдык кенеш алдында жооптуу же анын көзөмөлүндөгү каалаган органдын же жооптуу адамдын, ошондой эле айылдык кенештин, айылдык аймактын территориясында иш алып барган башка органдардын жана жооптуу адамдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча отчетун же маалыматын угуу тууралуу сунуш киргизүүгө:
- өз чечимдерин жана шайлоодо добуш бергени боюнча жүйөлөрү менен чыгууга, маалымат берүүгө:
- айылдык кенештин сессиясында, анын органдарынын жыйналыштарында айылдык кенеш белгилеген тартипте эгерде коомдук мааниге ээ болсо, кайрылуулардын, билдирүулөрдүн, резолюциялардын, жарандардын же алардын бирикмелеринин петинияларын угузууга:
- ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Регламент берген башка укуктарын пайдаланууга.
24.2. Айылдык кенештин депутаты сессияда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессия башталаар алдында табелдик каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга:
- Регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияда төрагалык кылгандын укуктуулук талаптарын сактоого:
- колун көтөрүү жолу менен сөз алууга уруксат алууга:
- сессияда төрагалык кылгандын уруксаты менен гана чыгууга:
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- сөз алууда жана суроону түзүүдө баяндамачыдан (кош докладчы) жана сессияга төрагалык кылгандан башка залда отургандарга жеке кайрылбоого:
- залда отургандардын намысына жана абийирине доо кетире турган орой, кордогон сүйлөмдөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге үндөбөөгө, жалган маалымат бербөөгө, сессиянын катышуучуларына жана алардын айткандарына баа бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине жүйөсүз айып сөздөрдү айтпоого:
- төрагалык кылуучу уруксат бербесе, сессиядагы жумушчу ордун таштап кетпөөгө.
24.3. Өз милдеттерин аткарбаганы үчүн депутаттар ушул Регламенттин жоболоруна ылайык жоопкерчиликке тартылат.
24.4. Айылдык кенештин депутаты ал үчүн кызыкдар болгон, мисалы, ага, анын жубайына, балдарына, бир туугандарына материалдык пайда бериши мүмкүн маселе каралып жаткан (айыл өкмөт башчысын шайлоого тиешелүү маселеден тышкары) кенештин сессияларына катышпайт жана добуш бере албайт.
24.5. Айылдык кенештин депутаттары айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бирин төмөнкү маселелерди көтөрүп чыгууга түртүүгө укуктуу:
- айылдык кенештин төрагасын, кенештин төрагасынын орун басарын алар өз милдеттерин аткарбаган же тиешелүү денгээлде аткара албаган учурда мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- кезексиз тартипте айылдык кенештин сессиясын чакыруу;
- мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
24.6. Айылдык кенештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана төрагалык кылуучуга кат түрүндө берилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү айылдык кенеш же анын тапшырмасы менен айылдык кенештин комиссиялары карайт же тиешелүү органдарга жана жооптуу адамдарга кароого жиберишет. Алар бул сунуштарды жана эскертүүлөрдү эгерде башка мөөнөт жергиликтүү кенеш тарабынан белгиленбесе, бир айдан кеч эмес мөөнөттө карап чыгууга жана карап чыккандын натыйжалары тууралуу сунуштарды жана эскертүүлөрдү берген депутаттарга, ошондой эле айылдык кенештин төрагасына түздөн-туз кабарлаш керек.
24.7. Сессияларда, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындарында делутаттар маал-маалы менен айылдык кенеш кабыл алган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү, депутаттар киргизген, шайлоочулар табыштаган сунуштардын жана эскертүүлөрдүн ишке ашышы, ошондой эле айылдык кенештин жана анын органдарынын ишинин башка маанилүү маселелери боюнча маалымат алып турушат.
25-бөлүм
Айылдык кенештин сессияларына, комиссиялардын жыйналыштарына айылдык кенештин депутаты болбогои адамдардын катышуусунун тартиби
25.1. Айыл өкмөт башчысы. жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, алардын орун басарлары, ошондой эле айылдык аймактын территориясында ишин жүргүзгөн башка жооптуу адамдар айылдык кенештин ачык сессияларына жана алардын органдарынын ачык жыйналыштарына атайык уруксатсыз эле катышууга укуктуу.
25.2. Айылдык кенештин жана анын органдарынын ачык сессияларына жергиликтүү жамааттын мүчөлөру жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.
25.3. Айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлери алардын карамагындагы маселелерди айылдык кенеш карап жатканда айылдык кенештин төрагасы менен алдын ала макулдашпастан эле ачык жыйналыштарга катышууга укуктуу.
25.4. Айылдык кенештин төрагасы айылдык кенештин сессиясынын ачылышы алдында катышуучуларга сессияда депутат болбогон адамдар отурганын кабарлайт.
25.5. Сессияларга, комиссиялардын жыйналыштарына катышып жаткандарга жыйналыш өтүп жаткан залда өзүнчө орундар берилет. Эгерде сессиялар, комиссиялардын жыйналыштары өтүп жаткан залда айылдык кенештин сессияларына, комиссиянын жыйналыштарына катышууну каалаган бардык адамдар (жергиликтүү жамааттын мүчөлорү) батпай баратса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы менен айылдык кенештин сессиясына катышуу үчүн ошол адамдардын өкүлдорү киргизилсе болот. Өкүлдөр (бир же эки) бир көчөдөн, кварталдан, райондон, айылдан, уюмдан ж.б. болуп тандалат.
26-бөлум. Айылдык кенештин сессиясына катышуунун дисциплинасы жана этнкасы
26.1. Айылдык кенештин сессиясында сөз алган адамдар жүрүм-турум этикасын сактоого милдеттүү, алар өз сөзүндо орой, кордогон сүйлөмдөрдү колдонбош керек, мыйзамсыз аракеттерге үндөбөш керек жана кимдир бирөөнүн дарегине жүйөсүз айыптарды койбош керек.
Эгерде ушул жоболор бузулган учурда төрагалык кылуучу алардын сөзүн эскертүүсүз токтотуп, талкууланып жаткан маселе боюнча кайра чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырата алат.
26.2. Талкуу темасынан четтеген учурда сессияга төрагалык кылуучу сөз алганга эскертүү берет. Дагы бир жолу эскертүү берилгенден кийин сөз алган сүйлөө укугунан ажыратылышы
мүмкүн.
26.3. Айылдык кенештин сессиясы учурунда депутаттар сөз алгандарга жана катышуучуларга сөзүн айтууга же аны кабыл алууга тоскоол боло тургандай өз аракеттери менен тоскоолдук жаратпашы керек (кыйкырып, кол чаап, тура калып, комментарийлеп ж.б)
26.4. Сессияга чакырылгандар жана анын катышуучулары айылдык кенештин жана анын органдарынын ишине сессияга, жыйналыштарга төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигишүүтө укугу жок (сөз сүйлөөго, билдирүү жасоого, өз пикирин билдирүүтө. комментарийлөөгө).
26.5. Айылдык кенештин сессиясы учурунда залдагы катышуучулардын баары уюк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга милдеттүү.
26.6. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузуп жатса, төрагалык кылуучу ага жекече кайрылып, аны тартипке чакырат.
26.7. Айылдык кенештин сессиясына катары менен төрт жолу эч жүйөлүү себепсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу, убактылуу комиссиялардын ишине, айылдык кенештин иш-чараларына катышпаган, шайлоочуларга отчет бербеген депутат тууралуу маалымат айылдык кенештнн сессиясында ачыкталат жана бул маалымат этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга тиешелуу чараларды көрүү үчүн берилет.
26.8. Депутат төмөнкүлөрдү жасабаш керек:
- жашыруун маалыматты саясий конъюнктура же жеке пайда табуу үчүн ачпаш керек;
- айылдык кенештин, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жабык сессияларында ага белгилүү болгон маатыматтарды, ошондой эле депутатка жашыруун сыр катары айткан шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тиешелүү маалыматты жарыялабаш керек;
- өз сөзүндө чечими мыйзамдык күчкө ээ боло элек кылмыш жана жарандык иштерден фактылар тууралуу айтпаш керек:
- айылдык кенештнн мүлкүн жеке максаттарга колдонбош керек:
- физикалык жана юридикалык жактардан депутаттык милдеттерин аткарышына байланыштуу аракеттер же аракетсиздик үчүн белектерди, акча каражатын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл албаш керек.
III БӨЛҮК. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕЧИМДЕРИН ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
27-бөлүм. Айылдык кенештин сессияларында маселелерди кароонун жол-жоболору
27.1. Сессияда маселелерди кароонун жол-жобосуна төмөнкулөр кирет:
- негизги баяндамачы-демилгечинин доклады:
- баяндамачыга суроолор жана аларга жооп:
- жооптуу туруктуу комиссиянын же убактылуу комиссиянын өкулүнүн кош доклады;
- кош баяндамачыга суроолор жана аларга жооптор:
- жарыш сөз (талкуу):
- негизги баяндамачынын жана кош баяндамачынын жыйынтыктоочу сөз менен чыгышы;
- добуш берүүнүн себеби боюнча сөз сүйлөөлөр;
- токтомдун долбоорун "негиз катары" кабыл алуу үчүн добуш берүү;
- эгерде ал негиз катары кабыл алынса, токтомдун долбоорунун тексти же анын тиркемелери боюнча сунуштарды жана эскертүүлөрдү киргизүү:
- - токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
27.2. Айылдык кенеш төрагалык кылуучунун, туруктуу, убактылуу комиссиялардын төрагаларынын, же депутаттардын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча маселени кыскартылган жол-жобо боюнча кароо чечимин кабыл алса болот.
27.3. Жол-жоболорду кыскартуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- негизги баяндамачы-демилгечинин доклады;
- жооптуу комиссиянын өкүлүнүн кош доклады;
- ар бир депутаттан экиден суроо жана аларга жооптор;
- негизги баяндамачынын жыйынтыктоочу сөз менен чыгышы.
- добуш берүүнүн себеби боюнча сөз алуулар:
- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
28-бөлүм. Айылдык кенештнн сессиясында жол-жобо маселелери
28.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине тиешелүү төмөнкү маселелер кирет:
- сессияга тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же ишин узартуу тууралуу;
- добуш берүүнун ыкмасынын өзгөрүшү тууралуу:
- сөз алуучулардьш кезегиннн өзгөрүшү тууралуу;
- кошумча табелдик каттоо жүргүзүү тууралуу;
- кворумду жана добуштарды, кайра саноону тастыктоо тууралуу;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөзду жылдыруу же токтотуу тууралуу:
- маселени туруктуу комиссиянын же убактылуу комиссиянын кароосуна өткөрүү тууралуу:
- сөз алуучулардын убактысын чектөө же узартуу тууралуу:
- күн тартибиндеги башка маселелери тууралуу;
- сессияда маселелерди кароонун жана толуктоонун кезеги тууралуу;
- добуш берүүнү уюштуруу туурауу;
- маселени кароону кийнки сессияга которуу тууралуу;
- күн тартибиндеги маселенн талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө тууралуу;
- маселени күн тартибине киргизүү же алып таштоо тууралуу;
- суроолорго жооптор үчүн убакыттын узактыгы тууралуу;
- сөз сүйлөөлөрдүн жана суроолордун санына чектөө киргизүү тууралуу;
- суроолорго жана жоопторго убакытты чектөө же узарту тууралуу;
- каралып жаткан маселелер боюнча жыйналыштарга адамдарды чакыруу тууралуу;
- чакырылган адамларга сөз берүү тууралуу;
- күн тартибиндеги маселеге байланыштуу аны талкуулабастан эле добуш берүүгө өтүү тууралуу:
- добуштарды кайра саноо тууралуу:
- жол-жоболорго киргизилген башка маселелер.
28.2. Айылдык кенештин жол-жоболор тууралуу чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат жана токтом менен түзүлбөйт.
29-бөлүм. Сөз алуулардын түрлөрү жана алардын узактыгы
29.1. Сессияда сөз алуулардын төмөнкү түрлорү каралган:
- доклад:
- кош доклад;
- күн тартиби боюнча сөз алуу;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жыйынтыктоочу сөз;
- шайланчу кызматка талапкердин сөз алышы:
- талкууланган талапкерлик боюнча жарыш сөзгө чыгуу:
- добуш берүү себептери боюнча докладдар;
- жыйналышты алып баруунун тартиби боюнча сөздөр;
- сунуштама:
- маалымдама;
- билдирүү;
- кайрылуу:
- кайра чыгуу.
29.2. Докладдар үчүн убакыт 15 мүнөткө чейин, кош докладдар үчүн 10 мүнөткө чейин деп белгиленет. Сөз алуулардын башка түрлөрүнүн узактыгы төмөнкүдөй белгиленет:
- докладдарды жана кош докладдарды талкуулоо үчүн - 10 мүнөткө чейин;
- күн тартибин талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жыйынтыктоочу сөз үчүн - 3 мүнөткө чейин;
- шайланчу кызматка талапкердин сөз алуусу үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан талапкер боюнча каяша пикирге чыгуу үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- добуш берүүнүн себеби боюнча сөз алуу үчүн - 3 мүнөткө чейин;
- жыйналышты алып баруунун тартиби боюнча сөз алуу үчүн - 3 мүнөткө чейин;
- сунуштамалар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 3 мүнөткө чейин,
- кайра чыгуулар үчүн - 3 мүнөткө чейин.
29.3. Катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен төрагалык кылуучу сөз алуучуларды узактыгын 3 мүнөткө чейин узарта алат.
29.4. Бир эле маселе боюнча бир депутат эки жолудан ашык сүйлөй албайт.
29.5. Доклад, кош доклад, шайланчу кызматка талапкердин сөз алышы трибунадан ишке ашырылат, калган чыгуулар трибунадан же ордунан.
29.6. Депутат жыйналышта ага төрагалык кылуучу сөз берген учурда гана чыга алат.
29.7. Сөз берүү өтүнүчү төрагалык кылуучунун атына кат түрүндө, же оозеки берилсе болот.
29.8. Айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жана алардын орун басарлары каралып жаткан маселелер боюнча сөздү кезексиз алса болот.
29.9. Сессиянын алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн себептери, маалыма- суроолорго жооп, түшүндүрмө берүү үчүн сөздү сессияга төрагалык кылуучу кезексиз тартипте 1 мүнөткө чейин убакыт менен берет.
29.10. Сессияга төрагалык кылуучу сессиянын ишинде 30 мүнөткө чейин кезексиз тыныгуу жарыялай алат (добуш берүүсүз).
29.11. Башаламандык пайда болгондо жана аны токтотуу мүмкүн эмес учурда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессиянын ишин кайра баштаган учурда башаламандык кайрадан уланса, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого укуктуу.
30-бөлүм. Айылдык кенештпн сессиясында токтом долбоорун кароонун жана
аны кабыл алуунун тартиби
30.1. Сессияда токтом долбоорун кароодо анын негизги жоболору, аны кабыл алуунун зарылчылыгы тууралуу маселе талкууланып, токтом долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
30.2. Талкуулоо негизги баяндамачы-демилгечинин доклады жана айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын кош доклады менен башталат.
Эгерде маселени талкуулоо бири-бирине карама каршы келген тыянактарды же чечимдерди берген бир нече туруктуу комиссияларга тапшырылса, анда айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын тыянагы менен макул болбогон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын докладына да убакыт берилет.
30.3 Токтом долбоорун кароодо туруктуу комиссиялардын, айылдык кенештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, талкууга кзтышуу үчүн чакырылган башка адамдардын сунуштары жана эскертүүлөрү угулат.
30.4. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылган чыгашаларды караштырган токтомдордун долбоорлорун кароодо милдетүү тартипте айыл өкмөтүнүн финансы- кономикалык бөлүмүнүн жетекчисинин же райондук финансы башкармалыгынын жетекчисинин тыянагы угулат.
30.5 Сөз сүйлөөлөрдүн кезегин сессияга төрагалык кылуучу белгилейт. Сөз сүйлөөлөрдүн кезегин белгилөөдө артыкчылык төрагаларга же туруктуу комиссиялардын өкүлдөрүнө, айылдык кенештин сессиясына чакырылган эксперттерге, жазуу түрүндө тыянагын тапшырган депутаттарта берилет.
30.6. Кезексиз сөз сүйлөө укугуна айылык кенештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, мамлекеттик администрация башчысы жана алардын орун басарлары ээ.
30.7. Сессияга төрагалык кылуучу сөз алуулар күн тартибиндеги маселеге шайкеш келишине, сөз алуулардын узактыгынын сакталышына көз салат. Зарыл болгон учурда бул тууралуу сөз алганга эскертилет.
Төрагалык кылуучу сөз алуучуну тартипке келтирүүгө. же эгерде ал төрагалык кылуучунун көрсөтмөлөрүнө көңүл бурбастан өз сөзүндө кордогон сөздөрдү колдонуп жатса, аны сүйлөө укугунан ажыратууга укуктуу.
30.8. Талкуунун иатыйжасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтомдун долбоорун кабыл aлyуну кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу
30.9. Toктомдун долбоору негиз катары кабыл алынганга чейин (анын ичинде жарыш
сөздүн жүрүшүндө депутаттар, же болбосо аны кабыл алуу демилгесин көтөрүп чыккандар токтом долбоорун жазуу же оозеки түрдогү арыз менен (добуш берүү жолу менен) чакыртып алууга укуктуу. Мыидай учурда жарыш сөз токтотулат.
30.10. Жарыш сөз аяктагандан кийин баяндамачы жана кош баяндамачы жыйынтыктоочу сөз менен чыгуута укуктуу. Андан соң токтом долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу маселе добуш берүүгө коюлат.
30.11. Сессияга төрагалык кылуучу гоктомдун жана анын тиркемелеринин тексти боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт.
30.12. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен карап чыгууда жазуу жана оозеки түрдө түшкөн бардык сунуштар угулат, алар талкууланат жана добуш берүүгө коюлат.
30.13. Төрагалык кылуучу добуш берүүгө биринчи кезекте туруктуу комиссиялардын сунушун коёт. Эгерде айылдык кенештин сессиясы сунуштардын бирин да колдобосо, пункт четке кагылды деп эсептелет.
30.14. Токтомдун .долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча добуш берүү жүрүп, андан соң киргизилген сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен сессия токтомду жалпысынан, ошондой эле туруктуу комиссиянын тыянагын да кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алат.
30.15. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелет. Четке кагылган токтомдун долбоорун айылдык кенеш 3 айдан эрте эмес мөөнөттө кайрадан карай алат.
31-бөлүм. Жарыш сөз (талкуу)
31.1. Айылдык кенештин сессиясында эч ким төрагалык кылуучу уруксат бермейинчи сөз алалбайт.
31.2. Айылдык: кеңештин сессиясында жооптуу комиссиянын төрагасы (өкүлү), депутаттык топтун лидери, депутат ошол эле маселе боюнча эки жолудан ашык жарыш сөзгө чыга албайт.
31.3. Жарыш сөзгө чыккан адам талкууланып жаткан маселенин темасын карманыш керек. Эгерде сөз алуучу темадан четтесе, төрагалык кылуучу эскертуу жасайт, талап аткарылбаган учурда сөз сүйлөө укугунан ажыратат.
31.4. Төрагалык кылуучу жарыш сөздү токтотуу тууралуу сунуш алгандан кийин депутаттарга жазылган жана сөз алгандардын саны тууралуу маалымдайт, жазылгандардын ичинен сөз алууну абдан өтүнүп жатканын аныктап, ошону эсепке алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добуш берүүгө коёт.
31.5. Жарыш сөз аяктаганына байланыпггуу сөз албай калган депутаттык топтун өкүлү, депутаттар төрагалык кылуучуга колу коюлган сөздөрдүн текстин аларды сессиянын протоколуна киргизүү үчүн берүүгө укуктуу.
32-бөлүм. Жыйналыштын күн тартибиндеги маселеге кайтып келуу
Айылдык кеңештин сессиясы учурунда четке кагылган токтом долбоорлорунан башка каралган маселеге бир жолу кайтып келүүгө уруксат бар. Каралган маселеге кайтып келүү ал боюнча чечим кабыл алынышы керек болгон жол-жоболук маселе болуп эсептелет. Каралган маселеге кайтып келүү бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу дегенди түшүндүрөт. Маселени кайра карап чыгууда кабыл алынган чечим айылдык кеңешинин токтомунда бүткөн абалына келтирилет, ал эми баштапкы добуш берүүнүн натыйжалары сессиянын протоколуна киргизилет жана айылдык кеңештин токтому менен бүткөн абалына келтирилбейт. ЗЗ-бөлүм. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
33.1. Айылдык кеңештин чечими менен төмөнкүлөр кабыл алынат:,
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен.
33.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
- айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
-айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- айыл өкмөт башчысын шайлоо;
- айыо өкмөт башчысын Президенттин жана Өкмөггүн мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыны, прокуратура органдары тарабынан орнотулган, өгкөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбаганы же тиешелүү деңгээлде аткарбаганы үчүн айыл өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга айылдык кеңештин депутаттарына макулдук беруу;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
33.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен төмөнкү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
- айылдык кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- айылдык кеңешти айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- бута чейин кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуу.
33.4. Сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жол-жоболук процедуралар боюнча чечим кабыл алат.
34-бөлүм. Добуш берүү жана анын түрлөрү
34.1. Ушул Регламентте добуш берүүнун натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны – 21;
- жыйналышка катышкандардын саны - табелдик каттоодон өткөн айылдык кеңештин депутаттарынын саны.
34.2. Айылдык кеңеш ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен ссссияларда чечим кабыл алат. Добуш берүү айылдык кеңештин депутаттарынын колун көтөрүү жана сессиянын эсеп комиссиясынын же төрагалык кылчунун добуштарын эсептөө аркылуу жүрсө болот.
34.3. Кворум чогулбай калган учурда сессиядагы төрагалык кылуучу кворум камсыздалганга чейин добуш берүүнү жылдыра турат.
34.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн натыйжалары айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
34.5. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө жеке өз укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын башка депутатка добуш берүү укугун ишеним кагазы жана башка түрлөр боюнча өткөрүп берүүсүнө тыюу салынат.
34.6. Бир маселе боюнча добуш берүүдө айылдык кеңештин депутаты бир гана добушка ээ, аны чечим кабыл алууда “макул” же “каршы” берет, же болбосо бул чсчимдерден баш тартат.
34.7. Добуш берүүгө катышпаган айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өз добушун берүүгө укугу жок.
34.8. Добуш башталды деп жарыялангандан кийин эч ким аны үн катпай угат.
35-бөлүм. Ачык добуш берүү
35.1. Ачык добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында жооптордун варианттарынын бири (“макул”, “каршы”, “калыс”) боюнча ар бир депутаттын эркин билдирүүсү түзүлөт.
35.2. Ачык добуш берүүдө добуштарды сессиянын эсеп комиссиясы же төрагалык кылуучу жүргүзөт.
35.3. Добуштарды эсептеп чыккандан кийин сессияда төрагалык кылуучу чечим кабыл алынып-алынбаганын жарыялайт.
35.4. Добуш берүүнүн процедуралык каталарын аныктагандан кийин (же эсеп комиссиясынын, төрагалык кылуучунун катасы) айылдык кеңештин депутаттары кайра добуш берүүнү өткөрүү тууралуу чечим кабыл алышы мүмкүн.
36~бөлүм. Жашыруун добуш берүү
36.1. Жашыруун добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында катышуучулардын добуш берүүсү анонимдуу ишке ашат жана добуш берүүчүнүн варианттардын бири боюнча (“макул”, “каршы”, “калыс”).
36.2. Жашыруун добуш берүү ошону колдонуу милдеттүү болгон маселелер боюнча, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жүргүзүлөт.
36.3. Бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү ар бир депутат бюллетенди жеке өзү толтуруу жолу менен ишке ашырат. Бюллетень ар бир депутатка депутаттардын тизмесине ылайык берилет жана депутаттын эркин билдирүүсүнүн сырдуулугун камсыздаган атайын кабинада толтурулуп, эсеп комисиясы жаап койгон добуш берүү үчүн урнага ташталат.
36.4. Бюллетендерди колдонуу менен жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары кошумча бекитүүнү талап кылбайт. Айылдык кеңештин тиешелүү актысына сессияга төрагалык кылуучу кошумча добуш берүүсүз эле кол коет.
37-бөлүм. Эсеп комиссиясынын иши
37.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын аныктоо үчүн айылдык кеңештин сессиясы ачык добуш берүүдө эсеп комиссиясын шайлайт. Эсеп комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны жуп болбош керек.
37.2. Эсеп комиссиясы өз курамынын ичинен төраганы жана катчыны шайлайт. Өз чечимин комиссия анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат жана протокол түзүлөт.
37.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди эсеп комиссиясы ага сунушталган жана сессиянын чечими менен бекитилген форма боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын санына туура келген санда даярдалат. Добуш берүү үчүн бюллетенде жооптордун “макул”, “каршы”, “калыс” варианттары караат. Эсеп комиссиясынын мүчөлөрү ар бир бюллетендин тескери бетине кол коет.
37.4. Эсеп комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарды орнотуу менен депутаттардын эркин жашыруун билдирүүсү үчүн шарт түзүп берет.
37.5. Шайлоонун алдында эсеп комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусу менен добуш берүү үчүн кутуну ачат.
37.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетенди алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенди берүү үчүн ведомостто өз аты-жөнүнүн тушунда кол коет жана жашыруун добуш берүү үчүн кабнага кирет. Добуш бергенден кийин депутат бюллетенди добуш берүү үчүн кутуга таштайт.
37.7. Добуш берүү аяктагандан кийин эсеп комиссиясында калган бюллетендер эсептелип чыгып, депутаттардын коз алданда эсеп комиссиясынын төрагасы бюллетендин оң бурчун кыркып салат.
37.8. Депутаттардын добушун эсептөөдө аныкталбаган формадагы бюллетендер, ошондой эле киргизилген толуктоолор добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт.
37.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары тууралуу эсеп комиссиясы протокол түзөт, ага эсеп комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коет.
37.10. Эсеп комиссиясынын төрагасынын докладынын негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алындыбы же жокпу – ушуну жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары айылдык кеңештин токтому менен кошумча добуш берүүсүз түзүлөт.
37.11. Добуш берүүнүн жүрүшүндөгү жол-жоболордо жана техникада каталар аныкталган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча кайрадан жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
38-бөлүм. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө кирүү тартиби
38.1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы документтин долбоорун аткаруучу менен биргеликте сессиядан кийинки 5 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган токтомдорду бүткөн абалга келтирет.
38.2. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш кабыл алган токтом долбоорун четке кагууга укугу жок жана ал кабыл алынгандан кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде ага кол коет.
38.3. Документтин даярдоодо ага грамматикалык мүнөздөгү түзөттүлөрдөн тышкары башка түзөтүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт.
Айылдык кеңештин сессиясында бекитилген документке түзөтүүлөдү мыйзамсыз киргизгендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылат.
38.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
- айылдык кеңеш айылдык аймактын территориясында эң көп таркатылган басылмалардын ичинен өзү аныктаган тиешелүү басылмаларда;
- айылдык кеңештин расмий веб-сайтында.
38.5. Расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. Мамлекетгик жана (же) аскер сырын камтыган токтомдордон башка токтомдорду толук эмес мазмуну менен жарыялоого уруксат берилбейт.
38.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган күнү деп ошол акт жайгаштырылган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет.
38.7. Эгерде башкасы токтомдун өзүндө каралбаса, токтомдор расмий жарыялангандан кийинки он беш күн соңуна чыкканда күчүнө кирет. Ишкерлердин ишин жөңгө салган токтомдор расмий жарыяланган күндөн он беш күндон эрте эмес убакытта кучүнө кирет.
38.8. Айылдык кеңештин токтомдорун айыл өкмөт аппараты айылдык кеңештин токтомдорун каттоо тууралуу журналга төмөнкү реквизиттерди көрсөтүп жазуу менен каттайт:
- акттын түрүн көрсөтүү;
- ушул ченемдик укуктук актыны жөңгө салуу предметин белгилеген аталышы;
- кабыл алган жери жана күнү;
- каттоо номуру.
38.9. Айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн айыл өкмөт аппараты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө ченемдик укуктук акттардын Мамлекетгик реестрине кошуу үчүн эки нуска менен, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук варианттарда, жарыяланган булакты көрсөтүү менен, токтом жарыяланган күнү жиберет.
39-бөлүм. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын сессиясыныи протоколу
39.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу, убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында протокол жүргүзүлөт, ага чакырылыштын чегинде катар номур берилет.
39.2. Сессиялардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзүү, протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жүргүзөт.
39.3. Протоколдун тексти эки бөлүктөн турат: кириш жана негизги.
Айылдык кеңештин сессиясынын жыйналышындагы протоколдун кириш бөлүгүндө төмөнкүлөр чагылдырылат: номуру, күнү, өткөн убактысы жана жери; айылдык кеңештин чакырылышынын жылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде чакырылгандар 10дон ашуун болсо, анда катышуучулардын тизмеси тиркелет, баяндамачынын (кош докладчынын) аты-жөнүн көрсөтүү менен күн тартиби, эсеп комиссиясынын курамы. Негизги бөлүктө төмөнкүлөр чагылдырылат: сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, доклад жана жарыш сөз менен чыккандар, добуш берүүгө коюлган суроолор жана сунуштар, аларды чечүү жолдору, добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар. Депутаттардын аты-жөнү алардын кызматын жана иштеген жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү катышкан учурда алардын аты-жөнү жана жашаган жери көрсөтүлөт.
39.4. Сессиянын протоколу сессиянын иши бүткөндөн кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес убакытта бүткөн абалга келтирилет, ага айылдык кеңештин төрагасы жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кол коет.
39.5. Айылдык кеңештин төрагасынын уруксаты менен жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөсүн берет, алардын берилгени жазылат.
39.6. Айылдык кеңештин сессияларында айылдык кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болгон видео тасма көрсөтүлсө болот.
39.7. Протоколдордун, видеотасмалардын асыл нускасы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында сакталат. Жыйналыштардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тиешелүү айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин сакталат. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары аяктагандан кийин жыйналыштардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоо үчүн архивге өткөрүлүп берилет.
39.8. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары жашырындуулук даражасы сессияда талкууланган маалыматтардын жашырындуулук даражасына шайкеш келген маалыматтар учун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип боюнча түзүлөт.
40-бөлүм. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышына көзөмөл
40. 1. Токтом аны ишке ашыруунун тартибин белгилейт. Тагыраак айтканда:
- пункттарды же токтомдорду жалпысынан аракетке келтирүүнүн конкреттүү мөөнөттөрү жана ыкмалары;
- токтомдорду ишке ашыруу боюнча органдарга жана жооптуу адамдарга конкреттүү тапшырмаларды берүү, айыл өкмөтүнүн жооптуу адамдарына жана анын структуралык бөлүмдөрүнө (зарыл болгондо) таасир көрсөтүү боюнча чараларды көрүү, айыл өкмөт башчысынын акттарын токтомдорго шайкеш келтирүү;
- аны аткаруу үчүн мөөнөт аныкталат.
40.2. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда анын аткарылышына көзөмөл жүргүзө турган адам же орган көрсөтүлөт.
40.3. Көзөмөлдүн максаттары төмөнкүлөр:
- токтомду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун даражасын аныктоо;
- анын аткарылышына бут тоскон себептерди аныктоо;
- аткаруусуна жол тоскон адамдарды (органдарды) аныктоо, зарыл болгондо аларды жоопко тартуу, токтомдун аткарылышын соттук тартипте камсыздоо (эгерде ушундай зарылчылык жаралса).
40.4. Айылдык кеңеш аткарат деп көзөмөлдү жүктөгөн адамга (органга) аталган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн эч кандай атайын ишеним кагаздар зарыл эмес.
40:5. Айылдык кеңештин сессиясынын токтомдорун аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты уккандан кийин айылдык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- токтомду аткарылды деген негиз менен көзөмөлдөн алуу;
- аткарылды деген негиз менен токтомдун айрым пункттарын көзөмөлдөн алуу;
- ушул токтом боюнча аткарылышынын мөөнөтүн узартуу;
- көзөмөл ыйгарым укуктарын башка адамга же болбосо органга жүктөө;
- токтомду жокко чыгаруу;
- токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- кошумча токтомду кабыл алуу.
40.б. Токтомдун өзүндө белгиленген көзөмөл боюнча отчеттуулуктун мөөнөтү. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн көзөмөл милдетин жүктөгөн адамга (органга) анын аткарылышынын жүрүшү боюнча маалыматты айылдык кеңештин сессиясында беришин тапшырууга укуктуу.
IV. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЧЫГАРУУ ИШИ
41-бөлүм. Ченем чыгаруу ишинин жалпы принциптери
41.1. Айылдык кеңештин ченем чыгаруу иши төмөнкү принциптерге негизделет:
- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышы;
- мыйзамдуулук;
- негиздүүлүк;
- максаттуулук;
- адилеттүүлүк;
- ачыктык.
41.2. Айылдык кеңеш өз компетенциясынын чегинде токтомду кабыл алат. Айылдык кеңештин төрагасы өз компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат.
41.3. Төраганын буйруктары айылдык кеңештин сессиясында жокко чыгарылса болот.
41.4. Айылдык кеңештин токтомдорун айыл өкмөтү, айылдык аймактын территориясында жайгашкан, менчик формасына карабастан бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар, жооптуу адамдар жана жарандар аткарууга милдеттүү.
42-бөлүм. Айылдык кеңештин токтомунун текстине жана түзүлүшүнө жалпы талаптар
42.1. Токтомдун жана анын тиркемелеринин тексти адабий тилдин жана юридикалык терминологиянын нормаларын сактоо менен баяндалат. Эскирген жана көп маанини туюндурган сөздөргө жана сүйлөмдөргө, эпитеттерге, метафораларга, сөздөрдүн кыскартылышына жол берилбейт. Пункттун тексти башка пункттарда кайталанбаш керек.
42.2. Токтомдор ич ара макулдашылып, логикалуу түзүлүп, ченем чыгаруу техникасына шайкеш келиш керек.
Токтомдун текстин баяндоодо адагенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор жайгаштырылат. Укуктук нормаларды баяндоодо ашкере жалпылаштырылган же болбосо ашкере деталдуу формулировкалардан качыш керек.
42.3. Токтомдун, бөлүмдөрүнүн, бөлүктөрүнүн, бөлүк алдындагылардын, главалардын жана пункттардын аталышы кыска болуп, так түзүлүп, анын негизги мазмунун чагылдырыш керек. Ченемдик укуктук актта колдонулган терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарылчылыгы пайда болгондо анын маанисин чечмелеген пункт киргизилет.
42.4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор айылдык кеңештин негизги токтомуна гана киргизилет.
42.5. Айылдык кеңештин токтомунун күчүнө киришинин тартиби тексттин аягында тыянак жобо түрүндө баяндалат.
42.6. Айылдык кеңештин токтому төмөнкү реквизиттерге ээ болуш керек:
- Кыргыз Республикасынн мамлекеттик герби;
- актынын түрүн көрсөтүү;
- ушул ченемдик укуктук актынын жөнгө салуунун предметин белгилеген аталыш;
- кабыл алынган жери жана күнү;
- каттоо номуру;
- тиешелүү ченемдик укуктук актыга кол койгон ыйгарым укуктуу адамдын колу;
- айылдык кеңештин гербдик мөөрү.
42.7. Айылдык кеңештин токтомунун текстин жана структуралык элементтерии түзүүнүн тартиби, айылдык кеңештин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, анын күчүн жоготконун таануу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11,12 жана 17-беренелериндс белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
43-бөлүм. Айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун киргизүүнүн тартиби
43.1. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтыш керек:
- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы даярдаган, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы, тиешелүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашып жактырган токтомдордун долбоорлору;
- токтомдун долбооруна маалымат - жүйө;
- салыштырмалуу таблица (иштеп жаткан токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген учурда);
- токтом долбоорунун мамлекеттик органдардын тиешелүү бөлүмдорү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамаат менен макулдашылганы тууралуу маалыматты камтыган документтер (зарыл болгондо);
- жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик бүтүмдөр (зарыл болгондо).
43.2. Токтом долбоору бир эле учурда мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча, токтом долбоорун же мамлекеттик, же расмий тилдерде киргизүүгө болот.
43.3. Регламенттин жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен кароого киргизилген токтом долбоору каралбастан кайтарылат. Каталар оңдолгондон кийин долбоор белгиленген тартипте киргизилет.
43.4. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилип жаткан токтом долбоорунун текстине төмөнкүлөр келтирилет:
- барактын жогору он бурчунда “Долбоор” сөзү жазылат;
- “Долбоор” сөзүнүн алдына документти киргизген демилгечи, долбоорду киргизүүнүн күнү көрсөтүлөт;
- төмөн жагында, барактын борборунда ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ” деп, документтин аталышы жазылат;
- андан ары - ченемдик укуктук актынын формасына жана структурасына кѳрсѳтγлгѳн талаптарды сактоо менен токтом долбоорунун тексти;
- документтин долбоорунун текстинин алдында ушул документтин долбоору жооптуу аткаруучунун аты-жѳнγн кѳрсѳтγлγп, тѳрагалык кылуучунун колу коюлат.
43.5. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет. Тагыраак айтканда:
- мѳѳнѳттѳр конкреттештирилип, токтомду аракетке киргизγγнγн ыкмасы аныкталат;
- органдярга жана жооптуу катчыларга конкреттγγ тапшырмалар берилип, аларды аткаруу γчγн мѳѳнѳттѳр аныкталат,
43.6. Токтом долбоорунун маалымат-жγйѳсγ тѳмѳнкγдѳй маалыматтарды камтыш керек:
- ушул токтомду кабыл алуунун натыйжасында болжол менен жетишиле турган же чечиле турган максаттар жана тапшырмалар;
- кабыл алынып жаткан токтомдун аракеттеринен улам ыктымал социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттеринин божомолу;
- коомдук талкуу жγргγзγлгѳн учурда анын натыйжалары тууралуу маалымат;
- токтом долбоорунун мыйзамдарга шайкеш келип-келбегенине анализ;
- эгерде токтомду ишке ашырууда финансы каражаттары зарыл болсо, аны каржылоонун булактарын аныктоо.
43.7. Жарандардын жана юридикалык жактардын таламдарын тγздѳн-тγз тийген токтом долбоорлору, ошондой эле ишкерчилик ишмердγулγктγ жѳнгѳ салган токтом долбоорлору айылдык кеңештин маалымат тактасына жайгаштыруу, же болбосо коомдук угууларды, чогулуштарды (жыйындарды) ѳткѳрγγ жолу аркылуу коомдук талкуута алынышы керек.
Талкуунун жγрγшγндѳ коомдук угуулардын катышуучуларынан тγшкѳн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат. Коомдук талкуунун натыйжалары боюнча тγшкѳн сунуштар тууралуу аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна кошуп-кошпоонун себептерин жγйѳ келтирγγ менен жыйынтыктоочу маалымат даярдалат. Жыйынтыктоочу маалымат токтом долбооруна тиркелген маалымат-жγйѳдѳ чагылдырылат.
43.8. Коомдук угууларды уюштуруу жана ѳткѳрγγ боюнча каржы чыгымдары жергиликтγγ бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
43.9.Токтомдордун долбоорлорун коомдук талкуулоонун мѳѳнѳтγ бир айдан кем эмес убакытты тγзѳт.
43.10. Айылдык кеңештин тѳрагасы токтом долбоору боюнча тиешелγγ бγтγмдγ же чечимди даярдаган туруктуу комиссиянын кароосуна токтом долбоорун жиберет.
43.11. Ишке ашыруусу жергиликтγγ бюджеттен каржылоону болжолдоштурган токтомдор аларды каржылай турган булак аныкталганга чейин кароого жана кабыл aлууга жатпайт.
V-Б¤Л‡К. АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
44-бѳлγм. Жергиликтγγ бюджетти киргизγγнγн жана бекитγγнγп тартиби
44.1. Айылдык кеңештин тѳрагасы жана туруктуу комиссиялардын тѳрагалары мамлекеттик салык кызматынан, айыл ѳкмѳтγнѳн жана юридикалык жактардан жергиликтγγ бюджеттин долбоорун ѳз убагында жана сапаттуу тγзγγ γчγн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, ушул органдардын жетекчилерин ѳз жыйындарына чакырууга жана аларды угууга укуктуу.
44.2. Жергиликтγγ бюджеттин долбоорун тγзγγ γчγн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
44.3. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала карайт жана айыл ѳкмѳтγнγн отчетун угат, айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча ѳз бγтγмγн берет.
44.4. Жергиликтγγ бюджеттин долбоору ачык жана коом алдында каралат. Бюджеттин долбоору, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча сѳзсγз тγрдѳ коомдук угуулар ѳткѳрγлѳт.
44.5. Айылдык кенештин сессиясы жергиликтγγ жамааттын жана бардык кызыкдар тараптардын эскертγγлѳрγн жана сунуштарын эсепке алуу менен жергиликтγγ бюджеттин алгачкы жана такталган долбоорун карайт, бекитет, же бекитпейт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетторду карайт, аларды бекитет, же бекитпейт.
44.6. Бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин токтомдору жана айылдык кеңештин тиешелγγ жылга жергиликтγγ бюджет тууралуу айылдык кеңештин чечими ачыкталышы керек.
45-бѳлγм. Жарандардын ченем чыгаруу демилгесин айылдык кеңеш тарабынан каралышы
45.1. Мыйзамга жана жергиликтγγ жамааттын уставына ылайык, жарандар ченемдик укуктук демилгеге укуктуу.
45.2. Жергиликтγγ жамааттын айылдык кеңештин кароосуна киргизген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте тγзγлгѳн ченемдик укуктук актынын (токтом долбоорунун) долбоору демилгелγγ топтун катышуусу менен тиешелγγ туруктуу комиссия тарабынан каралат.
45.3. Туруктуу комиссиянын эскертγγлѳрγн эсепке алуу менен айылдык кеңешке киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелγγ топтун катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессияларында каралат.
45.4. Жергиликтγγ жамаат демилге кылып кѳтѳрγп чыккан ченемдик укуктук актынын долбоорун карап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечими, аны кѳтѳрγп чыккан демилгелγγ топко, жергиликтγγ жамааттын мγчѳлѳрγнѳ жазуу тγрγндѳ расмий жеткирилиш керек.
46-бѳлγм. Айылдык кеңештин прокуратуранын, соттордун жана башка ыйгарым укуктуу органдардын актыларын карап чыгуусунун тартиби
46.1. Прокуратурага, сотгорго жана башка ыйгарым укуктуу органдарга тγшкѳн документтерди каттагандан кийин γч кγндγн ичинде айылдык кеңештин тѳрагасы аларды даярдоо жана сунуштарды кѳрсѳтγγ γчγн тиешелγγ туруктуу комиссияга жиберет.
46.2. Прокуратуранын, соттордун жана башка ыйгарым укуктуу органдардын акттары айылдык кеңештин туруктуу комиссияларында талкуулоо кызыкдар болгон жоопту адамдарды чакыруу менен ачык жана айкын ѳтγп келатат.
46.3. Прокурордун каршылыгы жана кѳрсѳтγγлѳрγ, соттук акттардын, башка мамлекеттик органдардын буйругу он кγндγн ичинде каралат жана айылдык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясына чыгарылат.
46.4. Айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган чечими, ага айылдык кеңештин тѳрагасы кол койгондон кийин актыны, каршылыкты, буйрукту жиберген органга маалымдалат.
47-бѳлγм. Айылдык кеңештин ишин пландоо
47.1. Айылдык кеңештин иш планы бир жылга тγзγлѳт. Айылдык кеңештин иш планы тууралуу маселе алгачкы сессияны ѳткѳргѳндѳн кийин сессиянын кγн тартибине кошулат.
47.2. Айылдык кеңештин иш планына суроолорду киргизγγгѳ айылдык кеңештин тѳрагасы, анын орун басары, туруктуу комиссиялардын тѳрагалары, депутаттык топтордун жетекчилери, депутаттар жана айыл ѳкмѳт башчысы укуктуу.
47.3. Иш планына айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына чыгарылган маселелер камтыйт.
47.4.Айылдык кеңештин иш планын бекиткенден кийин иш планга киргизилген маселелер боюнча токтом долбоорлорун кѳрсѳтγγ талап кылынбайт.
47.5. Айылдык кеңештин ишин пландоо КР мыйзамдарында белгиленген тартипте пландан тышкаркы токтом долбоорлорун даярдоо жана киргизγγ мγмкγнчγлγктѳрγн четке какпайт.
48-бѳлγм. Депутаттык угууларды уюштуруунун жана ѳткѳрγγнγн тартиби
48.1. Айылдык кеңеш оз карамагындагы маселелер боюнча депутаттык угууларды ѳткѳрѳт.
48.2. Депутаттык угуулар тууралуу материалдар депутаттарга угуулар башталаарына 3 кγндѳн кеч эмес убакыт ичинде берилиш керек.
48.3. Депутаттык угууларда айылдык кеңештин курамына кирген бардык маселелер талкууланышы мγмкγн.
48.4. Депутаттык угуулар айылдык кеңештин депутаттарынын γчтѳн биринин комиссиялардын (жумушчу топтор), айылдык кеңештин тѳрагасынын жана акын орун басарынын, депутаттык топтун жетекчисинин демилгеси боюнча ѳткѳрγлѳт.
Депутаттык угуулар коомдук жана донор уюмдар менен ѳткѳрγлѳ алат.
48.5. Депутаттык угууларды уюштуруу жана ѳткѳрγγ депутаттык угуулардын демилгечисине жана айыл ѳкмѳт аппаратына жγктѳлѳт. Депутаттык угуулар жергиликтγγ каражаттын эсебинен ѳткѳрγлѳт.
48.6. Депутаттык угууларга чакырылган адамдардын курамын ушул угууларды уюштуруп жаткан демилгечи аныктайт. Айылдык кеңештин тѳрагасы чакырылган жактардын тизмесин толуктоого укуктуу.
Депутаттык угууларга чакырылгандардын тизмесине кошулгандарга алдын aла расмий кабарландыруу жиберилет, ага ылайык алар депутаттык угууларга келγγгѳ милдеттγγ.
48.7. Депутаттык угуулар массалык маалымат каражаттарынын жана коомчулуктун ѳкγлдѳрγ γчγн ачык.
48.8. Депутаттык угууларга айылдык кеңештин тиешелγγ туруктуу комиссиясынын тѳрагасы тѳрагалык кылат, ал эми ал жок болгон учурда депутаттык угуулардын демилгечиси. Тѳрагалык кылуучу депутаттык угууларды алып барат жана талкуунун тартибин кѳзѳмѳлдѳйт.
48.9. Депутаттык угуулар тѳрагалык кылуучунун кыска кириш сѳзγ менен башталат, ал талкууланып жаткан маселенин маңызы, анын мааниси, угууларды ѳткѳрγγнγн тартиби, чакырылгандардын курамы тууралуу айтат. Бардык каалоочулар депутаттык угууларда тѳрагалык кылуучунун уруксаты менен сѳз алат. .
48.10. Депутаггык угууларга чакырылган адамдар сѳз сγйлѳгѳндѳн кийин айылдык кеңештин депутаттарынын суроолору жана аларга жооптору башталат. Суроолор оозеки да, жазуу тγрγндѳ да бериле алат.
48.11. Депутаттык угуулар талкууланган маселе боюнча сунуштарды кабыл алуу менен бγтγшγ ыктымал. Депутаттык угуулардагы сунуштар айылдык кеңештин депутаттарынын угууларына катышкан кѳпчγлγк жактыргандан кийин кабыл алынат.
48.12. Депутаттык угуулар нротоколдоштурулат. Депутаттык угуулардын притоколуна тѳрагалык кылуучу кол коёт. Депутаттык угуулардын сунуштары массалык маалымат каражаттарында жарыяланса болот.
49-бѳлγм. Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоо жана айыл ѳкмѳт башчысына ишеним кѳрсѳтпѳѳ
49.1. Айыл ѳкмѳт башчысын шайлоонун жана айыл ѳкмѳт башчысынын кызматына талапкерди кѳрсѳтγγнγн тартиби “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ" КР Мыйзамы менен аныкталат.
49.2. Мэрге, айыл ѳкмѳт башчысына ишеним кѳрсѳтпѳѳ тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн экисинин добушу менен жашыруу добуш берγγ учурунда кабыл алынат.
49.3. Айыл ѳкмѳт башчысына ишеним кѳрсѳтпѳѳ тууралуу сунушту айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы, депутаттык топ, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн бир бѳлγгγ кѳтѳрγп чыга алат.
49.4. Айыл ѳкмѳт башчысына айылдык кеңеш ишеним кѳрсѳтпѳй калган учурда аким анын кызматынан мѳѳнѳтγнѳн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга, же айылдык кеңештин чечимине макул болбой коюуга укуктуу.
Айылдык кеңештин депутаттары айыл ѳкмѳт башчысына кайрадан ишеним кѳрсѳтпѳгѳн учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
50-бѳлγм. Айылдык кеңештин Регламентинин сакталышына жана анын бузулушу γчγн жоопкерчилик чарасын ишке ашыруунун тартиби
50.1. АК Регламентинин жаңы редакциясы, ага ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор айылдык кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчγлγк добушу менен кабыл алынат.
50.2. Айылдык кенештин Регламентине туруктуу комиссиялар, депутаттык топтор же айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын γчтѳн бир бѳлγгγ же депутаттык топтор киргизген ѳзгѳртγγлѳр жана толуктоолор тууралуу сунуштар айылдык кенештин сессиясына кγн тартибине киргизилет жана биринчи кезектеги тартипте каралат.
50.3. Айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелѳѳ жана анын сакталышына кѳзѳмѳлдγ айылдык кенештин депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясы ишке ашырат.
Айылдык кеңештин Регламентинин жоболору айылдык кенештнн сесеияларында чечмеленет жана зарыл болгон учурда айылдык кенештин токтому менен бекитилет.
50.4. Айылдык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган токтомдор аларды кабыл aлуу учурунан тарта жараксыз.
Ушундай кырдаал жаралган учурда туруктуу комиссиялар жана депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча комиссияга кабыл алынган токтомду жокко чыгаруу талабы менен кайрылса болот.
50.5. Айылдык кеңештин сессиясында анын катышуучусу тартип бузган учурда ага карата тѳмѳнкγдѳй таасир этγγ чаралары колдонулса болот:
- тартипке чакыруу;
- бул тууралуу протоколго киргизγγ менен тартипке чакыруу;
- сессия бγткѳнгѳ чейин уяткаруу.
50.6. Сессиянын катышуучуларын тартипке чакырууга сессияга тѳрагалык кылуучу гана укуктуу. Тѳрагалык кылуучу АК сессиясынын катышуучусун тартипке келтирет, эгерде алар:
- сессияга тѳрагалык кылчунун уруксаты жок сѳз алса;
- жγрγм-турум этикасынын эрежелерин сактабайт.
50.7. Тѳрага экинчи жолу кайталап тартипке чакырган сессиянын катышуучусун протоколдун жазуусуна киргизилет.
50.8. Айылдык кеңештин Регламентине кѳзѳмѳл айылдык кеңештин тѳрагасына жана депутаттык этика, мыйзамдуулук жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссияга жγктѳлѳт. Айылдык кеңештин сессиясы учурунда сессиядагы тѳраганын мойнуна жγктѳлѳт.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 8 января 2013 года № 1 "Об утверждении Положения о Департаменте профилактики заболеваний и экспертизы Министерства здравоохранения Кыргызской…Постановление · 08.01.2013 · № 1 · Утратил силу