# Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 38
- Дата принятия: 03.11.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.11.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/221308>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18938/edition/697228/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.11.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Теплоключенка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы № 38 "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө" токтому (ред. от 03.11.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/221308

---

ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 3-ноябры № 38 “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө Жаратылыш сактоо жана өнүктүрүү, жайыттарды эффективдүү пайдалануу максатында Теплоключенка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Теплоключенка айыл аймагына караштуу Кѳк-Мойнок, Талды-Булак, Тез, Бел Кара-Суу, Шылуун коктулары бардыгы 9835 га жерде (анын ичинен жайыттар 1323 га) “Хан-Теңири” мамлекеттик жаратылыш паркын уюштурууга макулдук берилсин.

2. Айыл аймактын жана жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктары сакталсын

3. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо γчγн жиберилсин.

4. Айылдык кеңештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.

5. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Эралиевге жγктѳлсγн.

Тѳрага:

К.С. Джаныбеков
