Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
«Баткен облусунун Лейлек райоунунун Бешкент Айыл округунун территориясындагы муниципалдык менчикте турган жер участкаларына жеке менчик же ижара укугун берүүнүн эрежеси жана шарттары жөнүндө жобо» (Бешкент айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23 июлу № 22/1 токтому менен бекитилди)
Бешкент айылдык кеңешинин 2014-жылдын 23 июлу № 22/1 токтому менен бекитилди
Баткен облусунун Лейлек райоунунун Бешкент
Айыл округунун территориясындагы муни-
ципалдык менчикте турган жер участкаларына
жеке менчик же ижара укугун берүүнүн
эрежеси жана шарттары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр III. Уюштуруучулар, катышуучулар жана соода-сатык предмети IV. Ачык соода-сатык өткөрүүнүн эрежелери (аукцион, конкурс, түз алып сатуу)
V. Жер участкасы, субаренда, сатуу жана күрөөгө коюу укугун берүүнүн өзгөчө шарттары
VI. Өткөрүлгөн соода жыйынтыгы боюнча документтерди толтуруунун эрежелери VII. Акча каражаттарынын бөлүштүрүү
Жобого карата тиркеме: Жер участкасынын планынын бланк формасы
________________________________________________________
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципиалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун беруунун тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү Жобого, Кыргыз Республикасынын Жер, Жарандык кодекстер, ошондой эле башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык Баткен облусунун Бешкент айыл округунун территориясындагы муниципалдык менчикте турган жер участкаларын жеке жана юридикалык жактарга менчике же ижарага берүүнүн эреже жана шарттарын бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 Токтому аракетте турганга чейин \жарактуу деп эсептелет. Эгерде бул Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсе, анда жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарынан турган сессия чакыртылат да, жактырылган өзгөртүү жана толуктоолор эске алынуу менен юстиция органдарынан кайра башынан каттоодон өткөрүлөт. Өзгөртүү жана толуктоолор ар бир беш жылда бир гана жолу киргизилиши мүмкүн. Бул Жобо унификацияланган документ болуп саналат жана аталган муниципалитеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ар бир мүчөсү тарабынан аткарылууга тийиш.
2. Бул Жобо муниципалдык менчикте турган жер учаскаларын (мындан ары – жер участкалары) жеке жана юридикалык жактарга менчике же ижарага берүүнүн эрежелерин бекитет. Жер участкалары ижарага төмөндөгүдөй мөөнөттө берилет:
- кыска мөөнөттүү - 5 жылга чейин;
- орто мөөнөттүү – 15 жылга чейин;
- узак мөөнөттүү – 50 жылга чейин (49 жылды кошо эсептегенде);
3. Соодалоо (аукцион, конкурстар) бул Жобо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары тарабынан Бешкент Айыл өкмөтүнө жер участкаларына карата укуктарды берүү тууралуу арыз берүүчү-демилгечилер менен өз ара сүйлөшүүлөргө жол берилген учурлардан сырткаркы бош жер участкаларына карата болгон укуктарды баштапкы берүү боюнча бардык учурларда өткөрүлөт.
4. Эгерде жеке менчикте турган жер участкасында имарат жана курулуш жайгашкан болсо, Айыл өкмөтү жер участкаларын сатыкка койбой туруп эле ижарага берет. Мындай учурларда ижарачы болуп имарат же курулуш ээси эсептелет.
5. Трансформацияланган жер участкасына карата жаңы муниципалдык рынок түзүлгөн учурда Айыл өкмөтү аталган муниципалитетке караштуу айылдарда туруктуу каттоодо турган жана рынокту комплекстүү өнүктүрүү, республикалык менен бирге эле чет мамлекеттик инвесторлорду тартуу боюнча өз жагымдуу долбоорун көрсөткөн тургундарга гана конкурс өткөрөт.
6. Ошол эле учурда, башкача айтканда муниципалитеттик соода-өндүрүштүк рыноктун/базардын түзүлүшү менен ижарага берүү иштери конкурстук жана узак мөөнөттүү негизде (49 жыл) жүзөгө ашырылат, тагыраак айтканда аталган Жобонун 5-пунктуна ылайык сатып алуучулардан соода предметине карата белгилүү бир шарттарды аткаруу талап кылынган учурларда жерди арендага сатуу жүзөгө ашырылат.
7. Эгерде жер участкасы эки жолу сатыкка коюлуп, бирок сатылбаса, анда Айыл өкмөтү жер участкаларын сатыкка койбой туруп эле ижарага берет.
8. Ижара предмети болуп муниципалдык менчик болуп саналган жана айыл өкмөтүнүн чегинде жайгашып, Кыргыз Республикасынын иштиктүү мыйзамдарына ылайык ижарага берилүүсү мүмкүн болгон кыймылсыз мүлк обьектиси катары таризделген жер участкалары эсептелет.
9. Ижарага берилүүгө таандык таризделген жер участкалары үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болуу менен кандайдыр бир чектөөлөргө баш ийген, ошондой эле пайдаланууга шаар куруу регламенти формасында чектөө киргизилген жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоо үчүн чектөөлөргө ээ болбошу керек (уруксат берилген пайдалануу жана уруксат берилген курулуш параметрлеринин түрлөрү).
II. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр
Жерлердин ижарасы – жер участкасынын ээси/жер пайдалануучу (ижарага берүүчү) тарабынан белгилүү бир төлөм алуу менен билгилүү бир мөөнөткө пайдалануу үчүн ижарачыга жер участкасын берүүсү же өткөрүп берүүсү; аукцион – эң жогорку бааны сунуш кылган адам жеңүүчү деп табылуучу соода формасы; конкурс – сатып алуучудан соодалоо предметине карата белгилүү бир шарттардын аткарылышын талап кылуучу учурларда соодалоо предметин сатуу; кепилденген взнос (күрөө) – жер участкасына карата укукка ээ болуу максатында соодалоого катышуу тилегин билдирген талапкер тарабынан төлөнө турчу акча суммасы; кызыл сызык – бул көчө жана жолдорду пландалып жаткан структуранын башка элементтеринен бөлүп турчу жана чек болуп саналган көчө жана жолдордун туурасын аныктоочу сызыктар; лот – укуктары соодалоого коюлуучу белгилүү бир жер участкасы; адилетсиз өнөктөштүк – артыкчылыктарга ээ болуу үчүн субьекттин Кыргыз Республикасынын мыйзам жоболоруна, иштиктүү акча айлантуунун жол-жоболоруна, кең пейилдиктин, адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келүүчү иш-аракеттери, эгерде мындай иш-аракеттер төмөнкүдөй натыйжалардан турса:
- соодалоо иштеринин катышуучуларынын ортосундагы көмүскө бүтүм,
- коррупция,
- соодалоодогу жасалма жол аркылуу бааларды көтөрүү, түшүрүү же колдоо,
- соодалоого карата болгон мүмкүнчүлүктү чектөө же потенциалдуу өнөктөштөрдү жана башка абийирсиз иш-аракеттерге жол бербөө;
кыймылсыз мүлктүн көз карандысыз баалоочусу – кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча профессионалдык окуу жөнүндө тиешелүү сертификатка ээ, ошондой эле түзүүчү, менчик ээси, акционер, баалоо объектисинде мүлктүк кызыкчылыгы бар адам же аталган адамдар менен жакын туугандык мамиледе турбаган адам. курулуш жана жер пайдалануунун эрежелери – шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу аркылуу пайдалануу жана объектилердин курулуш өзгөрүүлөрүн жөнгө салуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана атайын ыйгарымдуу мамлекеттик органдардын ченемдик-укуктук актылары. түз сатуу – соодалашууну өткөрбөй туруп, түз сүйлөшүү жолу аркылуу жер участкасына карата болгон ижара укугун жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) берүү ыкмасы; жер участкасына карата болгон менчик укугу – Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде бекитилген чектөөлөр менен өз каалаганындай ээлик кылуучу жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзам актылары менен корголуучу жана таанылуучу укуктары; жер участкасын уруксат берилген пайдалуу – жерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга, шаар куруу регламенттерине, калктуу пункттардын бекитилген шаар куруу документтерине жана жерди пайдалануу жана куруу эрежелерине ылайык пайдалануу; жер участкасынын старттык наркы – соодалашуу же түз сатуу жолу аркылуу сатуу үчүн коюлган жер участкасына болгон баштапкы баа; соодалоо – муниципалдык менчикте турган жер участкасына карата болгон укукту берүү ыкмасы; соодалоо иштери аукцион же конкурс формасында өткөрүлөт; жерди максаттуу пайдалануу – жерди келишим же башка укук берүүчү документтерде, жер участкасына болгон укукту ырастоочу документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу; ыйгарымдуу орган – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укукка ээ кылынган аткаруучу органы. Бул Жободо Ыйгарым укуктуу орган – бул Бешкент Айыл өкмөтү.
III. Уюштуруучулар, катышуучулар жана соода предмети
10. Жер участкаларына карата укук берүү боюнча соода амалдарынын уюштуруучусу болуп Бешкент Айыл өкмөтү саналат.
11. Жер участкаларына укук берүү процессин жүзөгө ашыруу үчүн бул Жобого ылайык жер участкаларына укук берүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына Айыл өкмөтүнүн, Айылдык кеңештин, жамааттардын, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын 9 адамдан кем эмес курамы Айылдык кеңештин ыктыярынын негизинде Бешкент айылдык кеңеши тарбынан бекитилет.
12. Комиссия төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- жер участкаларына болгон жеке менчик же ижара укугун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алат;
- жер участкасына карата болгон укуктун (ижара же сатып алуу менен менчикке берүү), аны берүү ыкмаларынын (аукцион, конкурс, түз сатуу) түрүн; аукциондук кадамдын (эгерде аукцион өткөрүлсө), же конкурс шарттарын (эгерде конкурс өткөрүлсө) аныктайт;
- сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн көз карандысыз баа берүүчүлөрдүн бүтүмүнүн негизинде лот же жер участкасынын старттык баа көлөмүн бекитет;
- соода жыйынтыктарын аныктайт;
- бул Типтүү жобо жана башка ченемдик-укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде жер участкаларына болгон укуктарды берүү менен байланышкан башка маселелерди карайт.
Комиссиянын чечими комиссиянын жалпы санынын үчтөн экисинен аз эмес кворум болгон учурда көпчүлүк жөнөкөй добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурларда комиссиянын төрагасынын чечими чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколу комиссиянын отурумуна катышкан төрага жана комиссия мүчөлөрү тарабынан, ал эми бул Жободо каралган учурларда соодалоонунжеңүүчүсү тарабынан да кол коюлат.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар соода жана түз сатуулардын катышуучулары боло алышат.
14. Соода-сатык предмети болуп сатып алуу-сатуу же жер участкасын шашылыш (убактылуу) пайдалануу келишимин түзүүгө карата укук саналса, түз сатуулардын предмети болуп – жер участкасын шашылыш (убактылуу) пайдалануу (ижара) келишимин түзүү, эгерде сатуу болсо сатып алуу-сатуу, эгерде ижара болсо анда бул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ар кыл мөөнөттөгү ижара келишими саналат.
IV. Ачык соода иштерин (аукцион, конкурс, түз сатуу) өткөрүүнүн эрежеси
15. Ачык соода жолу аркылуу жер участкаларын ижарага берүү соодалоонунуюштуруучусу – Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Айыл өкмөтү мүчөлөрдү кийинки мезгилдерге ротациялоонун негизинде Төрага жана Комиссиянын Катчысын кошо алганда 9 адамдан турган мындай Комиссияны жергиликтүү тургундардын ичинен 5 жылга уюштурууга укуктуу.
16. Комиссия (соода амалдарынын уюштуруучусу), өз компетенциясынын чегинде соодалоодо сатыкка коюлуучу жер участкаларынын тизмесин аныктайт жана көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен лоттун старттык наркынын көлөмүн бекитет.
17. Соодалоо объектисинин сатып алуучулары катары Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары чыга алышат, бирок муниципалдык рынок катары Бешкент Айылдык кеңеши айрым бир жер жана объектилер боюнча аталган Айылдык кеңештин территориясында туулуп-өсүп, жашап жаткан тургундар үчүн гана чечим чыгарып коюусу да мүмкүн. Мындай учурларда соода/аукцион жана конкурстардын катышуучусу болуп Бешкент айыл окмотунун аймагында жашоочу жеке жак же катышуучулар курамынын 1/3 бөлүгүн түзүүчү аталган муниципалитеттин тургундары болгон юридикалык жак саналат.
18. Аукцион учурунда жер участкасынын старттык наркы болуп, аталган территориядагы кадастрлыкты эске алганда бул Айыл өкмөттөгү ижара төлөмдөрүнүн жылдык өлчөмүн санаса болот.
19. Аукцион учурунда старттык нарктын өлчөмү болуп көз карандысыз баалоочулар тарабынан аныкталуучу жер участкасынын менчикке карата болгон укугунун рыноктук наркы саналат же Бешкент Айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан сессияда бекитилет. Ар бир жолу же ар бир ирет өз алдынча сатыкка коюлуп жаткан участокко сапатына жана рыноктук шарттарына жараша старттык өз баасы белгиленет.
20. Комиссия өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде айыл окмту менен биргеликте бериле турган жер участогунун жылдык арендалык акысын аныктайт. Комиссия оз ыйгарым укугунун негизинде жер участкасынын шарттарын жана старттык баасын өзгөртүүсү мүмкүн. Ошол эле учурда жылдык ижара төлөмдөрдүн акыркы өлчөмү дал ушул Бешкент айыл округу үчүн бекитилген жер категориясынан (сугат, кайрак, жайлоо) алганда жердин шарттуу түрдөгү 1 (бир) гектар жерине карата жер салыгынын 5 (беш) эселик ченинен төмөн болбоого тийиш. Ошондой эле жердин аренда акысы ошол жердин эксплуатацилыншына жараша белгиленген шкала олчомундо кобобойтулушу же кыскарылышы да мумкун.
Эгерде жер участкасында курулуш жана курулмалар түрүндөгү жакшыртылган нерселер, ошондой эле бүтпөй калган курулуш объектилери кездешсе жана ал курулмалар жер участкасынын сатуучусунун укугуна таандык болсо, участка наркына аны жакшыртуунун наркы кошулат.
21. Соодага кыймылсыз мүлк объектиси катары катталган жер участкалары коюлушу мүмкүн. Ошол эле учурда ижарачы же имарат же курулушту курган жеке тарап Комиссия менен макулдашып, жана мурда салынган салымдарды эске алуу менен бааны аныктайт.
22. Эгерде жер участкасы кыймылсыз мүлк объектиси катары катталбаса, анда Комиссиянын тапшырмасы боюнча жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо боюнча райондук башкармалык:
- каралып жаткан участкалардын укуктук макамын, убаракерчиликтеринин бардыгы жөнүндө үчүнчү жактарга тиешелүү укуктардын бардыгын, ошондой эле жер участкасынын ээси тарабынан берилген материал жана документтердин мыйзамдуулугун текшерет;
- имарат жана башка курулуштардын бардыгын аныктайт жана бул обьектилерге тиешелүү документтердин бардыгын ырастаган укуктарды текшерет;
- юридикалык документтерге ылайык жер участкаларынын чектери менен ээлеген аянтын натурасында текшерет;
- эгерде төмөнкүлөр зарыл болсо, коңшулар менен участка чек аралары боюнча сунушту макулдашат; сервитуттардын, башка убаракерчиликтердин бардыгы;
- бекитилген мөөнөттө участкалардын алдын ала даярдалган пландарын Комиссияга өткөрөт.
23. Комиссиянын тапшырмасы боюнча райондук архитектура башкармалыгы:
- бекитилген шаар куруу документтерин, курулуш норма жана эрежелерин, жергиликтүү ченемдик актыларды эске алуу менен участка чектерин аныктайт;
- каралып жаткан участканы пайдалануу шарттары боюнча санитардык, өрткө каршы жана башка кызматтарды сурайт;
- инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын кармап туруу жана өнүктүрүүгө жооптуу кызматтардан кошулуунун алдын ала шарттары жөнүндө сурайт;
- ижарачы (ээси) же субарендатор курууну ниет кылган же куруп салган жер участкаларынын, имарат жана курулмалардын пайдаланууга уруксат берилген түрлөрүн жана параметрлерин, ошондой эле унаа токтоочу жайдын минималдык түрдө уруксат берилген санын, башка шаар куруу регламенттерин аныктайт жана зарыл учурларда тиешелүү кызматтардын бүтүмүнүн негизинде тарых жана маданият же жаратылыш эстеликтерин кайтаруунун шарттары боюнча атайын талаптарды бекитет;
- алынган бүтүмдөрдүн негизинде жер участкаларын пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө жыйынтыктоочу корутунду түзөт;
- тиешелүү сервитуттарды жана чектөөлөрдү аныктайт.
24. Ар бир обьект боюнча маалыматтык пакет толтурулат жана аны менен бардык каалоочулар таныша алышат.
Маалыматтык пакет төмөнкүлөрдөн турат:
- соода предметинин каттоо номуру;
- жайгашкан орду (дареги), жер участкасынын кадастрдык номуру (эгерде бар болсо);
Чектери белгиленген жер участкасынын күбөлүгү (эгерде сатуу документтерин даярдоодо анын чектерин аныктоо зарылчылыгы келип чыкса), шаар куруу регламенттери киргизилип жана баяндалып берилиши керек:
- инженердик коммуникациялардын ар кыл түрлөрүнө кошулуунун мүмкүнчүлүктөрү, шарттары жана болжолдуу наркы жөнүндө жыйынтыктоочу корутунду.
- соода предметинин баштапкы баасы;
- жер участкасын ижарага берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысынын токтом долбоору;
- ижара келишиминин долбоору;
- жер участкасынын экологиялык абалы маалыматтар жана соода предмети жөнүндө башка маалыматтар.
25. Комиссия соода иштери өтөөрүнө отун күн калганда бул туурасында жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялап (аукцион өтө турган болсо), соодалоонун өтөөрү жөнүндө билдирүүнү жалпыга жеткиликтүү жерлерге илип коюусу зарыл.
26. Билдирүү төмөнкү маалыматтардан туруусу керек: жер участкасынын жайгашкан орду, соода иштерин өткөрүүнүн формасы жана эрежеси, соода объектилеринин тизмеси, соода өтүү мөөнөтү, орду, убактысы, бланктын кепилдик взнос суммасы которула турчу зарыл реквизиттери, арыздарды кабыл алуунун аяктоо мөөнөтү, толук маалымат алуу үчүн комиссиянын телефону жана дареги, жер участкасынын старттык баасы, соода иштерин өткөрүүнүн шарттары. Соода иштери ачык соода (конкурстар) жана ачык аукциондор түрүндө өткөрүлөт.
Соодалоону өткөрүүнүн формасы Комиссия тарабынан же Айылдык Кеңештин сессиясынын чечими менен аныкталат (эгерде Комиссиянын курамы түзүлө элек болсо же мүчөлөрдүн 2/3 кворуму болбой же мүчөлөрдүн ортосунда өз ара макулдашуу болбогондугуна байланыштуу ишке жараксыз болуп жатса) жана күн мурда жарыяланат.
27. Бир гана катышуучу катышкан аукцион же конкурс өткөн жок деп саналат. Конкурстук же аукциондук соода иштери 2 (экиден) кем эмес талапкер катышкан учурда өттү деп саналат. Бир гана катышуучу катышкан соода иштери өткөн жок деп эсептелет жана мындай учурда ыйгарымдуу орган аталган лот боюча соода иштерин өткөрүү жөнүндө билдирүүнү кайрадан жарыялайт же аталган лоттун соодага коюлбастыгы тууралуу чечим кабыл алат.
28. Соода иштери аркылуу ижарага берилүүгө тийиш болгон бардык обьектилер лотторго бөлүнүшү мүмкүн, ал эми Комиссия лотторго бөлүү боюнча чечим кабыл алса, анда ал лоттор Айыл өкмөтү менен макулдашуусу керек.
29. Соодалоонун уюштуруучусу тарабынан ар бир жер участкасы (обьект) боюнча документтердин маалыматтык пакети толтурулат. Соода иштеринде обьектилер – бир номур – бир лот схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
30. Аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу соода иштерине 5 кун калганда токтотулат.
31. Секретариат катышуучуларды каттайт жана арыздарды кабыл алуунун жыйынтыгы тууралуу протокол толтурат. Талапкерлер Комиссиянын катчысы тарабынан кат жүзүндө билдирүү алып, номурга ээ болгон мезгилден тартып катышуучу макамын алышат.
32. Соодалоонун катышуучусу болбогон адамдар үчүн кирүү билеттери сатылат. Кирүү билеттеринин баасы соода иштериндеги чыгымдарды жабуу үчүн республика боюнча бекитилген бир минималдык эмгек акы өлчөмүндө бекитилет.
33. Соода иштерине катышууга укук алуу үчүн талапкер соодалоонун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
- сатып алууга карата жер участкасынын укугун көрсөтүү менен бекитилген формадагы сатып алуучунун кат жүзүндөгү арызы;
- өздүгүн тактаган документ (жеке тараптар үчүн) – кепилдик взностун төлөмүн ырастаган төлөм жүргүзүүчү документтер. Кепилдик взнос Комиссиянын чечими менен бекитилет.
34. Арыз берүүчүнүн документтери төмөнкү учурларда кабыл алынбай калышы мүмкүн:
- арыз соода иштерин өткөрүү жөнүндө билдирүүдө бекитилген арызды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин берилген;
- арыз арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугу жок адам тарабынан берилген;
- бул Жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген эмес же берилген документтер тиешелүү деңгээлде толтурулган эмес.
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу арыз берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирилбестен ыйгарымдуу орган тарабынан кат жүзүндө жүзөгө жана себептери көрсөтүлөт. Ыйгарымдуу орган тарабынан кабыл алынбаган арыз жана анын тиркемелери аларды кабыл алуудан баш тартылгандыгы туурасында маалымат менен бирге арыз ээсине кайтарылат.
- иштиктүү мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча.
35. Документтерди кабыл алуудан баш тартуу Комиссия катчысы тарабынан кат жүзүндө ишке ашырылат жана баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. Уюштуруучу тарабынан кабыл алынбай калган арыз жана документтер документтердин тизмеси кат жүзүндөгү баш тартуу менен биргеликте арыз ээсине же анын ыйгарымдуу өкүлүнө кайтарылып берилет жана тил кат жаздырылып алынат.
36. Кепилдик взнос талапкерлер тарабынан Айыл өкмөтүнүн күндөлүк эсеп-кысабына бейнакталык которуу же сатуучунун кассасына накталык төгүм жолу аркылуу төгүлөт. Анын көлөмүн Комиссия аныктайт, бирок соода объектисинин старттык наркынан 10 пайыздан көп эмес.
37. Эгерде талапкер аукционго же конкурска бир нече обьект боюнча катыша турган болсо, кепилдик взнос ар бири боюнча өз-өзүнчө төгүлөт. Эгерде соода иштери өтпөй калса, бардык катышуучуларга кепилдик взностор кайтарылып берилет. Соода иштерин утпай калган жана белгиленген мөөнөттө соода иштерине катышуудан баш тартышкан бардык талапкерлерге эки жумалык мөөнөттө кепилдик взностор кайтарылып берилет.
38. Ачык аукцион формасында соода иштерин өткөрүүдө:
- комиссия соодалоонун объектисин, аны сатуунун шарттарын жана соода кадамдарын, ошондой эле сатуу шарттарын сүрөттөп жазып берүүчү аукцион өткөрүүчүнү даярдайт. Аукциондогу соодалоонун башталышы болуп обьектинин старттык баасынын жарыяланышы саналат. Ар бир лот боюнча кадамдардын көлөмүн аукцион өтөөрдөн мурда комиссия тарабынан аныкталат;
- аукциондо баштапкы бааны үч жолу жарыялоодон кийин деле обьектини сатып алууга даяр сатып алуучулар табылбаса, аукцион өткөрүүчү обьект баасын төмөндөтүүгө акылуу, бирок 10 пайыздан ашык эмес;
- соодалоонун жүрүшүндө аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү адамдары) катышуучунун номуру аукцион өткөрүүчүгө каратылган билетин көтөрүшөт жана өз баасын айтышат;
- эгерде аукцион өткөрүүчү тарабынан акыркы баа үч жолу жарыялангандыгына карабастан кайсы бир катышуучу тарабынан жогорку баа сунуш кылынбаса, аукционист бир эле мезгилде балканы уруу жолу менен соода обьектиси акыркы бааны сунуш кылган сатып алуучуга сатылгандыгын жарыялайт;
- эгерде аукцион өткөрүүчү тарабынан старттык баа үч мертебе жарыяланып, баа 10%га төмөндөтүлгөндүгүнө карабастан сатып алууну каалагандар табылбаса, бул лот сатыктан алынып салынат.
39. Конкурс өткөрүүдө:
- Комиссиянын бүтүмү боюнча жакшы шарттарды сунуш кылган физикалык же юридикалык жак жеңүүчү деп табылат. Мындай критерийлерге төмөнкүлөр кирет: ижарачы үчүн кирешелүүлүк, аталган айылдык кеңештин тургундарын биринчи кезекте иш менен камсыз кылуу, долбоордун мыкты архитектуралык дизайны, калк үчүн коопсуздукту камсыз кылуу, тартылып жаткан инвестициялардан пайда таба билүү, долбоордун капитал сыйымдуулугу, башкача айтканда, аталган долбоор үчүн канчалык көлөмдө ресурс салынат;
- сунуштар тең чыгып калган учурларда кимдин арызы биринчи берилген болсо, ошол катышуучу жеңүүчү деп табылат;
- чапталып коюлган жана катышуучулардын сунуштары бар конверттер белгиленген күнү, белгиленген саатта Комиссиянын ачык отурумунда ачылат.
Конверттерди ачуудан мурда Комиссия аталган конверттердин бүтүндүгүн текшерет жана бул тууралуу соодалоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт;
- ижара акысынын көрсөтүлгөн өлчөмү сан жана жазуу түрүндө көрсөтүлүүсү керек. Эгерде, баалар сан жана жазуу түрүндө көрсөтүлсө, Комиссия жазуу түрүндө көрсөтүлгөн бааны эске алат. Баштапкы баадан төмөн турган сунуштар каралбайт. Ар айлык ижара акысынын чени дагы кабыл алынат, бирок мындай учурда бул сумма 12 айга көбөйтүлөт;
- конверттерди ачууда жана сунуштамаларды жарыялоодо соода амалдарынын бардык катышуучулары же тиешелүү түрдө таризделген ишеним катка ээ өкүлдөрү, ошондой эле ММК (Массалык маалымат каражаттары) жана уюштуруучулардын чакыруусу боюнча аталган райондо иштеп жатышкан БӨУ (Бейокмот уюмдар) өкүлдөрү катыша алат, эгерде булар катышпаса, Жергиликтуу Бийлик Органы жыйынтыктар жөнүндө райондук же облустук ММКларга сөзсүз түрдө жарыя берүүсү зарыл.
40. Соодалоонун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүү маалында кепилдик взностун суммасы ижаралык төлөмдөрдүн эсебине кошулат.
41. Соодалоонун катышуучусу төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке өзү же өкүлдөрү аркылуу соода иштерине катышуу;
- соода иштерине катышуудан баш тартуу, бирок соодалоонун өтөөрүнө 5 күн калгычакты соодалоонун уюштуруучусуна бул туурасында кат жүзүндө билдирүү;
- соода объектилерин карап чыгуу;
- соода катышуучусу катары укугу бузулган учурларда сотко кайрылуу.
42. Комиссия соодалоонун башталарына үч күн калганда тигил же бул обьектини сатыктан алып салууга укуктуу. Мындай учурларда соодалоонун катышуучуларына обьекти сатыктан алып салуунун себептери боюнча аргументтештирилген түшүндүрмө берилип, кепилдик взнос кайтарылат.
Эгерде жер участкасы менчикке бериле турган болсо, анда менчик ээсине жер участкасына карата болгон менчик укугу менен биргеликте жер участкасында жайгашкан жашыл көчөттөр менен бирге башка кыймылсыз мүлк объектилерине карата болгон башка укуктар да өтөт. Мындай шартта жер участкасында жайгашкан жашыл көчөттөрдү пайдалануу шарттары жер участкасынын ээси тарабынан аныкталат. Эгерде мыйзам тарабынан жашыл көчөттөрдү кыйып жок кылууга же жеке менчикке берүүгө уруксат берилбесе, жашыл көчөттөрдү сактоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган бул туурасында мотивацияланган корутунду түзүп, жашыл көчөттөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт. Эгерде мыйзам тарабынан жашыл көчөттөрдү кыйып жок кылууга же жеке менчикке берүүгө уруксат берилсе, анда жашыл көчөттөрдү сактоо боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган көрсөтүлгөн жашыл көчөттөрдүн наркын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тиешелүү корутунду түзөт.
43. Архитектура жана курулуш боюнча территориалдык орган тиркеме жана бекитилген формага ылайык, ошондой эле алынган маалыматтардын негизинде 7 жумушчу күндүн ичинде жер участкасынын Планын 2 нускада даярдайт.
Жер участкасынын планы төмөнкүлөрдөн турат:
а) 1:500 масштабдын топографиялык негизинде аткарылган жер участкасынын схемасы түрүндөгү графикалык материалдан, анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:
- бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн же участка чектери кыймылсыз мүлк обьектилерине же геодезиялык белгилерге туташкан (привязка) жер участкаларынын чектери;
- жер участкасы боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын трассалары;
- инженердик-техникалык түйүндөрдүн өтүүчү долбоордук трассасы жана аларга кошулуучу чектери, ошондой эле курулуш зонасынан өтүүчү инженердик коммуникацияларды алып чыгуу трассалары;
- курулуш линиялары, кызыл, сары линиялар;
- суу сактагыч зоналардын, санитардык-коргоо жана санитардык коргоо зоналарынын чектери;
- участкага өтмөктөрдү уюштуруу;
- санын көрсөтүү менен (эгерде ал талап кылынса) унаа токтоочу жайлардын мүмкүн болгон жайгашуусу;
б) Төмөнкүлөрдү камтый турчу тексттик материал: жер участкасынын параметрлери (мүнөздөмөсү), бул жерге кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар экендиги жана сейсмикалуулугу жөнүндө маалыматтар, суроо-талап болуп жаткан жер участкасы боюнча курулуш каалоо-тилектеринин шаар куруу документтерине, курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине шайкеш келээри жөнүндө маалыматтар жана жер участкаларынын уруксат берилген пайдаланууларынын түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери:
Негизги шаар куруу регламенти төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- уруксат берилген пайдалануу түрлөрү;
- курулуштардын жер участкаларынын чектерине карата минималдык жеткирилбеши (отступ);
- курулуштардын чегине жеткен (максималдык жана/же минималдык) кабаттуулугу (бийиктиги);
- максималдуу мүмкүн болгон аянт жана участканы куруу пайызы.
Жер участкасынын жайгашуусуна жана обьекттин функционалдык багытталышына жараша төмөндөгүдөй кошумча талаптар орнотулушу мүмкүн:
- абат (благоустройство) жана фасад боюнча талаптар;
- санын көрсөтүү менен (эгер талап кылынса) унаа токтотуучу жайды жана курулуш мезгилинде убактылуу пайдаланылуучу менен бирге участкадагы өтмөктөрдү уюштуруу;
- курулуш жүрүп жаткан аянттагы инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандардан башкалары) алып чыгуу боюнча талаптар;
в) обьектти инженердик-техникалык кызматтар тарабынан берилген инженердик тармактарга кошуунун алдын алынган техникалык шарттары;
Жер участкасынын планы территориалдык архитектура жана курулуш органынын жетекчиси тарабынан кол коюлат. Жер участкасынын Планын даярдоодо жер-жерлерге чектерди орнотуу камсыз кылынат жана бул туурасында Планга тиешелүү жазуу киргизилет.
44. Жер участкасынын Планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма келип түшкөндөн тартып 25 жумушчу күндү кучагына камтыйт.
45. Жер участкасын тариздөө төмөндөгүдөй жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежеде жүзөгө ашырылуусу мүмкүн:
Айыл өкмөтү арыз келип түшкөндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына арыз көчүрмөсү кошо тиркелген тапшырманы жөнөтөт. Ыйгарымдуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуш тилектери жана участканын болжолдуу аянты жана жайгашкан орду көрсөтүлөт. Жер участкасынын көлөмү келип түшкөн арызды эске алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарымдуу орган тарабынан аныкталат. Аймактык архитектура жана курулуш органы 5 жумушчу күндүн ичинде суроо-талап болгон жер участкасы боюнча шаар куруу документтери менен курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери боюнча жарыяланган курулуш каалоо-тилектердин шайкештигин орнотот. Жарыяланган каалоо-тилектердин шайкеш келбестиги аныкталган учурда аймактык архитектура органы кийинки күндөн кеч калтырбастан ыйгарымдуу органга суроо-талап болгон жер участкасы боюнча жарыяланган курулуш тилектеринин дал келбестиги жөнүндө корутунду жөнөтөт. Жарыяланган каалоо-тилектердин шайкеш келбестиги аныкталган учурда аймактык архитектура органы бекитилген мөөнөт ичинде (7-10 жумушчу күн) 1:500 масштабдын топографиялык негизинде аткарылган жер участкасынын схемасын даярдайт жана анда төмөнкүлөр камтылган:
- бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн же участка чектери кыймылсыз мүлк обьектилерине же геодезиялык белгилерге туташкан жер участкаларынын чектери;
- жер участкасы боюнча өтүүчү инженердик-техникалык тармактардын трассасы.
46. Аукцион өткөрүүнүн эрежеси:
Айлы өкмөтүнөн турган Ыйгарымдуу орган аукцион башталаардан мурда аукционго келген катышуучуларды каттоодон өткөрөт жана аларга номур ыйгарылган табличкаларды тапшырат. Аукционду комиссия тарабынан дайындалган аукцион өткөрүүчү алып барат. Аукциондогу соода амалдарынын башталышы болуп, аукцион өткөрүүчү тарабынан лот номуру, соода предметинин жана аукциондук кадамдын старттык наркы жарыяланган учур саналат. Лотту старттык баа боюнча сатып алууну каалаган аукцион катышуучусу аукцион өткөрүүчү адамга номуру көрүнгүдөй кылып өз табличкасын көтөрүү менен аталган баа боюнча лотту сатып ала тургандыгын ырастайт. Аукцион катышуучусунун ар бир сунушту кабыл алуусу аукцион өткөрүп жаткан адам тарабынан катышуучунун номурун жана ал сунуш кылган бааны жар салуу менен ырасталат. Ар бир жаңы сунуш мурдагы айтылган сунуштардан жок эле дегенде бир кадамга жогору болуусу керек. Эгерде аукцион өткөрүүчү тарабынан акыркы баа үч жолу жарыялангандыгына карабастан кайсы бир катышуучу тарабынан жогорку баа сунуш кылынбаса, аукцион өткөрүүчү бир эле мезгилде балканы уруу жолу менен соода обьектиси акыркы бааны сунуш кылган сатып алуучуга сатылгандыгын жарыялайт; Аукциондо баштапкы бааны үч жолу жарыялоодон кийин деле обьектини сатып алууга даяр сатып алуучулар табылбаса, аукцион өткөрүүчү обьект баасын төмөндөтүүгө акылуу, бирок 10 пайыздан ашык эмес; эгерде аукцион өткөрүүчү тарабынан старттык баа үч мертебе жарыяланып, баа 10%га төмөндөтүлгөндүгүнө карабастан сатып алууну каалагандар табылбаса, бул лот сатыктан алынып салынат.
47. Конкурстун өткөрүлүү тартиби
Конкурстун билдирүүдө жана маалымат пакетинде көрсөтүлгөн шарттарына жооп берген конкурстук сунуштама конкурстун катышуучусу тарабынан чапталган конвертте конкурс өткөрүлгөн күнкү комиссиянын отурумунда белгиленген мөөнөттөн кечиктирилбестен көрсөтүлөт. Бир катышуучуга таандык бир лоттон бир гана конкурстук сунуштама көрсөтүлүшү мүмкүн. Конкурстук сунуштамалар аларды кабыл алуу аяктагандан кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн түздөн-түз катышуусунда ачылат. Комиссия келип түшкөн сунуштамаларды кезеги менен ачып, катышуучунун катар номерин фамилиясын, атын, ата ысымын же аттарын, катышуучу тарабынан сунушталган конкурстун негизги шарттарын (жер участокторунун наркын же ижара төлөмдөрүн кошуп) угузуу менен, конкурстук сунуштамаларды ачкандан кийинки жыйынтыктарды протоколго түшүрөт жана конкурстук сунуштамаларды баалоого киришет. Конкурстук сунуштамаларды баалоо алар ачылган күнү конкурстук документацияда аныкталган критерийлерге ылайык жүргүзүлөт. Конкурстук сунуштамаларды баалоо кошумча убакытты талап кылып калган бөтөнчө учурларда конкурсту өткөрүүнүн мөөнөтү үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы ыктымал. Мындай жагдай комиссиянын отурумуна катышкан анын мүчөлөрү менен катышуучуларынын колу коюлган конкурстук сунуштамаларды ачуунун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколго түшүрүлүшү шарт. Сунушталган билдирүүлөрдү баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстук сунуштамаларын түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен конкурстун катышуучуларына кайрылуу укугуна ээ. Конкурстук жол менен жер участкаларына болгон укукка ээ болууга талапкер физикалык жана юридикалык жактар Бешкент айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылышат. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек: -Арыз жазган тарап тууралуу маалымат (аны бир жактуу идентификациялоого зарыл деп табылган маалымат, юридикалык тараптар кошумча маалымат катары, чет элдик же чет элдик капиталдын үлүшү бар биргелешкен ишкана, же болбосо таза ата мекендик ишкана экендиктерин көрсөтүүлөрү зарыл); -жер участогуна суралып жаткан укуктун түрү; -участоктун аянты жана аны жайгашкан орду; -Жер территориясы же кыймылсыз мүлк объектиси (эгерде болсо) жөнүндө маалымат; -Берилүүчү участокто ишке ашырылуучу инвестициялык-курулуш иш-чараларынын баяндалышы; Буга кошумча конкурстун катышуучулары комиссияга жана Айылдык Кенештин депутаттарына ижарага алынган территорияны кандай максатта пайдалана тургандыгы жөнүндө, ошондой эле ижарага алынган участокто жүргүзүлгөн курулуштун кийинки тагдыры боюнча милдеттүү түрдө презентация өткөрүп берүүлөрү шарт. Конкурстук шарттардын маңызын эч кандай өзгөртүүлөргө жол берилбейт, ошону менен эле катар конкурстун катышуучусу тарабынан сунушталган жер участкасынын наркы же ижара акысынын өлчөмү, көрсөтүлгөн конкурстук сунуштамадагы катышуучу менен комиссиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр өзгөртүлбөйт. Конкурстук документациянын талабына ылайык келбеген жана конкурстун критерийлерине жооп бербеген конкурстук сунуштамалар комиссия тарабынан кабыл алынбайт. Конкурс комиссия тарабынан ушул жобонун 39 пункттунда жазылып, алдын ала белгиленген критерийлердин негизинде 100 баллдык системада жүргүзлөт. Конкурстук сунуштамаларды баалоонун жыйынтыгы менен конкурстун эң мыкты деген шарттарды сунуштаган жеңүүчүсү аныкталат. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлүп, ага отурумга катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн жана конкурстун жеңүүчүсүнүн колу коюлат.
48. Түз сатуу жолу менен жер участогуна укук ыйгаруу тартиби:
Түз сатуу комиссия тарабынан түз сатуу жолу менен жер участогуна укук ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган мезгилден тартып 15 жумушчу күн аралыгында өткөрүлөт. Ыйгарым укуктуу орган түз сатуу жолу менен жер участогуна укук ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган мезгилден тартып 3 жумушчу күндүн ичинде арыз берген тарапты түз сатуунун датасы жана орду туурасында маалымдоо менен маалымат пакетин жөнөтүшү керек. Түз сатуу комиссия тарабынан арыз берүүчү тарап менен бериле турган жер участкасынын наркына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жер участкасынын баштапкы наркын бааланыш наркынын 20 пайыздык чегинде жогорулатуу же төмөндөтүү укугуна ээ. Арыз берүүчү тарап сүйлөшүүлөрдүн каалаган стадиясында жер участогун сатып алуудан баш тартуу укугуна ээ. Түз сатуу жолу менен жер участкаларына болгон укукка ээ болууга талапкер физикалык жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүшү керек: -Арыз жазган тарап тууралуу маалымат (аны бир жактуу идентификациялоого зарыл деп табылган маалымат, юридикалык тараптар кошумча маалымат катары, ишкана чет элдик экендигин көрсөтүүлөрү зарыл);
- жер участогуна суралып жаткан укуктун түрү;
-участоктун аянты жана аны жайгашкан орду; -жер территориясы же кыймылсыз мүлк объектиси (эгерде болсо) жөнүндө маалымат; -Берилүүчү участокто ишке ашырылуучу инвестициялык-курулуш иш-чараларынын баяндалышы.
V. Жер участкасы, субаренда, сатуу жана күрөөгө коюу укугун берγγнγн ѳзгѳчѳ шарттары
49. Жер участогун ижаралоо укугу Бешкент айыл өкмөтү тарабынан физикалык жана юридикалык жактарга (арыз берүүчүлөр) түз сатуу жолу менен төмөндөгүдөй учурларда берилет, Эгерде:
а)Алгач утурумдук (убактылуу) пайдаланууга алынган жер участкасында ушул адамдарга тиешелүү менчик укугундагы имарат жана курулмалар анын ичинде бүтпөгөн курулуштар жайгашса;
б) Эки ирет белгиленген тартипте ачык сатыкка коюлуп, бирок ижарага берилбеген жер участкалары болсо;
в) Жер участкасы ушул адамдарга тиешелүү менчик укугундагы имарат жана курулуштарга туташып (чектешип) турса, көрсөтүлгөн объектилерге кирүү топторун куруу үчүн, ошондой эле бар объектинин ыңгайлаштыруу же аянтын кеңейтүү максатында ал объектиге улай курулуш куруу төмөндөгүдөй шарттардын сакталышы менен жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлгөн жер участкасы кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары курулбайт жана мындай жер участогуна болгон укуктун үчүнчү тараптарга берилиши көрсөтүлгөн имараттар менен курулуштардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн;
г) Жер участкасы ушул адамдарга тиешелүү менчик укугундагы имарат жана курулуштардын бир бөлүгүнө туташып (чектешип) же көрсөтүлгөн имарат жана курулуштарга жакын жайгашып турса жана тейлөө максатында унаа токтотмо орундарды түзүү талап кылынып жатса, мындай учурда да жер участогуна болгон укуктун үчүнчү тараптарга берилиши көрсөтүлгөн имараттар менен курулуштардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келиши ыктымал;
50. Башкы ижарачы инвестиция тартуу жана инвестиция салууга кызыктыруучу башка долбоорлорду түзүү максатында Жободо көрсөтүлгөн ижарага берүү мөөнөтүнө ылайык өзүнүн ижарага алган территориясын башка ижарачыларга менчик ээсин б.а., Айыл Өкмөтүн маалымдоо менен субарендага бере алат. Субарендага берүү үчүн нотариалдык келишим түзүлүп, ал келишим КРнын ички жана тышкы инвестиция тартуу боюнча башка мыйзам актыларына карама-каршы келбеши керек.
51. КРнын Жер Кодексинин жоболору менен беренелерин жана архитектуралык-шаар куруу нормаларына таянуу менен ижарага берүүчү/ижарачы имараттарды, курулуштарды курууга укуктуу, ошону менен бирге технологияларды жана жабдууларды алуу, негизги каражаттарды, анын ичинде ижарадагы мүлктү сатуу боюнча ар кандай амалдарды жүргүзүү укугуна ээ. Бирок муниципалдык менчикте турган жерди сатууга жол берилбейт.
52. Калк жайгашкан пункттардагы коомдук колдонулуудагы жерлер менчикке берилбейт. Бөтөнчө жагдайларда, мындай жерлер ыйгарым укуктуу орган тарабынан кыска мөөнөттүү ижарага беш жылга чейинки мөөнөткө ижарага берилет. Сөз болуп жаткан жерлерде жеңилдетилген типтеги курулуштар жана имараттардын тургузулушуна уруксат берилиши мүмкүн.
53. Ижарачы жана субарендатор ижарага алган участкада мүлктүк жана мүлктүк эмес активдерди үчүнчү тарапка сатуу укугуна ээ.
54. Ижарачы жана субарендатор мүлктүк активдерин КРнын жарандыгын албаган жарандарга сатууга укугу жок.
55. Ижарага берүүчү жана ижарачынын эки тараптуу мамилесин чектөөчү юридикалык милдеттемелер өзүнчө түзүлгөн келишимде кенен чагылдырылат. Ижарага берүүчү ижарага алуунун эки тараптуу келишими ачык бузулмайын келишимди бир тараптуу бузууга укугу жок.
56. Ижарага алынган муниципиалдык жер банктык , биржалык амалдарда күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.
57. Ижарага берүүчү ижарадагы мүлк менен жер территорияларынын макамын ижарачынын макулдугусуз өз эркинче өзгөртө албайт.
58. Коррупциялык кырдаалдарды алдын алуу максатында ижаралык төлөм ижарага берүүчү тарабынан үч жылда бир ирет аныкталып, анын көлөмү инфляциялык жана башка форс-мажордук кырдаалдарды эске алуу менен Айылдык кенештин сессиясында бекитилет. Ижарага берүүчү ижарачыга ижара төлөмүнүн көтөрүлүшүнүн же төмөндөшүүнүн эсеп калькуляциясын көрсөтүшү керек. Согушка, өрткө, суу ташкындарына, чек аралардын жабылышына же башка чукул кырдаалдарга байланыштуу келип чыккан тараптардан көз каранды болбогон өзгөчө кырдаалдарда ижаралык жана башка төлөмдөр ижарачы тарабынан төлөнбөйт.
59. Эгерде катышуучу сатуу процессине физикалык тарап катары катышып, аукцион же конкурстун жыйынтыгы менен утушка ээ болсо, кийинки кадам катары консолидация жолу менен юридикалык тарапты анын түздөн-түз катышуусу менен түзө алат жана мындай учурда ижарага берүүчү тарап амалдарды юридикалык тарап менен КРнын мыйзам актыларынын чегинде жүргүзүү укугуна ээ болот. Бул учурда бардык жоопкерчилик жана салык, ижара боюнча милдеттемелер юридикалык тарапка өтөт.
60. Ижарага берүүчү ижарага берилүүчү мүлк менен жер территорияларынын макамын ижарачынын макулдугусуз өз эркинче аныктоого өзгөртүүгө укугу жок.
61. Ижарага алынган территорияда курулуштар менен имараттардын курулушунда экспертизадан өтүүгө жана мамлекеттик органдардан уруксат алууга кеткен чыгымдарга ижарага берүүчү тарап жеке жоопкерчилик алат.
VI. Ѳткѳрγлгѳн соода жыйынтыгы боюнча документтерди толтуруунун эрежелери
62. Сатуунун жүрүшүндө объектиге карата акыркы наркты сунуштаган аукциондун катышуучусу же эң мыкты деген шарттарды сунуштаган конкурстун катышуучусу жеңүүчү катары жарыяланып, ошол эле күнү сатууларды уюштуруучусунун өкүлүнө өзүнүн катышуучу катары номерин көрсөтүү менен сатуунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюшу керек. Протокол үч нускада даярдалып, ага комиссиянын төрагасы жана аукциондун колу коюлуп, Айыл Өкмөтүнүн мөөрү менен тастыкталат.
63. Протоколдо төмөндөгүдөй маалыматтар камтылышы керек: Сатылган объектинин баштапкы(старттык) жана акыркы сунушталган наркы, кепилдик кирүү төлөмүнүн (взностун) көлөмү, ижарага кол койгон тараптардын милдеттемелери жана Бешкент айыл өкмөтүнүн эсеп номери жазылат. Сатуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдун бир нускасы сатып алуучуга берилет.
64. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы же сатып алуучу тараптан болгон ынтаасыз атаандаштык жана коррупциялык схемалар аныкталган учурларда комиссия каалаган учурда сатуудан жарыяланган лотту алып таштоо менен лот боюнча сатуунун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу. Эгерде катышуучунун ынтаасыз атаандаштыгы аныкталса, анда ал катышып жаткан лоту боюнча кийинки катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ага кепилдик кирүү төлөмү (взнос) кайтарылып берилбейт.
65. Сатуунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдун негизинде протоколго кол коюлган күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде сатып алуучу менен жер участкасынын ижарасы боюнча келишим түзүлөт.
66.Төлөм ижара келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
67. Ижара келишими мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү шарт. Ижарага болгон укук жер участкасын убактылуу пайдалануу укугу күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Укукту күбөлөндүргөн документтер сатып алуу жана сатуу же жер участкасын ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөндөн тартып бир айдын ичинде даярдалып берилет.
68. Сатып алуучунун күнөөсү менен төлөмдөрдүн мөөнөтү же келишимдин башка шарттары бузулган учурда келишим жокко чыгарылып, кепилдик кирүү төлөмү (взнос) кайтарылып берилбейт.
69. Сатуунун жыйынтыктары боюнча маалымат аукциондун, конкурстун же мүлктү түз сатуунун жыйынтыктарына кол коюлгандан кийин 10-15 күндүн ичинде комиссия тарабынан массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
VII. Акча каражаттарынын бөлүштүрүлүшү
70. Жер участкаларын ижарага өткөрүп берүүдөн, кайтарылбаган кепилдик кирүү төлөмдөрдөн (взностордон) түшкөн акча каражаттары Бешкент Айыл Өкмөтүнүн атайын эсебине которулат. Жерлерди сатуудан түшкөн акча каражаттарынан ишке тартылган уюмдардын кызмат акысы төлөнүп берилет. Мамкаттоонун архитектуралык кызматы, аукциончунун, көз карандысыз баалоочунун жана башкалардын, ошондой эле сатылуучу жер участкаларынын маалымат пакетинин даярдалышына, жарнамага сарпталган жана башка чыгымдар төлөнүп берилет.
71. Эгерде жер участкасында курулуштар, курулмалар, бүтпөй калган өндүрүш объектилери, же болбосо мурунку жылдарга тиешелүү өндүрүшкө салынган каражаттар болсо же жер участкасынын карыздык милдеттемелери бар болгон учурда, аларды сатуудан түшкөн сумма биринчи кезекте, карыздарды жана сарпталган каражаттарды жабууга жумшалат.
VII. Корутунду жоболор
72. Жер участкаларын берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери КРнын мыйзамдарына ылайык даттанууга кириптелиши мүмкүн.
Бешкент айылдык Кенешинин төрагасы:
О.Баховатдинов
2014-жылдын 23-июлу. Бешкент айылы, Баткен облусу
Эскертүү: Бул Жобо Интернет сайтына жарыялангандан кийин КРнын Юстиция министрлигинде каттоодон өтөт.
Бешкент Айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жер участкаларын кайтарым жолу менен берүүнүн же ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого Тиркеме ЖЕР УЧАСТКАСЫНЫН ПЛАНЫ Жер участкасынын параметрлери (мүнөздөмөсү): Жер участкасынын идентификациялык коду:_______________________ ____________________________________________________________ Объектинин (жер участкасынын) орду ____________________________ ____________________________________________________________ Жер участкасынын чектери (Куrg-06 координаталар системасындагы бурчтук чекиттер координалары: _____________________________________________________________ Жер участкасынын аянты_______________________ Райондун сейсмикалуулугу_____________________ Жер катмарындагы суулардын жайгашуу тереңдиги__________________ Участоктун табигый жана техногендик кооптуу процесстерге болгон кириптерлиги (кириптир эместиги)__________________________________
1.Географиялык бөлүм:
М 1:500 топографиялык негизде жер участкасынын чек аралары, учурдагы инженердик трассалар, курулуш сызыктары, кызыл, сары, жашыл сызыктар көрсөтүлгөн жер участкасынын схемасы.
2.Тексттик бөлүм:
_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
1.Тандалып алынган жер участкасынын арыз менен кайрылгандарга дал келиши
Шаар куруу документацияларын, курулуш эрежелерин жана жерди пайдалануу максаты (пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү) ______________________________________________________________ -Жалпы план: Шаар куруунун, курулуш эрежелеринин жана жерди пайдалануунун (реквизиттер менен) аларга дал келген документацияларын көрсөтүү -Деталдуу пландоонун долбоору _______________________________________________________ -Шаар куруунун башка документациясы _________________________________________________________
- Курулуш жана жерди пайдалануунун эрежелери
_________________________________________________________
2.Жер участкаларын пайдалануу боюнча шаар куруунун негизги регламенттери (жер участкасын уруксаттуу пайдалануу чектик параметрлери)
________________________________________________________
2.1. Жер участкасын уруксаттуу пайдалануунун түрлөрү
______________________________________________________
2.2.Жер участкасынын чегинен минималдык четтөөлөр
_______________________________________________________
2.3.Кабаттуулуктун чеги
(объектинин максималдуу же минималдуу кабатуулугу (бийиктиги) _________________________________________________________
2.4.Максималдуу пайыз жана участкадагы курулуштун аянты
_________________________________________________
3.Шаар куруунун кошумча регламенттери, негизгилерине чектөөлөр жана талаптар:
3.1.Жер участкасынын тиешелүү чектөөлөр киргизилген зоналарда жайгашып калган учурлар
-Тарыхый жана маданий эстеликтерди сактоо шарттары боюнча шарттарды көрсөтүү _________________________________________________________ -Санитардык жактан корголгон зоналарынын жана санитардык коргоо зоналарынын шарттары боюнча _______________________________________________________ -Суунун коргоо шарттары боюнча _______________________________________________________ -Экологиялык шарттар боюнча _______________________________________________________
3.2. Алган ордуна жана функционалдык максатына ылайык жер участкасын пайдаланууга болгон кошумча талаптар
_________________________________________________________ Ыңгайлаштырып куруу боюнча талаптар _________________________________________________________ Фасаддарга болгон талап ___________________________________________________________ Унаа токтотмо жайларды жана участкага кирчү жолдорду уюштурууга болгон талап (унаа токтотмо жайлардын саны) ___________________________________________________________
4.Инженердик негизги түйүндөргө кошулуунун шарттары
____________________________________________________________
4.1.Инженердик түйүндөр
____________________________________________________________ Электр менен камсыздоо Кошулуу чекитин жана ага чейинки Аралыкты көрсөтүү ______________________________________________________________ Суу менен камсыздоо _________________________________________________________________ Канализация _______________________________________________________________ Жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо ______________________________________________________________ Газ менен камсыздоо ______________________________________________________________ Телефондоштуруу ________________________________________________________________
4.2.Пайдаланууга берилген территориядан трассалардын, инженердик түйүндөрдүн өткөрүлүшү боюнча талаптар
________________________________________________________________
4.3.Инженердик курулуштарды жайгаштыруу боюнча талаптар:
-трансформатордук түйүн; -шкафтык газды жөнгө салуучу пункт -Көтөрмө насостук станция ________________________________________________________________
4.4.Иштеп турган инженердик түйүндөр туурасында маалымат жана зарыл учурдааларды башка орунга которуу боюнча талаптар
3.Инженердик-техникалык кызматтар тарабынан сунушталган инженердик-техникалык шарттар.
4.Ыйгарым укуктуу органдардын экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугу боюнча, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо ошондой эле жашыл көчөттөрдү асыроо жана коргоо боюнча жободо каралган корутундулары.
Башчы (кызматы, архитектура жана курулуш органынын аймактагы жетекчисинин аты-жөнү) Датасы: ______________________________________________ Колу_________________________________________________
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.