# Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 2 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө." токтому

- Полное наименование: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 2 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө." токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 30.04.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.04.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/220872>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18506/edition/670881/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.04.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2014-жылдын 30-апрелиндеги № 2 "Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө." токтому (ред. от 30.04.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/220872

---

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышы)

кезектеги он төртүнчү сессиясынын заседаниясы

2014-жылдын 30-апрели № 2 Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштар жана 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин эсебинде 6183 гектар жайыт жерлар айыл тургундарына ижарага берүү жолу менен пайдаланылат. 2013-жылда жайыт жерден пайдалануу боюнча айыл тургундары менен 68 келишим түзүлүп жерлер ижарага берилген. Ижарага берилген жерлер жана жайыттан пайдалану боюнча берилген жайыт билеттер үчүн жалпысы болуп 369950 сом акча каражаттары жыйналган. Топтолгон акчалар бекитилген бюджет боюнча сарпталган. Атап айтканда Мечит- Миян участоктун жолун ондоого, Чили-Сай капчыгайына ветеринардык пост уюштурууга жана башка жерлерди ремонтоо, ондоо иштери жүргүзүлгөн. 2014-жылдын бюджетин киреше бөлүгүнө 370600 сом, чыгаша бөлүгүнө 370600 сом пландаштырылган. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары жана 2014-жылга карата бюджети боюнча жайыт комитетинин отчетун угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2013-жылда аткарган жумуштары боюнча жайыт комитетинин отчети канаттандырарлы деп табылсын

2. Жаңы-Ноокат жайыт комитетинин 2014 жылга карата киреше бөлугу 370600 сомга чыгаша бөлүгү 370600 сом менен бекитилсин.

3. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы жайыт жерлерден пайдалануу боюнча эрежелерди бузуп, токойлорга зыян жеткирген жана уруксатсыз жайыт жерден пайдаланган атуулдарга карата жаза колдону боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- августь 1992-жылдагы № 403 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7- сентябрындагы № 668, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3- майындагы № 224 токтомдорунун негизинде иштелип чыгылган иш чаралар бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы:

А.Имамов
