# Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 45 "Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ" токтому

- Полное наименование: Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 45 "Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 45
- Дата принятия: 18.02.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.02.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/220847>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18481/edition/670822/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.02.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы № 45 "Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ" токтому (ред. от 18.02.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/220847

---

ДѲҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Дѳң-Булак айылдык кеңешинин (V ) шайланган кезектеги 7-сессиясы

2014-жылдын 18-февралы № 45 Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳ Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитγγ жѳнγндѳгγ маселе айыл ѳкмѳтγнγн кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде карап, Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγ ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2013-жылы Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγ 23896,0 мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 21392,9 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2014-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджети кирешелери жана чыгашалары 11855,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

3. Айыл ѳкмѳтγнγн 2015-2016-жылдарга жактырылган болжолдуу кѳрсѳткγчтѳрγ № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдын 28-майындагы № 323 токтомунун эскертмесине ылайык Дѳң-Булак айылдык кеңешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 7 токтомунун негизинде 3 (уч) Аскер кызматы багытында жана 9 (тогуз) айыл башчы штаттык бирдиктери киргизилсин.

5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 118,0 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы,социалдык фондко чегерγγ,тамак-аш, дары-дармек жана милдеттγγ медициналык камсыздандырууга чегерγγлѳр) каржылануусу белгиленсин.

7. Айланма кассалык калдык (Оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча жургγзγлγγчγ накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 300,0 мин.сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.

8. Айыл ѳкмѳтγнγн 2012-жылы бюджеттин чыгаша бѳлγгγнѳ белгиленип каржыланбай калган каражаттар 2014-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.

9. 2014-жылдын 1-январына бош калган 3283,4 миң сом бюд.еттик каражатын жыл ичинде Дѳң-Булак айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы социалдык маселелерди калыптандырууга кошумча эсептѳѳлѳрдγ аткаргандан кийин сарпталуусу белгиленсин.

10. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысы К.Абдибаетовго милдеттендирилсин.

Дѳң-Булак айыл кеңешинин тѳрагасы:

А.Тагаев
