# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 9/27 "Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө." токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 9/27 "Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө." токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9/27
- Дата принятия: 06.09.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.09.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/220789>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-18423/edition/697452/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.09.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 9/27 "Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө." токтому (ред. от 06.09.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/220789

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 6-сентябры № 9/27 Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эсебинен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акыларына кошумча эмгек акы төлөп берүүнү киргизүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы № 101 Мыйзамынын 31–беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 29–февралындагы №157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө” Жобого негиз, Кызыл-Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын социалдык кызматкерлерини 2013–жылдын 2–июлундагы №1157 кайрылуу каты шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып макулдук берилгендигин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012–жылдын 29–февралындагы № 157 токтому менен бекитилген“Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө” Жобого, Кыргыз Республикасынын 2004–жылдын 4–августундагы №106–“Эмгек Кодексинин” 156–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2013–жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча шаардык кеңештин 2013–жылдын 28–мартындагы № 4/11 токтомунун № 4–тиркемесине ылайык, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгын аппаратынын жана социалдык кызматкерлеринин эмгек акысынын базовый ставкасынан 50% өлчөмүндө кошумча эмгек акы төлөп берүү 2013–жылдын II жарым жылдыгынан баштап киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы:

А.Маткалыков
