Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги XV сессиясы
2014-жылдын 16-июлу № 9 Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын уюшулгандыгынын 10 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 25- июнь 2004- жылдагы №25 Мыйзамы менен “Кыргыз Республикасынын Нарын обусундагы Тяньшань районун Нарын району деп кайра атоо жана Кыргыз Республикасынын Нарын областындагы Нарын районунун курамынан Нарын шаарын чыгаруу жөнүндө жана ага областык маанидеги шаардын статусун берүү тууралу” Мыйзамы чыккан. Мыйзамга ылайык 6-июль 2004- жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 218 Жарлыгы менен Нарын шаары облустук маанидеги шаардын статусун алып, Нарын шаардык Кеңеши түзүлүп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка Мыйзамдарын жетекчилике алуу менен шаарыбыздын уюштуруу, финансалык жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 2014-жылы Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл болгондугуна байланыштуу, 17-сентябрь Нарын шаарынын күнүнө карата 10 жылдыкты белгилөө үчүн атайын иш чара уюштуруу, өткөрүү шаардык Кеңештин депутаттарынын макулдугунун негизинде ишке ашырылмакчы. Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Шаардык Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын облустук маанидеги шаар статусун алгандыгына 10 жыл толгондугун белгилөө 17-сентябрь 2014-жылдагы Нарын шаарынын күнүнө карата өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Нарын шаардык Кеңешинин , Нарын шаардык мэриясынын 10 жылдыгына карата өткөрүлүүчү иш чараны уюштурууга шаардык мэриянын жоопту кызматкерлеринен жана депутаттардын курамынан атайын комиссия түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага:
Э.Турсуналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Указ Президента КР от 6 июля 2004 года № 218 "Об органах управления города Нарын Нарынской области Кыргызской Республики"Указ · 06.07.2004 · № 218
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу