Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айылдык кеңешинин «Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө» токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин V чакырылышынын
кезектеги 3 сессиясы
2013-жылдын 13-февралы №3-3
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жайыт комитетинин 2012-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2012-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2012-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айылдык округдун жайыт комитетинин төрагасы К.Рустамовдун 2013-жылда бюджети боюнча божомол иш мерчеми бекитилсин.
3. ЖПБнын төрагасына айылдык округ тарабынан өткөрүлүп берилген жери 8672га анын ичинен 6100га пайдаланууга жарактуу жайыт жери бекитилсин жана жайыт жерлерин туура пайдалануу жана мыйзамдардын негизинде иш чара алып баруу тапшырылсын.
4. Т.Кулатов айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети тарабынан ар бир кара малга жыл ичинде 68 сом, жылкыларга 80 сом, койлорго 25 сом, эчкилерге жакынкы жайытка чыккандарга 25 сом, ортонку жана алыскы жайытты пайдалануучуларга 45 сом тарифи жана чет жактан келген жайыт пайдалануучуларга бир сезонго бир баш кара малга 500 сом, жылкыга 500 сом, кой,эчкиге 100 сом тарифин бекитип берүү сунушу бекитилсин.
5. Т.Кулатов айылдык округунун убактылуу пайдаланууга берилген 6100 га жайыт жеринин алыскы жайыттарында эгин айдоо же чөп алуу максатында тосуп алган жердин бир сотыгы учүн 10 сомдон, жакынкы жайыттардагы ынгайсыз деп өздөштүрүүгө берилген кайрак, таштак жайыт жеринен ар бир сотыгына 40 сомдон тарифин бекитүү жөнүндөгү сунушу бекитилсин.
6. Т.Кулатов айылдык округунун убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген 6100 га жайыт жеринин карамагындагы токойлорго материалдык жактан келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 17.08.1992-жылдагы №403 токтомунун 3-пунктунун негизине ылайык жазана белгилөө , жаныбарлар дүйнөсүнө келтирилген зыянга төлөнүүчү айып өлчөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы № 402 токтомунун негизинде белгиленүү бекитилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча жана «айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо» боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко жүктолсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык
кеңешинин торагасы:
А.Ажибаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства РК от 17 августа 1992 года №402 "Об утверждении такс для исчисления размеров исков за ущерб, причиненный ресурсам животного и растительного мира, а…Постановление · 17.08.1992 · № 402 · Утратил силу