# Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген кырдаалда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 370-т тескемесине)

- Полное наименование: Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген кырдаалда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 370-т тескемесине)
- Вид акта: Распоряжение
- Номер: 370-р
- Дата принятия: 06.07.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.07.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/219658>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-18904/edition/1260281/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.07.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген кырдаалда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 370-т тескемесине) (ред. от 06.07.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/219658

---

Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 6-июлундагы № 370-т тескемесине)

Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген кырдаалда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо эл аралык милдеттенмелерге ылайык жана Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен башпаанек издеген, чукулунан жапырт тартипте келген жана Кыргыз Республикасынын аймагында башпаанек берүүгө кайрылган адамдардын укуктарын коргоо принциптерин камсыз кылууну карайт.

2. Бул Жобонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

- башпаанек издеген адамдардын укуктук, дене боюнун жана материалдык коопсуздугун камсыздоо;

- чукулунан жапырт тартипте келген адамдарды кабыл алуу жана жайгаштыруу, каттоо, документтештирүү жана башка жардамдарды көрсөтүү маселелерин координациялоо;

- материалдык-техникалык ресурстардын эсебин жүргүзүү жана мобилизациялоо.

3. Бул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:

башпаапек издеген адамдардын чукулунан жапырт келүүсү - башпаанек издеген адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына пландалбаган жана бир убакта жапырт келүүсүнө байланышкан кырдаал, мында башпаанек издеген адамдарды жекече тартипте кабыл алуу кыйын же мүмкүн эмес болот; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - жарандык коргонуу жаатындагы, ички иштер, тышкы саясат, саламаттык сактоо, миграция, социалдык камсыздоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу, бажы иши, калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын. Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар); Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы - БУУнун системасындагы качкындарга жардам көрсөтүү менен алектенген уюм (мындан ары - БУУнун КИЖКБ); фильтрациялык пункт - чукулунан жапырт тартипте келген адамдардын ким экендигин аныктоо жана аларды андан ары жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн түзүлгөн атайын объект; убактылуу жайгаштыруу жайы - кабыл алуу пункту же талаа лагери; аялуу адамдар - балдар жана өспүрүмдөр, балалуу жалгыз бой ата-энелер, улгайгандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жаракат алгандар, оорулуулар, кош бойлуулар жана бала эмизген аялдар, зомбулуктун курмандыктары.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген адамдар менен болгон кырдаалды чечүүнүн бардык этаптарында БУУнун КИЖКБ менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

5. Адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:

- чукулунан жапырт тартипте келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга качкын деп таануу жөнүндө өтүнүч менен кайрылуу укугун камсыз кылат;

- чукулунан жапырт тартипте келген адамдарды басмырлабоо принцибин сактоону камсыз кылат;

- жайгаштыруу жайларынын жарандык (гуманитардык) мүнөзүн сактайт;

- чукулунан жапырт тартипте келген адамдарга тиешелүү болгон маалыматтардын купуялуулугун сактоону камсыз кылат;

- аялуу адамдарга артыкчылыктуу көңүл бурат.

6. Мамлекеттик органдар адамдар чукулунан жапырт тартипте келген учурда гуманитардык жардам көрсөтүүдө колдонулуучу универсалдуу эл аралык минималдык стандарттарды, анын ичинде БУУнун КИЖКБнын стандарттарын карманат.

7. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чукулунан жапырт тартипте келген адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайларында жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти камсыз кылат.

8. Иш-чараларды каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо эл аралык уюмдар, чет мамлекеттер, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан берилген каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.

9. Адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына жапырт келген учурда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

2. Адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт тартипте келген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинин тартиби

10. Адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлүүчү Республикалык штаб координациялоочу орган болуп саналат.

11. Чукулунан жапырт тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына келген адамдарды киргизүү жана зарыл болгон иш-чараларды аткаруу үчүн каражаттарды мобилизациялоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.

12. Байкоочу катары Республикалык штабга БУУнун КИЖКБнын жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. БУУнун КИЖКБнын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине чукулунан жапырт тартипте келген адамдар жүргөн бардык жерлерге кирүүгө уруксат берилет. Башка эл аралык уюмдардын кирүүсү Республикалык штаб менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

13. Башпаанек издеген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда Республикалык штаб төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:

- адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келүүсүнө чара көрүү боюнча иш-чараларды координациялоо жана уюштуруу боюнча;

- зарыл болгон ресурстарды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү боюнча;

- фильтрациялык пункттарды түзүү жана убактылуу жайгаштыруу жайларын аныктоо боюнча;

- башпаанек издеген аялуу адамдарга өзгөчө көңүл буруу боюнча;

- убактылуу жайгаштыруу жайларынын жетекчилерин дайындоо боюнча.

Республикалык штабдын чечимдери Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.

14. Адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келүүсүнө чара көрүү боюнча иш-чаралар үч багыт боюнча жүргүзүлөт: мамлекеттик чек ара, фильтрациялык пункт жана убактылуу жайгаштыруу жайы.

3. Мамлекеттик чек ара

15. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

- башпаанек издеген адамдардын мүмкүн болгон же иш жүзүндө Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келүүсү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымдайт;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген адамдарды киргизүү жөнүндө чечими кабыл алынган учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте алгачкы эсепке алууну (жалпы саны жана зарыл болгон маалыматтар) жүргүзүү менен башпаанек издеген адамдардын мамлекеттик чек арадан өтүүсүн камсыз кылат;

- коопсуздукту камсыз кылууда башка мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт.

16. Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда башпаанек издеген адамдардын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтеринин жоктугу Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүдөн баш тартууга себеп болбойт.

4. Фильтрациялык пункт

17. Фильтрациялык пункт тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү менен ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мындай пункттардын коопсуздук талаптарын эске алуу менен уюштурулат.

Фильтрациялык пункттун ишине жетекчилик кылуу жана уюштуруу ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

18. Фильтрациялык пункттун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген учурда башпаанек издеген адамдарды кабыл алуу;

- келген адамдардын ким экендигин аныктоо;

- куралды, ок-дарыларды, баңги каражаттарды жана мыйзамдарда ташып келүүгө тыюу салынган башка предметтерди алып өтүүгө бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүү;

- радиациялык жана химиялык контролду жүргүзүү;

- куралдуу жаңжалдарга катышкан адамдарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын курал менен кесип өткөн адамдарды, кылмышка шектүү адамдарды аныктоо, аларды кармоо жана башпаанек издеген башка адамдардан өзүнчө кармоо;

- ветеринардык жана фитосанитардык иш-чараларды уюштуруу;

- алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жана кооптуу инфекциялык оорууларды аныктоо максатында медициналык кароону өткөрүү;

- башпаанек издеген аялуу адамдарды аныктоо жана зарыл болгон учурда биринчи кезектеги жардамдарды көрсөтүү;

- башпаанек издеген, Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген адамдарды коштоону координациялоо жана андан ары убактылуу жайгаштыруу жайларына жайгаштыруу.

5. Убактылуу жайгаштыруу жайы

19. Башпаанек издеп Кыргыз Республикасынын аймагына чукулунан жапырт келген адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арадан 5 км кем эмес аралыкта түзүлгөн убактылуу жайгаштыруу жайларында жайгаштырылат.

20. Убактылуу жашоо жайларын жасалгалоону, башпаанек издеген адамдарды Кыргыз Республикасында убактылуу жашоо жайларына кабыл алуу жана жайгаштыруу боюнча ишти координациялоону жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.

21. Убактылуу жашоо жайларында төмөнкүлөр жүргүзүлөт:

- башпаанек издеген адамдарды каттоо;

- башпаанек издеген адамдарды коомдук объекттерде, палаткаларда жана убактылуу турак-жай катары каралган башка жайларда жайгаштыруу;

- медициналык жардам көрсөтүү;

- санитардык-гигиеналык жана эпидемиялогиялык контролду камсыздоо жана жүргүзүү;

- коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;

- аялуу адамдардын өзгөчө муктаждыктарын канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү.

22. Убактылуу жайгаштыруу жайын Республикалык штаб тарабынан аныкталган начальник жетектейт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде БУУнун КИЖКБ менен биргеликте курамына камсыздоонун төмөнкү түрлөрү боюнча жооптуулар кирген талаа лагеринин комитетин түзөт:

- коопсуздук жана коомдук тартип;

- азык-түлүк жана тамак-аш;

- суу менен камсыз кылуу;

- азык-түлүк эмес товарлар;

- санитария жана гигиена;

- саламаттык сактоо жана медициналык жардам;

- билим берүү;

- өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар үчүн психологиялык жана юридикалык жардам, кызмат көрсөтүүлөр;

- электр жана жарык берүү;

- транспорт жана байланыш.

23. Убактылуу жайгаштыруу жайларында жүргөн адамдар Республикалык штабдын чечимдери менен каралган учурларды кошпогондо, көрсөтүлгөн аймактан чыгып кете албайт.
