# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 172 "“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 172 "“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 172
- Дата принятия: 24.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/217943>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17627/edition/984177/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 172 "“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 24.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/217943

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы

2019-жылдын 24-октябры № 172 “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши” мекемесинин Регламентин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү (филиалдарды ) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин Регламентин талкулоонун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши”мекемесинин Регламентин бекитилсин.

2. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Чекировага тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Э.Сагынбеков
