Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ кезектеги он бешинчи сессиясы
2019-жылдын 15-октябры № 15-16 Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылда кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 115-беренесинин негизинде “Айыл ичиндеги жерлердин аренда акысы” салыгынан эсептөөлөрдүн негизинде пландан ашыкча түшүүчү 100,0 миң сомду, ижара жердин төлөмүнөн 70,0 миң сомду, кыймылсыз мүлк салыгынан 30,0 миң сомду жалпы ашыкча түшүүчү 200,0 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Г.Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши жергиликтүү бюджеттин бекитилген сметасына өзгөртүү киргизүү боюнча ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше планына “Айыл ичиндеги жерлердин аренда акысы” салыгынан 100,0 миң сом, ижара жердин төлөмүнөн 70,0 миң сом, кыймылсыз мүлк салыгынан 30,0 миң сом, жалпы 200,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө аймагында көчкүдөн көчүрүлгөн жаңы айылдарга электр линияларын тартууга электр мамычаларын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүнө, ЖКХ бөлүмүнүн “Имараттар жана курулмалар” беренесинен 200,0 миң сом акча каражаты көбөйтүлсүн.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовко жана ФЭБ башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак райондук башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
А.Маканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Бюджетный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- "Положение о порядке проведения пробирного надзора в Кыргызской Республике" Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 июня 2018 года № 303Положение · 27.06.2018 · № 303 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 634 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О некоторых…Постановление · 16.11.2022 · № 634 · Утратил силу