Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин «Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ кезектеги он бешинчи сессиясы
2019-жылдын 15-октябры № 15-4 Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын 18.07.2014-жыл №144 географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесин негиздеп, Талаа-Булак айылындагы сайды бойлогон ички көчөгө эмгек ардагери маркум Оморов Сатардын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү 6-октябрь 2019-жылдагы жыйналышынын протоколун мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айылындагы ички көчөгө эмгек ардагери Оморов Сатардын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Оморов Сатар атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык сиволикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
А.Маканбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 18.07.2014 · № 144
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу