# Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 60 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламентин» бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 60 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламентин» бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 60
- Дата принятия: 01.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/217731>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17536/edition/979940/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылдын 1- октябрындагы № 60 "Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламентин» бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/217731

---

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

2019-жылдын 1- октябры № 60 Каргалык айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламентин» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнь 2007-жылдагы №243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» типтүү жобонун 22-пунктунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXVII сессиясы Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын «Иш регламенти» бекитилсин.

2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.

Төрага

Р.Жунусакунов
