# Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5 –августундагы № 26/7 "Ара-Көл айылындага “Күйгөн-Суу” участкасына Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5 –августундагы № 26/7 "Ара-Көл айылындага “Күйгөн-Суу” участкасына Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26/7
- Дата принятия: 05.08.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.08.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/217667>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17514/edition/978177/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.08.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5 –августундагы № 26/7 "Ара-Көл айылындага “Күйгөн-Суу” участкасына Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндө" токтому (ред. от 05.08.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/217667

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2019-жылдын 5 –августу № 26/7 Ара-Көл айылындага “Күйгөн-Суу” участкасына Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндө Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылындагы “Күйгөн -Суу” участкасына эл отурукташып жаңы түшүп жаткан көчөгө Согуштун катышуучусу Карагулов Токтомуштун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү көчө тургундарынын жалпы чогулушунун 2019-жылдын 1-августундагы№1 протоколу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталыштарын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндөгү жобосунун II- бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнүн талаптарына ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ара-Көл айылынын тургундарынын суроо-талаптары канааттандырылып, “Күйгөн-Суу” участкасындагы жаңы көчөгө согуштун катышуучусу Карагулов Токтомуштун ысымы ыйгарылып, “Карагулов Токтомуш” атындагы көчө деп аталсын.

Төрага

Т. Токтомушов
