# Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 31-31)

- Полное наименование: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 31-31)
- Вид акта: Протокол
- Номер: 31-31
- Дата принятия: 04.09.2023
- Редакция от: 04.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/213741>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/213741/edition/1279028/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 31-31) (ред. от 04.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/213741

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинде болгон кеңешменин

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө ПРОТОКОЛУ

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиев:

-- жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чараларды толук уюштуруу жана өткөрүү үчүн 2024-жылга республикалык бюджетте каражаттарды кароо жөнүндө маселени иштеп чыксын; -- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун ("Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" жана "2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө") Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү маселесин контролго алсын; -- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов менен биргеликте жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маселе боюнча маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүүнү контролго алсын; -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору Ж.С. Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти А.Н. Шаршеев менен биргеликте "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрүү пункттарын күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын штаттык бирдиктерин көбөйтүүнү карасын; -- Чолпон-Ата шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлеринин эс алуусун уюштуруу үчүн жаңы корпусту куруу үчүн "Капиталдык салымдар" беренесинин алкагында 2024-жылга республикалык бюджетте финансылык каражаттарды карасын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Торобаев бардык өкмөттөр аралык комиссияларга (ӨАК) талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине кызматташуунун андан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов:

-- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Ж.М. Кулубаев менен биргеликте ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген "Беш-Арал" коругу зонасынан Чаткал дарыясындагы ГЭС каскадын курууга аймакты чыгаруу маселесин иштеп чыгууну тездетсин; -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Д.Т. Орунбеков менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик маалыматтык саясатты кайра карап чыксын жана аны жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн, ошондой эле тиешелүү медиа-планын иштеп чыгуу аркылуу, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, индустриялык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө өзгөчө басым жасоо менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүлүп жаткан жана аткарган иштери жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык ишти күчөтсүн: -- ат спорттук оюндарын (көк бөрү, аламан) уюштуруучуларга коомдук тартипти камсыз кылуу, эрежелерди жана жоболорду сактоо үчүн жоопкерчиликти жүктөө жөнүндө талаптарды кайра карап чыксын, ошондой эле аталган оюндарда саясий адамдардын катышуусунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени иштеп чыксын; -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги А.Н. Исанов менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлүп жаткан ички жана тышкы саясат жөнүндө кайрылуусун иштеп чыксын; -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги А.Н. Исанов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги А.Дж. Джунушалиев менен биргеликте персоналды эмгек акы жана балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу бөлүгүндө өзүн-өзү каржылоо жана өзүн-өзү актоо принцибин коюуну эске алуу менен жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишинин маселесин иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

-- Кыргыз Республикасынын мамлекетгик органынын жетекчилеринин орун басарларын жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүгө жооптуу кызматкерлерди мамлекеттик сатып алуулардын жана банктык коштоонун жаңы механизмдерин окутууну уюштуруу жана өткөрүү маселесин иштеп чыксын; -- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдордун топтолгон каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жөнүндө сунуштарды киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги 2024-жылга республикалык бюджетке киргизүү үчүн 2024-жылга чыгымдык акча каражаттар боюнча (ирригациялык курулмалар, үрөндөр ж.б.) сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:

-- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 178 ''Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө" Жарлыгын ишке ашырууга байланыштуу тоскоол болгон жана чараларды талаптагыдай аткарбаган адамдар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине киргизсин; -- Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (СУАР) 15 млн тонна көмүр жана Өзбекстан Республикасына 5 млн тонна көмүр жеткирүү боюнча келечектүү планды иштеп чыксын.

7. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

-- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине көмүр өнөр жайын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин; -- жер казынасын пайдалануучулар тарабынан рекультивациялык эсептерди толуктоону өзгөчө контролго алсын.

8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине «Medtronic» америкалы компаниясы менен кызматташуу жөнүндө маалымат киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын калкы үчүн спутник байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча эл аралык спутник байланыш операторлорун тартуу үчүн шарттарды түзүү боюнча чараларды көрсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Нью-Йорк шаарында боло турган бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун алкагында инвестициялык долбоорлордун презентацияларын англис тилинде сапаттуу иштеп чыксын.

11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик учурдагы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттин катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишине талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине натыйжасыз жана иштебей турган мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттин катышуу үлүшү бар акционердик коомдор боюнча сунуш киргизсин, ошондой эле топтолгон каражаттардын калдыктарын сактоочу жайларды (депозитарийди) текшерсин.

12. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери мамлекеттик сатып алуулар системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кийинки жылга сатып алуулар планын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кароосуна киргизүү менен окуудан өтүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун жүргүзүүгө жооптуу бир орун басарды жана тиешелүү кызматкерлерди аныктасын.

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги А.Дж. Джунушалиев:

-- жерге мунапыс берүү боюнча иштин логикалык аягына чыксын, ошондой эле "дачага" мунапыс берүү мүмкүндүгүн карасын; -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын (аким) жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчилигинин Көк бөрүгө байланыштуу жол берилген жагдай үчүн жоопкерчилигин карасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине сунуш киргизсин.

14. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги М.К. Укушов 2019-жылдын 14-декабрындагы № 139 "Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кайра карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине сунуш киргизсин.

15. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги А.Н. Исанов:

-- алдыда боло турган ТӨМ Саммитине карата Кыргыз Республикасынын Президентинин баяндамасын кылдат жана сапаттуу иштеп чыгууну контролго алсын; -- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен биргеликте Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын концепциясы боюнча сунушту иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине киргизсин.

16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги А.К. Осмонов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине 2023-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүргүзүлгөн пландалган жана пландалбаган текшерүүлөр жөнүндө толук маалыматты киргизсин.

17. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгы менен биргеликте төмөнкү маселелерди иштеп чыксын:

-- ар бир айыл өкмөтүндө милициянын участкалык инспекторунун кошумча штаттык бирдигин киргизүү жөнүндө; -- республиканын шайлоо участокторунун чектерине ылайык милициянын участкалык инспекторлорун алардын административдик аймактарынын жоопкерчилик зоналарын белгилөө жолу менен кайра бөлүштүрүү, ошондой эле ар бир айыл өкмөтүнө ошол калктуу конуштардын алкагында милициянын участкалык инспекторлору үчүн кызматтык турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө. Жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине маалымдасын.

18. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары -- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы С.С. Аликеев:

-- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана электр энергиясынын тартыштыгын азайтуу жөнүндө жыйналышын уюштуруу маселесин иштеп чыксын; -- сейрек кездешүүчү металлдар боюнча корпорацияны түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тездетсин; -- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин Орловка шаарындагы Ак-Түз калдык сактоочу жайына жана Кыргыз химия-металлургия заводуна баруусун уюштуруу маселесин иштеп чыксын.

19. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Д.Ж. Эркимбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте Кант шаарындагы россиялык авиабазанын жолун оңдоо маселесин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы -- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине маалымат киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

А.У. Жапаров
