# Талас шаардык Кенешинин 2014-жылы 29-апрелиндеги №106/11-6 "Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Талас шаардык Кенешинин 2014-жылы 29-апрелиндеги №106/11-6 "Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 106/11-6
- Дата принятия: 29.04.2014
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.04.2014
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/206929>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17296/edition/557318/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.04.2014 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Талас шаардык Кенешинин 2014-жылы 29-апрелиндеги №106/11-6 "Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 29.04.2014) - https://aqlex.ai/kg/doc/206929

---

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

2014-жылы 29-апрели №106/11-6 Талас шаарындагы муниципалдык имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №263 сандуу токтомуна ылайык, Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2014-жылдын 1-апрелиндеги № 114 сандуу катынын жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 51/8-6 сандуу токтомуна карата Талас шаардык прокурорунун каршылык билдирүүсүнүн негизинде Депутаттардын Талас шаардык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы №51/8-6 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2. Талас шаарындагы муниципалдык турак жай эмес имараттардын (мекемелердин) бош аянттарын пайдалануу үчүн ижара акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.М.Мамбетов) милдеттендирилсин.

Төрага:

А.Джузупбеков
