Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ноокат шаардык кеңешинин (Ноокат райондук волейбол федерациясынын төрагасы маркум Боронов Доорандын атын Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетине тиешелүү болгон спорт залга берүү жөнүндө.) токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын IX сессиясынын заседаниеси
2013-жылдын 25-декабры №IX-4 Ноокат райондук волейбол федерациясынын төрагасы маркум Боронов Доорандын атын Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетине тиешелүү болгон спорт залга берүү жөнүндө. Ноокат районунун спортунун өнүгүүсүнө айрыкча спорттун волейбол түрүн өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, жаштардын волейбол менен машыгууларына шарттарды түзүп, көп жылдар бою үзүрлүү иш жүргүзгөн Ноокат райондук волейбол федерациясынын төрагасы маркум Боронов Доорандын атын Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетине тиешелүү 12х24 м болгон спорт залга ыйгаруу жөнүндөгү Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын депутаттардын Ноокат шаар кеңешинин төрагасына 2013-жылдын 29-ноябрында жазган катыны көрүп, 2013-жылдын 27-сентябрындагы №3 протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде жана Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук волейбол федерациясынын төрагасы маркум Боронов Доорандын атын Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетине тиешелүү болгон спорт залга атын берүү жөнүндөгү Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы №3 протоколу канааттандырылсын жана Ноокат районунун спортунун өнүгүүсүнө айрыкча спорттун волейбол түрүн өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, жаштардын волейбол менен машыгууларына шарттарды түзүп, көп жылдар бою үзүрлүү иш жүргүзгөн Ноокат райондук волейбол федерациясынын төрагасы маркум Боронов Доорандын атын Ноокат райондук дене-тарбия жана спорт комитетине тиешелүү болгон спорт залга аты коюлсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча руктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Гафаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 21.07.2008 · № 159
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Утратил силу
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О географических названиях в Кыргызской Республике»Закон · 25.09.1997 · № 67
- Гүлчө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 03-августундагы №21/1 "Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 03-августундагы № 1, 2…Постановление · 03.08.2018 · № 21/2