Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын (Ноокат шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү үчүн мыйзамынын 3-беренесинин 3 бөлүгү жана салык кодексинин 31-беренесинин талаптарына ылайык жер жана мүлк салыктарын кабыл алуу жөнүндө) токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын заседаниесы
2013-жылдын 11-ноябры №VIII-6 Ноокат шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү үчүн 2008-жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3 бөлүгү жана салык кодексинин 31-беренесинин талаптарына ылайык жер жана мүлк салыктарын кабыл алуу жөнүндө Ноокат шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү үчүн 2008 жылдын 17-октябрындагы №231 мыйзамынын 3-беренесинин 3 бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 31-беренесинин талаптарына ылайык жер жана мүлк салыктарын кабыл алуу максатында депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясы төмөндөгү салыктарын 2014-жылдын 1-январынан баштап Ноокат шаарынын аймагында кабыл алсын.
-Жер салытары; -Мүлк салыктары.
2.Ушул токтом менен кабыл алынган салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде ишке ашырылсын.
3.Кабыл алынган салыктар боюнча токтом Кыргыз Республикасынын юстициясынын Министрлигинин мамлекеттик реестр нормативдик акт катары каттоого киргизилсин.
4.Токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясы Министрлигинен мамлекеттик реестр нормативдик акт катары каттоого киргизүү Ноокат шаар кеңешинин жооптуу катчысы М.Ярматовго жүктөлсүн.
5.Токтом каттоого кирип жарык көргөндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы
А.Гафаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 17.10.2008 · № 231 · Утратил силу