# Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому

- Полное наименование: Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: VIII-1
- Дата принятия: 11.11.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.11.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/206626>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16996/edition/551950/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.11.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2013-жылдын 11-ноябрындагы № VIII-1 (Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.) токтому (ред. от 11.11.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/206626

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2013-жылдын 11-ноябры № VIII-1 Эски-Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 08-сентябрындагы №214 мыйзамынын 6-беренесине жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Мамлекеттик тилде: Эски Ноокат айылдык кеңешин “Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси деп аталышы өзгөртүлсүн. Расмий тилде: Учреждение-“Ноокатский городской кенеш”

1.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин Жобосун жаны редакцияда бекитилсин.

2.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин жайгашкан жери: Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, Мирмахмудов көчөсү, №20 үй.

3.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемесинин төрагасы бөлүп Гафаров Абдрахман Мамадумарович дайындалсын.

4.”Ноокат шаардык кеңеши”-мекемеси Ош облусунун жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгынан юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

5.Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаардык мэриясынын юристи Ырысбаева Чынара Анваровнага жүктөлсүн.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапширилген документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы

А.Гафаров
