# Миң-куш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-февралындагы № 4 (Миңкуш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчетун угуу, курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлунун № 91 мыйзамынын негизинде жайыттарды башка максатка убактылуу пайдалануу жөнүндөгү 10-беренесине ылайык жайыт билетин алмаштыруу жана 2013-жылга карата иш планын бюджеттин бекитүү жөнүндө) токтому

- Полное наименование: Миң-куш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-февралындагы № 4 (Миңкуш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчетун угуу, курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлунун № 91 мыйзамынын негизинде жайыттарды башка максатка убактылуу пайдалануу жөнүндөгү 10-беренесине ылайык жайыт билетин алмаштыруу жана 2013-жылга карата иш планын бюджеттин бекитүү жөнүндө) токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 26.02.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.02.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/206570>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16942/edition/585964/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.02.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Миң-куш айылдык кеңешинин 2013-жылдын 26-февралындагы № 4 (Миңкуш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчетун угуу, курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлунун № 91 мыйзамынын негизинде жайыттарды башка максатка убактылуу пайдалануу жөнүндөгү 10-беренесине ылайык жайыт билетин алмаштыруу жана 2013-жылга карата иш планын бюджеттин бекитүү жөнүндө) токтому (ред. от 26.02.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/206570

---

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ Миң-куш айыл аймагынын жергиликтуу Кенешинин

депуттарынын XXVI чакырылышынын 3-сессиясы

2013-жылы 26-февралы № 4

Баардыгы -11 Катышканы -10 Миң-куш айыл аймагынын жайыт комитетинин отчетун угуу, курамын бекитүү, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлунун № 91 мыйзамынын негизинде жайыттарды башка максатка убактылуу пайдалануу жөнүндөгү 10-беренесине ылайык жайыт билетин алмаштыруу жана 2013-жылга карата иш планын бюджеттин бекитүү жөнүндө Миңкуш айыл аймагынын жергиликтүү Кеңешинин 26 чакырылган 3- сессиясында Миңкуш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К. Жусупбековдун 2012-жылдык отчетун угуу, курамын бекитүү жана 2013- жылга карата түзүлгөн иш планы , бюджети талкууга алынып. Сессия төмөндөгүдөй токтом кабыл алат:

1.Жайыт комитетинин төрагасы К. Жусупбековдун 2012-жылында аткарган иштери эске алынсын:

2.Жайыт комитетинин жаңы курамы № 1тиркемеге ылайык бекитилсин:

3.Жайыт комитетинин 2013-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын:

4.Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июль № 91 мыйзамынын негизинде, жайыттарды башка максатка убактылуу пайдалануу жөнүндөгү 10- беренесине ылайык жайыт билетин алмаштырууга макулдугун билдирет:

5.Жайыт комитетинин 2013-жылга карата бюджети № 2тиркемеге ылайык бекитилсин:

6.Минкуш айылындагы малдын санын 471 га жайыттын негизинде эмес так алынышын милдеттендирилет:

7.Жайыттын тартыштыгын, айдоо жердин жоктугун, малдын санын кобөйүшүн эске алып, Агрардык жана жайыт маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Укубаевге жана Н. Исаевага Жогорку Кеңешке жайыт боюнча нормативдик актыга өзгөртүү киргизүүгө кат даярдоосу милдеттендирилет.

Жергиликтүү Кеңештин төрайымы:

Ж.Шералиева
