Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2013-жылдын 27-декабры № 01-01/69 Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кесиптик уюмунун чогулушунун протоколу боюнча шаардын вице-мэринин кайрылуу катын жана аялдар комитетинин кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчиликтерин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» 2001-жылдын 2-майындагы № 151 Указына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомунун ылайык ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын кесиптик уюмунун чогулушунун протоколу боюнча шаардын вице-мэринин кайрылуу каты жана аялдар комитетинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичке, Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, «Ардактуу атуул» грамотасын даярдоо, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын вице-мэри Немат уулу Жайнака милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары
А.М.Нусупбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Утратил силу