Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 20 – февралындагы № 72/10-6 “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 20 – февралы № 72/10-6 “Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 2013-жылдын 15-ноябрындагы №201 жана 2013-жылдын 16-октябрындагы №192 мыйзамынын редакциясынын 24-жана 38-беренелеринин негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин ,Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” комиссиясынын №6 протоколуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-декабрындагы №1\1-6 сандуу токтому менен бекитилген Талас шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкүдөй редакцияда өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
II Бөлүм 3-бап
2. Шаардык кенештин төрагасы жана шаардык кенештин орун басарлары
3.4 Шаардык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү жолу аркылуу шайланат...деген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
III-бөлүм 10-бап Шаардык кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби.
3. 10.7 Шаардык кеңештин депутаты бир жылдын ичинде катары менен 4 жолудан ашык жүйөөлүү себептерсиз кеңештин сессияларына катышпаганда депутаттардын мандаты чакыртылып алынышы мүмкүн жана тизмеси шаардык кеңештин чечими менен шаардын массалык маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн берилет.
Шаардык кеңештин сессиясына депутаттын жок болуусунун жөндүү себептери болуп төмөнкүлөр саналат:документ боюнча аныкталган оорулар, иш сапар, өргүү жана башка жүйөөлү себептер.
4. Кабыл алынган токтом шаардын “Жаңы Багыт ” газетасына жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин “Депутаттык этика мыйзамдуулук, укук тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (М. Есенкулов) тапшырылсын.
Төрага
А. Джузупбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (2)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 15.11.2013 · № 201
- Закон «О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 16.10.2013 · № 192
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 210/27-6 "Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жөнүндө" токтомуПостановление · 03.11.2015 · № 210/27-6
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · Утратил силу