# Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 01-01/60
- Дата принятия: 03.12.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.12.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/206056>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16437/edition/486318/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.12.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 01-01/60 "Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө" токтому (ред. от 03.12.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/206056

---

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 2-декабры № 01-01/60

Т.Азизовдун маалыматы жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «финансы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, салык, финансы жана экономика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.

2. «Эл аралык XI Ысык-Көл оюндары 2013» спорттук мелдешине катышып, спорттун үч түрү боюнча байгелүү орунга жеткен Кочкор-Ата шаарынын тургуну Мырзабек уулу Жумабекке, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин түрдүү чыгымдарынын эсебинен 10 000 (он миң) сом акчалай сыйлык менен сыйлансын жана акча каражаты менен камсыз кылуу шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 токтомунун тиркемесиндеги, бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алууга тийиш болгон ишканалардын тизмегиндеги «Автожыйноо-завод» ААКнан, «Тазалык» жашылдандыруу,көрктөндүрүү санитардык тазалоо комбинатына, борбордук көчөлөрүн заманбап техника менен тейлөө боюнча 2 240 000 сомго ГАЗ-3309 КО-440-2 маркасындагы техниканы жана 50даана мусор контейнер сатып алууга акча каражатын камсыздоо жагы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты, жылдын жыйынтыгы менен жазуу түрүндө, шаардык Кеңештин аппаратына тапшырууну, мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «каржы, экономика, бюджет жана салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Артыков
