# Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 8 "Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылдагы № 3-жана №4 –токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 8 "Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылдагы № 3-жана №4 –токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 16.11.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.11.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/206041>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16422/edition/482707/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.11.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 8 "Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылдагы № 3-жана №4 –токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.11.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/206041

---

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия

2013-жылдын 16-ноябры № 8 Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылдагы № 3-жана №4–токтомдоруна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешине келип түшкөн каттарды шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы комиссиясынын корутундусунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып депутаттардын шаардык кенешинин кезексиз XI-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылы кабыл алынган №3- токтомунун 7-пункту төмөндөгү редакцияда окулсун: «2013-жылдын август айында Сербия мамлекетинин Зренянин шаарында болуп өткөн дүйнөлүк чемпионаттын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Максатбеков Нурбектин эсебине батир алууга 490,0 миң сом сом шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу которулуп берилсин.

2. Шаардык кеңештин 12.10.2013-жылда кабыл алынган №4-токтомунун 1- пункту төмөндөгү редакцияда окулсун: «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга каралган каражаттын эсебинен 238,0 миң сом, «Инфо-системага» каралган каражаттын эсебинен 252,0 миң сом кыскартылып, 2013-жылдын июль айында Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарында болуп өткөн 27-бүткүл дүйнөлүк универсиаданын бел боо (алыш) күрөш боюнча алтын медалдын ээси Аканов Нурбектин эсебине батир алууга 490,0 миң сом муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу которулуп берилсин.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы

М. Тагаев
