Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык жабдууларынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларынын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылыш кезексиз XI-сессия
2013-жылдын 16-ноябры № 4 Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык жабдууларынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларынын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.10.2013-жылдагы чыг.№ 3-3/1469 сандуу катынын негизинде, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 5.11.2013-жылдагы чечимине ылайык жана шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык жабдууларынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларынын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык жабдууларынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларынын жүргүзүү жана аларды иш жүзүнө ашыруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Казакбаев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасы
М. Тагаев
Шаардык кеңештин «16» ноябрь 2013-жылдагы XI сессиясынын №__ токтомуна №1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык жабдууларынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларынын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобосу
1. Жалпы жоболор
1.1. Жалал-Абад шаарынын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газдуу коммуникациялык курулуштарынын сакталуусун камсыздоону алдын алуу (профилактикалык) иш чараларын жана ишкердүүлүк субьектилерин текшерүү жөнүндөгү ушул Жобо Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү", "Электрикалык жана почталык байланыш жөнүндөгү", "Ичүүгө жарактуу суу жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү", Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү" кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, "Ишкердүүлүк субьектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" Жобо, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ишкердүүлүк субьектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартибин жакшыртуу боюнча иш чаралар жөнүндөгү" 2007-жылдын 2-июлундагы №330- Жарлыгы, "Кыргызтуракжайкоммун бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин уставына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Ушул Жобо шаардын жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газдуу коммуникациялык курулуштарын, сугаруу каналдарынын чоюн тосмолуу подмосткаларынын курулуштарын сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш чараларын жүргүзүү учурунда жумушчу комиссиясынын иш жүзүндө колдонуусу үчүн багытталган.
1.3. Текшерүү обьектиси болуп төмөнкү эсептелет:
- металл сыныктарын (металл өнөр жайынан чыккан таштандыларды) кабыл алуучу ишкердүүлүк субьектилери.
2. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаты
2.1. Жер алдындагы байланыш коммуникацияларын, суу жана жылуулук жабдууларын, газ коммуникациялык курулуштардын сакталуусун камсыздоо боюнча алдын алуу иш чараларын жүргүзүүнүн негизги максаты ишкердүүлүк субьектилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча ишмердигин көзөмөлдөө болуп эсептелет.
Текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда төмөнкү принциптерди жетекчиликке алуу керек: -ишкердүүлүк субьектилеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; -керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; -ишкердүүлүк субьектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка мыйзам ченем актыларын бузууга жол бербөө; -калыстык, ачыктык, ишкердүүлүк субьектилерине бирдей мамиле жасоо.
3. Негизги принциптер
3.1. Жумушчу комиссия Жалал-Абад шаарынын мэри тарабынан бекитилет жана анын ыйгарым укуктарына таандык болгон текшерүүлөрдү иш жүзүнө ашырат:
-текшерүүлөрдү жүргүзүү планына ылайык жылына 1 (бир) жолудан көп эмес; -байланыш, суу жана жылуулук менен жабдуу, газ чарбалыгы жана ТКЧ (туракжайкоммуналдык чарбасы) уюмдарынын арыздары боюнча (арыздардын келип түшүүсүнө карап).
3.2. Алдын алуу иш чараларын жүргүзүүдөн мурун чарбалык субьекттин ишмердигин жөнгө салган материалдарды, башка нормативдик-укук иш кагаздарын окуп чыгуу керек. Ушул маалыматка ылайык негизги маселелердин тизмесин камтыган жана ага көңүл буруу, ошондой эле текшерүү актысында (протоколго, тактамага) чагылтып көрсөтүүгө зарыл болгон текшерүү жүргүзүүнүн планы иштелип чыгат.
3.3. Алдын алуу иш чараларын жүргүзүү планы төмөнкү маселелерди камтуусу керек:
-текшерилүүчү обьекттин аталышы; -текшерүүнүн максатын аныктоо; -ишмердиктин текшерилүү мезгили; -жүргүзүлүүчү текшерүүнүн негизги милдеттерин аныктоо. Алдын алуу иш чараларын жүргүзүү планы шаардын Вице-мэри тарабынан бекитилүүсү керек.
3.4. Ишкердүүлүк субьектисинин профилактикалык иш чараларын өткөрүүнү караган шаардын Вице-мэринин жазуу түрүндөгү жолдомо кагазынын (буйрук) негизинде гана алдын алуу иш чаралары жүргүзүлөт.
3.8. Алдын алуу иш чараларын жүргүзүүгө негиз болгон жолдомо кагаз (буйрук), текшерүү фактысын тастыктоочу документ катары ишкердүүлүк субьектисине калтырылат.
Жумушчу комиссия, алдын алуу иш чараларынын жыйынтыгына карабастан, тийиштүү текшерүү иш кагазын (акт, тактама же протокол) эки нускада түзөт жана комиссия мүчөлөрү, ишкердүүлүк субьектиси тарабынан кол коюлат. Бир нускасы ишкердүүлүк субьектисине кол коюу менен берилет. Ишкердүүлүк субекти актыда (тактама, протокол) көрсөтүлгөн фактылар менен макул болбогон учурда, иш кагазына кол коюп жатып өзүнүн каршы пикирин билдирүүгө укуктуу жана ушуну менен катар жазуу түрүндө өзүнүн түшүндүрүүсүн тиркөөгө. Эгерде ишкердүүлүк субьекти же укук бузган жак иш кагазына (акт, тактама, протокол) кол коюудан баш тартса, анда иш кагазы расмий түрдө ишкердүүлүк субьектисине өткөрүп берилет жана комиссия бул факт жөнүндө маалыматты актыга (тактама, протокол) түшүрөт.
3.9. Жумушчу комиссия текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча белгиленген тартипте Вице-мэрге отчет берет.
3.10. Жумушчу комиссиянын алдын алуу иш чараларын жүргүзүүдө ачып көрсөткөн укук бузууларды жоюу жөнүндөгү чечими буйрук (токтом) иретинде түзүлөт жана аны ишкердүүлүк субьекти аткарууга милдеттүү болуп эсептелет.
3.11. Бети ачылган укук бузууларды, ушул буйрукта белгиленген мөөнөттө жоюу жөнүндө, берилген буйруктун аткарылуусун көзөмөлдөө жумушчу комиссиясы тарабынан иш жүзүнө ашырылат.
4. Текшерилүүчү ишкердүүлүк субьектисинин укук жана милдеттери
4.1. Текшерилүүчү ишкердүүлүк субьектилери төмөнкүлөргө укуктуу:
-жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнөн текшерүү жүргүзүү укугуна тийиштүү жолдомо кагазын (буйрук) жана текшерүүчүлөрдүн өздүгүн күбөлөгөн иш кагаздарын көрсөтүүсүн талап кылууга; -текшерүү жүргүзүүгө негизи жок жактарды киргизбөөгө; -текшерүүчү тараптан Тескөөчүлүк текшерүүлөрдү каттоо китебине керектүү маалыматтарды киргизүүнү талап кылууга; -текшерүүгө жана анын жыйынтыгына тийешеси бар нормативдик укук актылары менен таанышууну текшерүүчүдөн талап кылууга; -текшерүүгө такыр тийешеси жок маселелер боюнча жумушчу комиссия мүчөлөрүнүн талаптарын аткарбоого; -жумушчу комиссия мүчөлөрүнөн текшерүүнүн жыйынтыгын чагылдырган иш кагазынын бир нускасын алууга; -каршылыктын себептерин түшүндүргөн жазуу иретиндеги түшүндүрмөлөрдү жана иш кагаздарын тиркөө менен каршы пикир жөнүндө жазуу жүргүзүүгө.
4.2. Ишкердүүлүк субьектилери жумушчу комиссия мүчөлөрүнүн мыйзамдуу талабы боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
текшерүүнү иш жүзүнө ашыруу үчүн керек болгон материалдарды жана иш кагаздарын көрсөтүүгө; текшерүүгө тийешелүү толук жана анык маалыматтарды берүүгө; текшерүүчүлөрдүн өз милдеттерин аткаруусуна жардам көрсөтүү. Жумушчу комиссия мүчөлөрүнүн мыйзамдуу талаптары текшерилип жаткан ишкердик субьектилери тарабынан аткарылууга тийиш. Тескөөчүлүк текшерүүлөрдү каттоо китебинин жоктугу текшерүү жүргүзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп эсептелбейт.
5. Ишкердүүлүк субьектисинин аймагына же имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү
5.1. Жумушчу комиссия мүчөлөрү, ишкердик субьектисинин аймагына же имаратына кирүү мүмкүнчүлүгүнө, текшерүү үчүн буйругун (предписание) көрсөткөн учурда ээ болот.
5.2. Кыргыз Республикасынын "Ишкердүүлүк субьектилерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү" мыйзамын жана ушул Жобону бузган учурда ишкердик субьектиси өз аймагына же имаратына жумушчу комиссия мүчөлөрүн текшерүү жүргүзүү үчүн киргизбөөгө укуктуу.
5.3. Жумушчу комиссия мүчөлөрүн ишкердик субьектисинин аймагына же имаратына мыйзамсыз киргизбеген учурда жумушчу комиссия мүчөлөрү акты түзүшөт.
Ишкердик субьектиси актыга кол коюудан баш тарткан учурда мамлекеттик көзөмөл органынын кызмат адамы актыга тийешелүү жазуу киргизет.
5.4. Текшерүү жүргүзгөн комиссия мүчөсүнүн текшерилүүчү ишкердик субьектисинин аймагына же имаратына кирүүсүнө мыйзамсыз тоскоолдук жараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү" Кодексинде көрсөтүлгөн жоопкерчиликке тартылат.
6. Жумушчу комиссия мүчөлөрүнүн укук жана милдеттери
6.1. Жумушчу комиссия мүчөлөрү ишкердик субьектилерин текшерүүнү ишке ашырууда төмөнкү укуктарга ээ:
-өз ыйгарым укугунун чегинде, текшерүүгө тиешеси бар маселелер боюнча керектүү иш кагаздарын жана башка маалыматтарды, жазуу түрүндөгү түшүндүрмөлөрдү көрсөтүүсүн талап кылууга; -тийешелүү жолдомо кагаз берилген учурда башка көзөмөл органдары менен биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүүгө; -текшерүү учурунда пайда болгон маселени түшүндүрүү үчүн, талаш маселелерди кароого катышууга серепчилерди жана адистерди тартууга укуктуу жана алар текшерүүнүн материалдары менен таанышуу укугуна ээ; -зарыл болгон иш кагаздарынын көчүрмөлөрүн алууга.
6.2. Жумушчу комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
-текшерилүүчү ишкердик субьектилерине текшерүү жүргүзүү укугуна негиз болгон керектүү иш кагаздарын көрсөтүүгө; -Тескөөчүлүк текшерүүлөрдү каттоо китебине текшерүүнүн жүргүзүлгөндүгү жөнүндөгү жана керектүү маалыматтарды киргизүүгө; -Ишкердик субьектисинин талабы боюнча текшерүүгө тиешеси бар зарыл болгон укук актыларын көрсөтүүгө; -калыс болууга жана текшерүү жүргүзүү учурунда алынган иш кагаздарынын сакталышын камсыздоого; -мамлекеттик жана коммерциялык сырды сактоону камсыз кылуу.
7. Жумушчу комиссиясынын мүчөлөрүнүн иш аракеттерине жана чечимдерине карата даттануулар
7.1. Ишкердүүлүк субьектиси текшерүү актысы (тактама, протокол), текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жумушчу комиссия мүчөлөрү тарабынан кабыл алынган чечимдери (буйруктар) менен макул эмес учурда мыйзамда белгиленген тартипте ага даттануу укугуна ээ.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы
Б. Беркбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 2 июля 2007 года УП № 330 "О мерах по совершенствованию порядка проведения проверок субъектов предпринимательства"Указ · 02.07.2007 · № 330 · Утратил силу