Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин «Жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүү жөнүндө» токтому
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI-чакырылыш кезектеги X-сессия
2013-жылдын 12-октябры № 3
Жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык кеңешине Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн катын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги X-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазасынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 1225,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ооган согушунда курман болгондордун эстелигин орнотуу үчүн шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен 350,0 миң сом акча каражатын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аркылуу бөлүнүп берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын менчигинин түрүнө карабастан утушка ээ болуп, колдоо тапкан долбоорлордун үлүштүк каржылоосун камсыз кылуу үчүн кошумча 875,0 миң сом шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин жана мэрдин буйругунун негизинде каржылансын.
4. Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулдарына төш белги жасоо үчүн 31,8 миң сом шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен шаардык кеңеш аркылуу бөлүп берүү шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин жана шаардык кеңештин төрагасынын макулдугу менен таркатылсын.
5. Сербия республикасынын Зренянин шаарында грек-рим күрөшү боюнча болуп өткөн дүйнөлүк чемпионатында 2 орунду алган Нурбек Максатбековго материалдык коолдоо көрсөтүү үчүн 100,0 миң сом жана анын машыктыруучусу Салаев Алтынбекке 50,0 миң сом акча каражатын шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен мэрия аркылуу бөлүнүп берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28.06.2013ж. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнүн шартаары жөнүндө» № 384- токтомун аткаруу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган структураларынын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу үчүн тамак аш компенсациясына деп каралган каражаты, 13- эмгек акыга деп каралган каражаттарынан каржылансын жана кошумча каражат талап кылган мекемелерге пландан ашыкча түшкөн каражаттан жана жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен эмгек акынын жогорулашына каржылоо шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
7. 2013-жылдын август айында Сербия малекетинин Зренянин шаарында болуп өткөн дүйнөлүк чемпионаттын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Максатбеков Нурбекке батир алып берүү үчүн 490,0 миң сом сом шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен муниципалдык менчикти башкаруу комитети аркылуу бөлүнүп берилсин.
8. Кыргыз ССРнын батыры Т.Тайгараевдин эстелигин орнотуу үчүн 450,0 миң сом шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
9. 704-аскер бөлүгүнүн имаратынын чатырын алмаштырууга 350,0 миң сом шаардык бюджеттин 2014-жылга түзүлгөн долбооруна кошуу шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
10. Жалал-Абад шаардык санитардык тазалоо атайын автобазасынын атайын төлөм каражаттарынын ашыкча түшкөнүнүн эсебинен 409,1 миң сом кошумча чыгымдоого макулдук берилсин.
11. Шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен бөлүнгөн каражаттарды КР финансы министрлиги менен тактагандан кийин каржылоо жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
12. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
14. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы
М. Тагаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.