Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кайынды айылдык кеӊешинин «Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин, жайыт комитетинин» 2013-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча» токтому
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 5-апрели № 26-2/10 Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин, жайыт комитетинин» 2013-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №89 «Кыргыз Республикасынын жайыт чарбасын өнүктүрүүнүн 2012-2015-жылдарга карата программасын бекитүү жөнүндөгү» токтомун ишке ашырууда, жайыттардын инфраструктурасынын абалын жакшыртуу, жайыт жерлердин бузулуу процесстерин болдурбоо максатында «Жайыт комитети» тиешелүү иш жүргүзбөгөндүктөн. Жайыт пайдалануучулар менен тиешелүү иш жүргүзүлбөй, 2012-жылы жайыт аксы өз учурунда чогулбай, бюджеттин планы аткарылбай калгандыгы боюнча депутаттар «Жайыт комитетинин» жетекчилигине сын-пикир айтылып, ишти тиешелүү денгээлде жүргүзүү максатында жана жайытка чыккан малдын башын тактоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү боюнча Кайыңды айылдык аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагынын «Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин, жайыт комитетинин» 2013-жылдык бюджетинин кирешелер булагы боюнча 325680 сом, ал эми чыгаша булагы 325680 сом болуп бекитилсин.
2. Кайыңды айылдык аймагынын жайытына чыккан малдын башын тактоо иштери 2013-жылдын 20-май айына чейин жүргүзүлүп эки тарптуу келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин башчысы Т.Керимбековго милдеттендирилсин.
3. Сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу оорусуна каршы вакцина салынгандыгы боюнча тиешелүү документтерди талап кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн веет.адиси А.Султаналиевге милдеттендирилсин.
4. Жайыт пайдалануучу бирикмесинин жайытты башкаруу жана пайдалануу боюнча жылдык жана көп жылдык иш-пландарын иштеп чыгуу жагы каралсын.
5. Жайыт жерлердеги инфраструктура ( жол, көпүрө) оңдоо жагы жана жерди максатуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын негизинде аткарылышы камсыздалсын.
Кайынды айылдык кеӊешинин төрагасы
З. Абдрахманов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 10 февраля 2012 года №89 "Об утверждении Программы развития пастбищного хозяйства Кыргызской Республики на 2012-2015 годы"Постановление · 10.02.2012 · № 89 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О пастбищах»Закон · 26.01.2009 · № 30 · Утратил силу