# Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"

- Полное наименование: Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө"
- Вид акта: Постановление
- Номер: V-1
- Дата принятия: 17.07.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.07.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204796>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-16122/edition/495166/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.07.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ноокат шаардык кеңешинин 2013-жылдын 17-июлундагы № V-1 "Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө" (ред. от 17.07.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204796

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз (IV–шайланган) V сессиясынын заседаниеси

2013-жылдын 17-июлу № V-1 Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31- беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункутуна, 43-беренесинин 3-жана 4-бөлүктөрүнө негиз Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013-жылды 28-июнундагы №110 токтомуна, ал токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын, шаарлардын мэрлерин жана айыл ъкмът башчыларын шайлоону өткөрүү графигине” жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №424 токтому менен бекитилип, 2012-жылдын 19-ноябрындагы №142 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык, депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы Ош облусунун Ноокат шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдору бекитилсин.

2. Ушул токтомдун бир нускасы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы

А. Гафаров
