# К.Белекбаев айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 23-январындагы № 5/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: К.Белекбаев айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 23-январындагы № 5/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5/1
- Дата принятия: 29.01.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.01.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204518>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15849/edition/580450/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.01.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: К.Белекбаев айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 23-январындагы № 5/1 "К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө" токтому (ред. от 29.01.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204518

---

АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын I заседаниеси кезексиз чечими

2013-жылдын 29-январы № 5/1

К. Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-январындагы № 3 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2013-жылдын 29-январында К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп айылдык Кеңештин депутуттарынын санынын көпчүлүк добушун алган Н.М. Кайыров деп эсептелсин.

2. К. Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Н.М.Кайыровду К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп шайланган 29.01.2013-жылындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Н.М.Кайыровга тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы К.Абдрамановага жүктөлсүн.

К. Белекбаев атындагы

Алай айылдык кеӊешинин төрайымы

Ч. Канкиева
