Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин «2013-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2013-жылдын 6 айындагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын Кызыл-Суу айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 25-июлу № 07 2013-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2013-жылдын 6 айындагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө 2013-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетин” угуп жана талкуулап, ошондой эле “2013-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, депутаттардын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 58139,3 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар бюонча 58139,3 миң сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2013-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Билим берүү тармагынын эмгек акыга болгон чыгымдарынын дээрлик толугу менен мектептердин 1-4 класстарынын окуучуларынын тамак аш чыгымдарынын негизги бөлүгү категориялык гранттардан каржыланышын эске алып, менчиктин баардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен юридикалык тараптардан алынуучу, жер салыгынан, сатуудан түшүүчү салыктан, кыймылсыз мүлктөн алынуучу салыктан жана юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик пошлинадан жергиликтүү бюджеттерден чегерүүлөрдүн өлчөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2013-жылга республикалык бюджеттен алынуучу категориялык гранттын көлөмү 23813,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, эсептөөлөрдүн негизинде жетпей калган 7318,0 миң сом олчөмүндөгү категориялык грантту кошумча бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Миңистрлигинен жана райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
Категориялык гранттар билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө, социалдык фондго чегерүлөрдү каржылоого жумшалсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2012-жылда төлөнбөй калган карыздары 2013-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөргө ж.б. корголгон (защищенный) статьяларга жумшалсын.
7. Айыл өкмөтүнө бюджеттеги каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу милдеттендирилсин.
8. 2013-жылы бюджеттен каржылоодон түшкөн кирешелердин көлөмүндө жүргүзүүлөрдү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө социалдык фондго чегерүүлөрү, тамак ашка жана женилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
9. Жериликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынаары бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы маданият үйүнүн жана Жалгыз-Өрүк айылндагы айылдык клубдун кызматкерлеринин эмгек акысына 2013-жылдан баштап ай сайын 25 кошумча акча каражаты 2009-жылдын 7-апрелиндеги №119 “Маданият жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин негизинде төлөнүп берилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунааларына 2013-жылга күйүүчү май, автотетиктерди сатып алуу чыгымдарын 2013-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүгүнүн 70111 “ Айыл өкмөтүнүн аппараты” бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
12. 2003-жылдын 30-июлундагы №158 “Аксакалдар соту жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33 беренесинин негизинде, аксакалдар сотунун иштерин жакшыртуу максатында 2013-жылга аксакалдар сотунун катчысын каржылоого 76,5 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Аксакалдар сотунун катчысын каржылоо 2013-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн 70111 “Айыл өкмөтүнүн аппараты” бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
13. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу маселелери боюнча башкы адиси Ж.Кенжетаевге, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктүн укутарын каттоо боюнча башкармалыгы менен бирдикте кайра бөлүштүрүү фондунун инвентаризацияланып, тиешелүү маалыматтар айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
14. 2013-жылдын 6 айдагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 39981,7 миң сом көлөмүндө, чыгымдары боюнча 27504,6 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
15. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жагы жана юстиция миңистрлигитарабынан ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн юридикасылк маселелер боюнча башкы адиси А.Молдоибраевага тапшырылсын.
16. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөөсү айыл өкмөтүнө жана айылдык Кенештин туруктуу комиссиясынын төрайымы С.Табалдиевага жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин төрагасы
А. Байтоков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О культуре»Закон · 07.04.2009 · № 119
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О судах аксакалов»»Закон · 30.07.2003 · № 158