Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин «Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 29.03.2013ж № 28/4-3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII-чакырылышыны кезексиз VI-сессиясы
2013-жылдын 29-марты № 28/4-3 Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 29.03.2013ж № 28/4-3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2013-жылдын 14-февралындагы №16 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 4-июнь 2013-жылдагы отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна (Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл, 29-мартындагы №28/4-3) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
IV бөлүм
дүн 12-главасынын 12.7–пунктундагы «Бир жылдын ичинде жүйөлүү себептерсиз» деген сөздөр «Катары менен төрт жолудан ашык» деген сөздөргө алмаштырылсын.
IV бөлүм
дүн 13-главасынын 13.2–пунктундагы «жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун» деген сөздөр «катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин сессияларына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Токтомго киргизилген өзгөртүүлөр массалык маалымат кызматтарына жарыялансын жана областтык юстиция башкармалыгына, мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Иманбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»Закон · 14.02.2013 · № 16
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жылдын 29-мартындагы № 28/4-3 "Чолпон-Ата шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.03.2013 · № 28/4-3