# Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 8 "Нарын шаардык прокуратурасынын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын 12-март 2013-жылдагы №6 токтомуна жана XXVI чакырылыштагы V сессиясынын 30-апрель 2013-жылдагы №6 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 8 "Нарын шаардык прокуратурасынын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын 12-март 2013-жылдагы №6 токтомуна жана XXVI чакырылыштагы V сессиясынын 30-апрель 2013-жылдагы №6 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 18.12.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.12.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204270>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15729/edition/495566/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.12.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 8 "Нарын шаардык прокуратурасынын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын 12-март 2013-жылдагы №6 токтомуна жана XXVI чакырылыштагы V сессиясынын 30-апрель 2013-жылдагы №6 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө" токтому (ред. от 18.12.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204270

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги X сессиясы

2013-жылдын 18-декабрындагы № 8 Нарын шаардык прокуратурасынын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын 12-март 2013-жылдагы №6 токтомуна жана XXVI чакырылыштагы V сессиясынын 30-апрель 2013-жылдагы №6 токтомуна каршылык билдирүүсү жөнүндө Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын калкын менчиктин түрүнө карабастан транспорттук каттамдар менен тейлөөгө шарттарды түзүү, адилет атаандаштыкты камсыз кылуу жана транспорттук кызматтардын рыногун өркүндөтүү максатында Нарын шаарындагы альтернативдүү транспорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн Нарын шаардык мэриясы тарабынан аталган департаменттин жаңы иштелип чыккан Жобосун жана ачык конкурс өткөрүүнүн Жобосун сессияда бекитип берүүнү Нарын шаардык мэриясы 11.03.2013-жылы №03\\288, 18.04.2013 -жылы №03\\490 сунуш катттары менен кайрылган. Жоболор шаардык Кеңештин сессиясына сунушталып, 12-март 2013-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын №6 токтому жана30-апрель 2013-жылдагы XXV чакырылыштагы V сессиясынын №6 токтому менен бекитилген.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №392-б буйругу менен “Нарын шаардык монополизициядан чыгаруу жана транспорттун альтернативдүү түрлөрун өнүктүрүү боюнча департаменти” жоюлуучу мамлекеттик ишканалардын тизмесине киргизилген. Тактап айтканда Нарын шаардык мэриясы Өкмөттүн буйругу менен жоюулуучу ишканалардын тизмесине киргизилгендигин тактабастан, департаменттин Жобосун шаардык Кеңешке сунуштаган. Нарын шаардык прокуратурасы 12-март 2013-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын №6 токтомун жана 30-апрель 2013-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы V сессиясынын №6 токтомун же жогорудагы көрсөтүлгөн сессиялардын токтому менен бекитилген Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосун жана Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурс өткөрүүнүн Жобосун жокко чыгаруу боюнча 3-декабрь 2013-жылы №11-13 прокурордук каршылык билдирүү жолдогон. Жогорудагылардын негизинде шаардык Кеңештин депутаттарынын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрында №392-б буйругунун жана Нарын шаардык прокуратурасынын 3-декабрь 2013-жылы №11-13 прокурордук каршылык билдирүүсүнүн негизинде 30-апрель 2013-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы V сессиясынын №6 токтому менен бекитилген Нарын шаардык транспорт департаментинин Жобосу жана Нарын шаардык Кеңешинин 12-март 2013-жылдагы XXVI чакырылыштагы IV сессиясынын №6 токтому менен бекитилген Нарын шаарындагы маршруттарды бөлүштүрүү боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндөгү Жобосу толугу менен күчүн жоготту деп табылсын.

2. Шаардын элин маршруттук каттамдар менен камсыз кылууда шаардагы маршруттук транспортторду тейлөөчү атайын транспорттук ишкананы түзүү жана Мыйзам чегинде түзүлгөн ишкананын иш алып баруусун камсыз кылуу жагы Нарын шаардык мэриясы (А.Суранов) милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестирине киргизүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

Төрага

Э.Турсуналиев
