Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын шаарынын Батыш аймагындагы Ала-Мышык эстелигин коргоо жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2013-жылдын 26-августу № 7 Нарын шаарынын Батыш аймагындагы Ала-Мышык эстелигин коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде Нарын шаарынын батыш тарабындагы архиалогиялык эстелик Ала-Мышык көрүстөнү №333 номер менен мамлекеттик корукка алынган. Ала-Мышык көрүстөнү б.з.ч V кылымдардан б.з X кылымдарга чейинки тарыхый мезгилдерге таандык кайталангыс археологиялык эстелик, ошондой эле илим, билим берүү, жаш муундарды патриоттуулука тарбиялоо, туризимди өнүктүрүү үчүн маанилүү обьект болуп эсептелинет. Бул эстеликти өз учурунда ар археологдор А.Бернштам, А.Кибиров, К.Табалдиев, Ю. Худяковдор изилдеген. 2012-жылдан бери археологиялык казуу иштери жүргүзүлүп КМУУ, И.Арабаев, Кыргыз-түрк “Манас”, НМУ, ОМУ, АУЦА, Новосибирск университетинен археологдор,аспирант студенттер келип катышууда жана бул аймактан ортоңку –мезеолит (мындан 10-7 миң жыл илгери), жаңы-нелит ( мындан-6-4 миң жыл илгери) доорлоруна мунөздүү таш куралдар табылган. “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык эстелик жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү эстеликтин сакталышы жана корголушу боюнча жоопкерчилик менен иш алып барып, эстеликтин сакталуусун камсыз кылуусу жана туризимди өнүктүрүү жолдорун чечип, шарт түзүүсү зарыл. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын макулдугу менен калктуу конуштарды пландаштыруунун, куруунун, реконструкциялоонун долбоорлорун иштеп чыгууда жана бекитүүдө баардык категориядагы эстеликтерди издеп табуу, изилдеп үйрөнүү, сактоо жана тарыхый-курулуш таяныч пландарын жана карта схемаларды тузүү боюнча иш чаралардын аткарылышын камсыз кылышат. Нарын шаарынын “Батыш” аймагындагы Ала-Мышык эстелигинин республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде болгондугуна байланыштуу, Ала-Мышык эстелигин коргоого алуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, максатында Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын “Батыш” аймагындагы Ала-Мышык эстелигинин республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде болгондугуна байланыштуу, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Ала-Мышык эстелиги коргоого алынсын.
2.“Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Респуликасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Ала-Мышык эстелиги коргоого алууга карата Нарын шаардык мэриясы (Б.Жээналиев) тарабынан алгылыктуу иш аракеттер жүргүзулсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча туруктуу комиссиясы
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы
Э.Турсуналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.