# Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы № 1 "Өзгөчө кырдаалдарды жана ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштарын уюштурууда, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын турак жайларына мамлекет тарабынан ссудалардын берилиши боюнча Нарын шаардыгы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы № 1 "Өзгөчө кырдаалдарды жана ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштарын уюштурууда, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын турак жайларына мамлекет тарабынан ссудалардын берилиши боюнча Нарын шаардыгы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 10.07.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.07.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204180>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15639/edition/481792/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.07.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы № 1 "Өзгөчө кырдаалдарды жана ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштарын уюштурууда, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын турак жайларына мамлекет тарабынан ссудалардын берилиши боюнча Нарын шаардыгы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө" токтому (ред. от 10.07.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204180

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

2013-жылдын 10-июлу № 1 Өзгөчө кырдаалдарды жана ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштарын уюштурууда, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын турак жайларына мамлекет тарабынан ссудалардын берилиши боюнча Нарын шаардыгы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаары боюнча бөлүмү тарабынан берилген маалыматка ылайык Нарын шаарында авариялык турак үйлөр саны 2010-жылга 180, 2011-жылга 174, 2012-жылга 68ди түзгөн, мунун ичинен авариялыктурак үйлөрүнө кайтарымсыз 50,0 сом өлчөмүндө ссуда алган жарандардын саны 2010-жылга-63, 2011-жлга 48, 2012-жылга 57. Ал эми кайтарымы менен 200,0 мин сом өлчөмүндө ссуда алган жарандардын саны 2010-жылы 59, 2011-жылы 33, 2012-жылы 42, 2013-жылга11. Авариялык абалда турган турак үйлөрүнө 200,0мин сом өлчөмүндө ссуда алган жарандардын 91ин алган суудаларын өз убагында төлөбөстөн кечиктирип, анын жалпы суммасы 2 341 840 сомду түзөт. 2010-2011-2012-жылдары оор түшкөн кардын кесепетинен, нөшөрлөп жааган жамгырдын селинен, кату ылдамдыктагы шамалдын кесепетинен жалпысы 67 турак жайга жана бир нече чарбалык курудуштарга зыян келтирилген. 2013-жылдын 10-майында Нарын шаарында болгон узак мөөнөткө созулган катуу шамалдан шаардагы бир нече социалдык обьектилердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке менчик үйлөрдүн чатырларын учурган. Шаардык жарандык коргоону боюнча башкаруу курамынын актысына ылайык бул күндөгү болуп өткөн шамалдын кесепетинен социалдык обьектилерге жана турак жайларга жалпысы 1100,0 мин сом өлчөмүндө материалдык зыя келтирилген. Бул келтирилген зыяндын негизинде Нарын шаарынын оор климаттык жашоо шартын эске алып, жогорку органдарга кайрылуулар болуп зыян тарткан жарандарга жардам ирээтинде шифер таратылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-ноябрь 2012-жылдагы №733 Токтомунда толу райондордо шамалдын ылдамдыгы 35м\\секунда болсо өзгөчө кырдаал болот деп белгиленип, үстүбүздөгү жылдын 19-майында ылдамдыгы 25м\\секунда болгон шамал өзгөчө кырдаал абалы катары катталган эмес. Тактап айтканда зыян келтирилген турак үйлөргө, социалдык обьектилерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлгөн эмес. Нарын шаардык мэриясынын жана өзгөчө кырдаалдар министирлигинин нарын шаары боюнча бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча Нарын шаарынын жашоочуларынын турак үйлөрү табигый кырсыктардын кесепетинен авариялык абалга келип, көчүрүлүүгө же капиталдык ремонтко муктаж деп эсептелип, женилдетилген ссуда алууга ылайык келет деген жашоочулардын тизмеси аныкталган. 2010-жылдан 2013-жылга карата аныкталган тизмеде ссудага муктаж жарандардын дареги, турак үйүнүн абалына мүнөздөмө берүү менен катталган күнүн көрсөтүү менен катар номер берилген. Нарын шаардык Кенешинин туруктуу комиссиясынын депутаттары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаары боюнча бөлүмүнүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда аткарып жаткан иштерин жеринде барып көргөн мезгилде өз кызматтарын профессионалдык денгээлде аткарып, иш кагаздары, берилүүчү маалыматтар так жана тыкан жүргүзүлүп жаткандыгына күбө болушкан. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаары боюнча бөлүмүнүн эн көйгөйлүү маселеси болуп жөнөтүлгөн тизмеге ылайык жарандардын ссуда алышына жоопкер мекеме болгон Нарын облусундагы турак жай жарандык курулуш департаментинин өкүлчүлүгү менен кызматтык байланыштын жоктугу. Тактап айтканда бүгүнкү күндө аталган департамент тарабынан берилген тизмеге ылайык кайсы жаранга ссуда берилгендиги белгисиз. Нарын облусундагы турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаардык бөлүмүнө 50,0 мин сомдук бир жолку кайтарымсыз жана 200,0 мин сомдук кайтарымдуу ссуда алган жарандардын санын гана берип келип, катар номери менен кимдер камсыз болгону жөнүндө эч маалымат берилбей келет. Нарын облусундагы турак жай жарандык курулуш департаментинин өкүлүнүн берген маалыматына ылайык 2013-жылга карата Нарын шаарына турак жайлары табигаттын кырсыктарынан жабыркаган жарандарга ссуда берүүгө жалпы 1062 турак жай ээси сунушталып, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан ссуда берүү жагы бекип, алардын 700,0 турак жай ээси ссуда менен камсыз болсо , 362 турак жай ээси жардамга муктаж. 2010-жылга карата турак жайлары үчүн ссуда алуучу жарандарга Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн берген тизмеси менен турак жай департаментинде ссуда алган жарандардын тизмесин катар номери менен аныктаган учурда 180 үй бүлөгө катар номери менен ссуда берилбестен чар жайыт берилип кеткен. 2012-жылга карата 63 катар номердеги жарандардын ичинен 1 гана жаранга ссуда берилген. Бул көрсөткүч Нарын облусундагы турак жай жарандардын курулуш департаментинин жаратылыштын ар кандай табигый кырсыктарынан турак жайы запкы тарткан шаар тургундарына бирдей мамиле болбогондугун жана көзөмөл жүрбөгөндүгөн далилдейт. Ссудага муктаж Нарын шаарынын тургундарын дареги боюнча жеринен кыдырган учурда 2009-жылдан бери «ссуда алууга кезегин келе элек» дегенди гана угам деп билдиришкен. Мындан сырткары туруктуу комиссиянын депутаттары ссуда алган жарандардын жашаган дареги менен кыдырган учурда 200,0мин сом кайтарымдуу ссуда алып турак үйүнүн фундаментин тургузгандар жана толук турак үйүн курган жарандар да бар. Нарын шаардык Кенешинин бекитлиген иш планынын негизинде шаардык Кенештин Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаары боюнча бөлүмүнүн жана Нарын облусундагы турак жай жарандардын курулуш департаментинин Өзгөчө кырдаалдарды жана ар кандай табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштарын уюштурууда, табигый кырсыктардан жабыр тарткан жарандардын турак жайларына мамлекет тарабынан ссудалардын берилиши боюнча жүргүзүп жаткан иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кенешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Нарын шаары боюнча бөлүмүнүн (Д.Абдраев) Нарын шаарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алууда, жарандык коргонуунун күчтөрүн, каражаттарын, түзүмдөрүн даярдоодо, окуу жана машыгууларды өткөрүүдө, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иш чараларды уюштурууда, жарандык коргонуу боюнча мыйзамын аткарууда тиешелүү денгээлде иш жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Табигаттын ар кандай кырсыктарынан турак жайлары запкы тарткан шаар тургундарына 50,0 мин сомдук кайтарымсыз жана 200,0 миң сомдук кайтарымдуу ссудалар менен камсыз кылууда Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай жарандык курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай жарандык курулуш департаментинин Нарындагы өлчүлүгү тарабынан кезекте турган жарандарга ссуда менен камсыз кылууда бирдей мамиле кылбагандыгы, кайтарымдуу ссуданы өндүрүүгө жеткиликтүү маани берип иш алып барбагандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай жарандык курулуш департаментинин директору У.Көкөчаровго Нарын шаардык Кенешинин жана шаардык мериянын атынан табигаттын ар кандай кырсыктарынан турак жайлары запкы тарткан шаар тургундарына 50,0 мин сомдук кайтарымсыз жана 200,0 мин сомдук кайтарымдуу ссудалар менен камсыз кылууда, документтерди тапшырган күнү, айы, жылына ылайык берилген катар номери менен камсыз кылуу жагы суралсын.

4. Нарын шаардык мэриясына кайтарымы менен берилүүчү 200,0 мин сом ссуда алып, бирок өз убагында төлөбөгөн Нарын шаарынын тургундарынын тизмеси жергиликьүү маалымат каражаттарында чагылдыруу иши милдеттендирилсин.

5. Нарын шаардык Кенешинин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы №733 Токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндөгү Жобосунун №1 тиркемесиндеги каттуу шамалдын ылдамдыгын теңдөө боюнча расмий түрдө сунуш даярдоо шаардын мэри- жарандык коргонуунун башчысы Б.Жээналиевге милдеттендирилсин.

6. Нарын шаарында 2013-жылдын19-майында, 23-июнунда болуп өткөн каттуу шамалдын кесепетинен жабыркаган социалдык обьектилердин, үстүн жабууда кемчилик кетирген мекемелерди тактап, кандай чара көрүлгөндүгү жөнүндөгү комиссиянын жыйынтык маалыматы шаардык Кеңештин кийинки сессиясында угулсун.

7. Кыргыз Республикасынын2009-жылдын 28- майындагы «Жарандык коргоо жөнүндөгү» Мыйзамынын 10-беренесинин 9- бөлүмчө, 21-беренесинин 2-бөлүмчөсүн аткаруу жана жарандык коргонуу боюнча иш чараларды алдын алуу, өз убагында жүргүзүү максатында жыл башында каржылоо жагын Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы менен бирдикте чечүү Нарын шааынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

Э.Турсуналиев
