# Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12- мартындагы № 1 "Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин өткөн 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12- мартындагы № 1 "Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин өткөн 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 12.03.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.03.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204171>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15630/edition/481358/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.03.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12- мартындагы № 1 "Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин өткөн 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө" токтому (ред. от 12.03.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204171

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги IV сессиясы

2013-жылдын 12- марты № 1 Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин өткөн 2012-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө Нарын шаарында 2013-жылдын 1-январына карата 578 млн.72 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп же 109,8 пайызды түзүп (2011-жылы 546,8 млн. сом), 2011- жылга салыштырмалуу 31,3 млн.сомго ашыкчы өндүрүлгөн.Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд.488,5 сомду түзүп же 107,1 пайызды түзүп (2011-жылы 1 млрд.389,4 млн.сом), 2011-жылга салыштырмалуу 99 млн.124миң сомго өсүш берген. Калктан акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 524 млн.449 миң сомду же болбосо 105,8 пайызды түзүп (2011-жылы 495 млн.331,0 миң) 2011-жылга салыштырмалуу 29 млн.118 миң сомго өсүш берген. Салык жыйымдарынын чогултууга 2012-жылы 106305,1 миң сом план берилип, ал 107437,7 миң сомго же 101,1 пайызга, анын ичинен республикалык 64010,3 миң сомго же 96,0 пайызга, жергиликтүү бюджет 43427,0 миң сомго же 109,5 пайызга аткарылган.+ткөн жылга салыштырганда 22168,9 миң сомго ал эми жергиликтүү бюджет 11162,1 миң сомго ашык жыйналган. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасында 92 адам эмгектенип, алардын орточо эмгек акысы 7500 сомду түзүп, 2011-жылга салыштырмалуу эмгек акы 60 пайызга чейин жогорулаган. (2011-жылы 4500 сомду түзгөн).Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2012-жылга карата 14млн.360,6 сом бөлүнгөн.Элден,мекеме-ишканалардан жана коммерциялык уюмдардан 2012-жылы таштанды үчүн 2 361 723 сом жыйналган. Жай айларында 382 түнкү жарык берүүчү светильниктер коюлуп, РТС жана Московский аймагына футболдук аянтчалар курулган.Кара-Бүк аймагындагы таштанды төгүүчү жайга дамба курууга 260,0 миң сом жумшалган. Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин карамагында 7 эс алуучу паркы,3 сквер,1 питомник бар.Мекеме тарабынан 9 өткөөл кайрадан алмаштырылып, 24 өткөөл чукулуп, тазаланып, суулар жиберилип, шаардын мекемелери, мектептери, бала-бакчалары 500 түптөн ашык, жашылдандыруу мекемеси 1150 түп бак дарактар менен камсыздалган.Жалпы эле шаар ичиндеги бак-дарактарды санитардык профилактикадан өткөрүү максатында 13,0 миң түп дарактар акиленген.Бул иш-чарага 16016 сомго 728кг.аки таш сатылып алынган. Шаардык муниципалдык менчикте турган жер аянттары такталып, ижара акыларын өндүрүү менен жер участокторун ижарага берүүдөн 2012-жылга 1500 000 сом план болсо, 1503 002 сомго же 100,2 пайызга аткарылган. Ал эми жер аянттарын сатуудан түшө турган акча каражаттын планы 500 000 сом болсо, иш жүзүндө 700 000 сомго,же 140 пайызга аткарылган. Нарын шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 12 кызматкер эмгектенип, жыл ичинде жарандардан түшкөн 389 арыз, кайрылуулар менен иштеп, жеке турак жай курууга, бизнес багытындагы, ар кандай маселелер боюнча башкармалык тарабынан 113 бүтүм даярдалып, алардын баардыгы жер комиссиясына сунушталган. Башкармалык тарабынан бекитилген план 1300 миң сом болсо, аткарылганы 1390,6 миң сомду түзгөн. Жарандык коргоо багытында жыл ичинде 17 окуулар жана 20 Жарандык коргонуу күндөрү өткөрүлүп, 2009-2010-жылдагы жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан Нарын шаарынын жарандарына 2012-жылдын 3-4 кварталында 71 сертификат берилип, 32 жаран 50 миң сомдук бир жолу кайтарымсыз, 39 жаран 200 миң сомдук узак мөөнөттүү кайтарымдуу ипотекалык сертификат алышкан жана түшкөн акча каражаттары таратылууда. Нарын шаардык суу канал ишканасында иштегендердин орточо эмгек акысы 7648 сомду түзүп, Нарын шаарындагы мекеме ишканаларга 1045 миң м3 таза суу берилип, 741 миң.м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрүлгөн, 2012-жылга жергиликтүү бюджеттен 1 737 000 сом суралып, бул каражаттын 870 000 сому же 50,1 пайызы бөлүнүп берилген. Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,26 мин м3/суткалык 3 суу алуучу жай иштетилүүдө.(Ак-Бечел, Батыш, Теке-Секирик). 2012-жылы шаардагы абоненттердин саны 7440 түтүн же 20730 адам, ал эми мекеме-ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 218 түзөт.Мекеменин 01.01.2013-жылга карата дебитордук карызы 6562,2 миң сомду. Ал эми жалпы кредитордук карызы 1071,8 миң сомду түзөт.2012-жылы суу канализация кызматынан пайдаланган мекеме-ишканалар жана калк менен түзүлгөн келишимдерге ылайык план10,974 сомду түзүп, түшкөнү 12732,8 сомду же 116,3 пайызга аткарылган. Электр тармактар ишканасында 60 адам эмгектенет. Орточо айлык акысы 16 600 сомду түзөт.2012-жылдын 12 айында 161550,9 миң кВтс электр энергиясы пайдаланылып, 2011-жылга салыштырмалуу 19488,4 миң кВтс көп пайдаланылган. Кабыл алынган энергиянын ичинен жалпы коромдор 34172,6 миң КВтс же 21,15 пайызды түзүп, 2012-жылга пайдаланылган энергия 126147,4 миң кВтс же 127000,3 миң сомго сатылган.Орточо сатуу тарифи 1 кВтс үчүн 1,01 сом. (2011-жылы 1,03 сом) Дебитордук карызы 58122,3 мин сомду түзөт. Мунун ичинен элдики 7486 миң сом. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинде баардыгы 96 адам иштесе, кышкысын от жагуу мезгилинде 165 адам иштейт.Бирикмеде 19 откана, мунун ичинен 17 откана электр энергиясы, 2 откана көмүр менен иштеп, баардыгы 79 көп кабаттуу үйдү, 28 менчик үйлөрдү, республикалык бюджеттеги 20 мекеме ишканалар, жергиликтүү бюджеттеги 18 мекеме мекеме-ишканаларды, 6 башка керектөөчүлөрдү жана 1476 абонентти жылуулук менен камсыз кылат жана ишкана 8406 метр жылуулук трассасын тейлейт.Ишкана «Чыгышэлектр» ААКна пайдаланылган электр энергиясы үчүн 74млн.278 миң 729 сом карыз. Нарын шаарында 2011-жылы 200млн. сомдук инвестициялар тартылса, 2012-жылы 226 млн.330миң 684 сомго инвестиция тартылган. Нарын шаарындагы кылмыштуулукту жана укук тартибин бузуучулардын алдын алуу боюнча шаардык ИИБнин өндүрүшүнө жалпы 131 кылмыш иши алынып 2011-жылга салыштырмалуу 65 кылмышка аз болгон.Жалпы катталган кылмыштардын ичинен 121 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 100 кылмыштын бети ачылган.Көрүлүп жаткан жаза чараларына карабастан 2012-жылы 40 жол кырсыгы катталып, 2011-жылга салыштырмалуу 12ге көп болгон, кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 38 адам денелеринен жаракат алышкан.Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусу менен 9 жол кырсыгы катталып, 9 жаш өспүрүм денелеринен жаракат алышкан. Нарын шаарынын аймагында 2012-жылы 43 өрт кырсыгы катталып,өрттүн кесепетинен келген чыгым 53238 сомду түзгөн.Шаар боюнча баардыгы 82 өрт гидранты болсо, бүгүнкү күндө алардын 58 бузук абалда же 70,7 пайызын түзөт. Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча Нарын шаарында 1 облустук үй бүлөлүк медицина борбору, 5 шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана тез жардам бөлүмү иш алып барышат.Нарын облустук ҮМБда 40 дарыгер, 104 орто медициналык кызматкерлер эмгектенишет.Дарыгерлер менен камысыз болуу75,7 пайызды түзсө, орто медициналык кызматкерлер менен камсыз болуу 100 пайызды түзөт.2012-жылы ҮМБнын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана ремонт иштерин жүргүзүүгө жалпысы 1 212 403 сом жумшалган.Республикалык бюджеттин эсебинен 54000 сомго жумшак инвентарлар алынган. 2012-жылга карата баардык катталган оорунун саны 36 395 болуп, (2011-жылы 35 598), 2011-жылга салыштырмалуу 2,2 пайзга өскөн.14 жашка чейинки балдар арасында бардык катталган оору 6690 болуп (2011-жылы 6 664), 2011-жылга салыштырмалуу 26 учурга көбөйгөн.Мындан сырткары 2012-жылы СПИД менен 4 учур катталса, 2011-жылы 3 учур катталган. Шаар боюнча жугуштуу ичеги карын оорулары былтыркы жылга салыштырмалуу 298тен 321 учурга, же 1.1 эсеге өсүш берген.Жалпы сарык оорусу 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы шаар боюнча 2,1 эсеге өсүш берген Шаар боюнча 2012-жылы985 бала төрөлүп,46 балага(2011-ж 939 бала) көп төрөлгөн. Жыл ичинде 0-14жашка чейинки өлгөн балдардын саны 29 түзөт.1 жашка чейинки өлгөн балдардын саны 12 учурдан 24 учурга көбөйүп 24 учурга көбөйүп, өлүм көрсөткүчү 24,9 түзгөн (2011-жылы 12,9). Жаңы төрөлгөн 24 баланын ичинен 15 бала төрөт үйүнөн же 62,5 пайызы, 7 бала ооруканадан же 29,1 пайызды, 2 бала үйдөн же 8,3 пайызды түзөт. Баардык катталган оору 36395 (2011-жылы -35598) болуп, өткөн жылга салыштырганда 2,2пайызга өскөн. 2011-2012-окуу жылында 7197 окуучуга 542 мугалим, 1277 тарбиялануучуга 77 тарбиячы, спорт мектептеринде 611 балага 18 машыктыруучу, музыкалык мектептеги 213 окуучуга 23 мугалим билим-тарбия беришет.Окуучуларга билим тарбия берүүдө мектептерде 542 мугалим эмгектенсе, анын ичинен 526 мугалим жогорку,9 бүтпөгөн жогорку,32 атайын орто билимдүүлөр.41 мугалим жаш жаңыдан келип иштеп жатат.2011-2012-окуу жылында шаар боюнча окуучулардын билим сапатынын орточо көрсөткүчү 48 пайызды, ал эми өздөштүрүүсү 99,9 пайызды, сабакка катышы 97,5 пайызды түзгөн.Республикалык теске 350 бүтүрүүчү катышып, эң жогорку 214 баллды Чкалов атындагы №2 мектеп гимназиясынан 2, Э.Ибраев мектебинен 1, А.Буйлаш мектебинен1 окуучу алган.Ал эми 35 окуучу 150-190 баллга жетише алган.Мектептердин ремонтуна Республикалык бюджеттен 673,2 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 450,0 миң сом бөлүнгөн. Нарын шаарында жылдан жылга балдардын саны өсүп жаткандыктан, балдар бакчаларынын жетишсиздик маселеси өтө курч абалда болууда.Мектепке чейинки жаштагы балдардын саны 6465 болсо, ал эми бала-бакчага тартылганы 1654 же 25,6 пайызды гана түзөт. Бакчага тартылбай калган балдардын саны 4811ди түзүп, 74,4 пайызы тартылбай калган. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Нарын шаарында 2012-жылдын 12 айында ичинде жалпысы 1586 аз камсыз болгон үй бүлөгө же 3123 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелген.Ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 1211 адамды түзөт.2012-жыл ичинде мамлекеттик жөлөкпулду төлөөгө жалпы керектелүүчү сумма 63105,6 миң сомго жеткен. 2011- жылдын 386,1 миң сом карызын эсепке алганда 63333,4 миң сомго каржыланып же керектелүүчү сумма 99,8 пайызга каржыланган.Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы №543 токтомунун негизинде КМКнын (кепилденген минималдуу киреше) 580 сомго жогорулатылышы талап кылынган акча каражатынын көбөйүшүнө шарт түзгөн.2011-жылдын 12 айына салыштырганда 2012-жылы социалдык жөлөкпул алуучу үй бүлөлөрдүн саны 50 үй бүлөгө,үй бүлө мүчөлөрүнүн саны 32 адамга көбөйүп, талап кылынган акча каражаты 6818.8 миң сомго көбөйгөн.2013-жылдын 1-янврына карата 4500 үй-бүлөгө же 18369 адамга, башкача айтканда шаардагы жалпы калктын 52,2 пайызына жаңы үлгүдөгү социалдык паспорттор толтурулган. Маданият тармагына жалпысынан жергиликтүү бюджеттен 237,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп, максаттуу пайдаланылган.Иш чарага ылайык даталуу күндөргө карата ар кандай сынактар өткөрүлгөн,ошого карабастан маданият тармагында кадр маселеринде кемчиликтер орун алган.Башкача айтканда айлык алуу менен гана чектелүүдө.+здүк имараты жок. Спорт тармагы боюнча өткөрүлүүчү спорттук иш чараларга жергиликтүү бюджеттен жалпысы 300,0 миз сом акча каражаты каралып, толугу менен пайдаланылып, иш чаралар өткөрүлгөн. Жогорудагы аткарылган иштерге карабастан, Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык планындагы белгиленген айрым багыттарын аткарууга жетиштүү чаралар көрүлбөгөн. Алсак сүт, эт,картошка цехтерин ачуу, ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу, орто жана чакан бизнести өнүктүрүү, шаарга турак жай курулуштарын куруу маселелер колго алынган эмес. Мектеп жашына жете элек балдардын саны өсүп жаткандыгына карабастан, бала-бакча куруу маселеси жылдан жылга калтырылып, чечилбей келүүдө.Маданият, спорт тармактарынын иштери өз деңгээлинде эмес. Мектептеги балдардын билим сапаты төмөн. Шаарга малекеттик жана жеке инвестиция тартуу дээрлик жокко эсе. Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин 2012-жылда аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин 2012-жылда жалпы аткарылган иштери боюнча берген отчету эске алынсын.

2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн, айрыкча салыктар жана башка жыйымдарды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, шаардагы менчиктештирилген ири жер аянттарын жана ага төлөнүүчү төлөмдөрүн, базарларда иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди кайрадан тактоо шаардык салык башкармалыгына (К.Насиридинов), шаардык муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилсин.

3. Инвестицияларды тартууга карата шаардын мекемелерин, ишканаларынын, мектептердин, бала-бакчалардын жетекчилери менен бирдикте жетиштүү чараларды көрүү шаардык мэрияга (Б.Жээналиев) тапшырылсын.

4. Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарыдын социалдык экономикалык өнүгүү прогораммасын сунуштоо Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге милдеттендирилсин.

5. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептин, бала-бакчалардын материалдык -техникалык базасын чыңдоо, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу, шаардык мэрияга (С.Эсенамановага), шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев), шаардык билим берүү бөлүмүнө (У.Турсунов) тапшырылсын.

6. Шаардын генпланын иштеп чыгууга, сунушту даярдоо жана архитектура башкармалыгына кайрылган шаар тургундарынын маселесин өз убагында чечип берүү боюнча тейлөөнү жакшыртуу шаар куруу жана архитектура башкармалыгына (Рахат уулу Эркин) тапшырылсын.

7. Шаардык мэрия тарабынан шаарга азык-түлүк азыктарын иштетүүчү чакан ишканаларды ачууга, ветеринардык тейлөөнү жакшыртууга, чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды курууга, борбордук көчөнүн жолун, тратуарларын оңдоо иштерин улантууга, шаардын ички арыктарын оңдоого өзгөчө аракеттер көрүлсүн.

8. «Таза-Нарын» ишканасынын, муниципалдык менчик департаментинин финансылык абалын жакшыртуу менен берилген жыйымдардын пландарын көбөйтүү жана аларды жергиликтүү бюджеттен датациялоону 10-15 пайызга азайтууга карата иш пландар иштелип чыксын.

9. Шаардагы баардык элге кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалардын иш аракетин, ишмердүүлүгүн көтөрүү, элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жагы колго алынсын.

10. Нарын шаарында мектеп жашына жете элек бала-бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала-бакча курууга инвестиция тартуу маселесин тез арада чечүү Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

11. Нарын шаарында орун алган оорулардын, айрыкча өспүрүмдөр арасында сарык оорусун, жаш балдардын өлүмүн кыскартууга, ооруну алдын алууга карата чараларды көрүү Нарын шаардык мэриясынын вице- мэри С.Эсенамановага, үй-бүлөлүк медицина борборунун директору А.Бердикожоевага тапшырылсын.

12. Нарын шаардык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси (У.Айтиев) суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаева) электр тармактар ишканасы (Н.Шүкүрканов) тарабынан дебитордук карыздарын жоюуга карата ыкчам иш аракеттерди көрүшсүн.

Шаардын суу канал ишканасына тендер өткөрүү менен бир эксковатор техникасын өндүрүшкө пайдаланууга сатып алуу шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаевага милдеттендирилсин жана бул ишти көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановго тапшырылсын.

13. Мектептер, бала-бакчалар жайгашкан чоң, туура көчөлөрдүн тушуна жол белгилерин (лежаңий полицейский) жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мектептерге, бала-бакчаларга сууга төлөнүүчү төлөмдөрдү (акча каражатын) кыскартуу максатында суу ченемдерин( водомер) орнотуу, Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин жылуулук системасын электрдик жылытууга өткөрүү жагы, шаардагы жайгашкан мурунку ( эски) аялдамаларды жаңы замандын талабына ылайык реконструкциялоо ага кетүүчү акча каражаттарын табуу шаардын мэри Б.Жээналиевге тапырылсын.

14. Нарын шаардык мэриясына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы милдеттендирилсин:

· Ж.Шералиев көчөсүнө асфальтоо иштерин баштоо, долбоорун бүткөрүү;

· Борбордук базардын айланасындагы көчөлөрдү ирээтке келтирүү,тартиптештирүү жумуштарын апрель-май айларында бүткөрүү;

· Келип түшкөн иш кагаздарына өз убагында жооп берүү жагын колго алуу;

· Шаардагы парктарды, скверлерди ирээтке келтирүү, анын ичинде Ж.Акималиев паркын реконструкциялоо.;

· Шаардагы дүкөндөрдөн, кафелерден, ашканалардан,базарлардан чогулуучу таштандылардын баасын көтөрүү боюнча сунуш киргизүү;

· Нарын шаарынын санитардык абалын жакшыртуу; (айрыкча базарлардын, ашканалардын дүкөндөрдүн)

· Шаардын таштанды төгүүчү жайын ирээтке келтирүү жана рекультивация жумуштарын жүргүзүү, ага инвестиция тартуу;

· Жумушсуздарды ишке жайгаштыруу боюнча кошумча жумуш ордун түзүү

· Шаардагы жылуулук менен камсыз болбогон көп кабаттуу үйлөрдү мурунку калыбына келтирип, жылуулук менен камсыз кылуу;

· Жеке адамдарга турак жай курууга муниципалдык жер тилкелерин кайрадан карап чыгуу жана туура көчөлөрдүн аң-чөнөктөрүн ремонттоо;

· Шаардын элинин саламаттыгын сактоо максатында мал чарба азыктарынын тазалагын, малдан жугуучу ооруларды алдын алуу боюнча шаардык ветеринария мекемесин кайра ачуу;

· Борбордук Ленин көчөсүн асфальттоо жумуштарын аягына чыгуу;

· Шаардагы «Ала-Тоо» стадионун инвестиция тартуу менен реконструкциялоо;

16. Шаардык Кеңештин бул токтомун аткаруу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана шаардын тиешелүү мекеме ишканасынын жетекчилерине тапшырылсын.

Төрага

Э. Турсуналиев
