# Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 1 "Нарын район аралык жылуулук менен касыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү органга өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 1 "Нарын район аралык жылуулук менен касыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү органга өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 27.02.2013
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.02.2013
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/204170>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15629/edition/481356/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.02.2013 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нарын шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы № 1 "Нарын район аралык жылуулук менен касыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү органга өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.02.2013) - https://aqlex.ai/kg/doc/204170

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги III сессиясы

2013-жылдын 27-февралы № 1 Нарын район аралык жылуулук менен касыздоо өндүрүштүк бирикмесин жергиликтүү органга өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №397-буйругу менен мамлекеттик менчикте турган мекеме-ишканаларды муниципалдык менчике өткөрүү боюнча тизмесине Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси кирген. Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине тиешелүү обьект, инфраструктуралар, транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы №827 токтомунун №7 тизмесине киргизилгендиктен, муниципалдык менчике кабыл алынып, оперативдүү башкарууга берилген. Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк ишканасын жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берүү эртелик кылат. Себеби, Нарын шаарынын климаттык шартынын оордугу жана 87 пайызы дотацияда турат. Бирикменин бир жылдык чыгымы 101 млн.758,7 миң сом (керектелет).Башкача айтканда электр энергиясына 38 млн.736,3 миң сом, көмүр алууга 9лн.170 миң сом, сууга 1 млн,758,7 миң сом, эмгек акыга 9 млн 262,5 миң сом, соц фондко 3млн,610,0 миң сом, салыкка 782,5 миң сом талап кылынат. Жыл сайын бирикменин электр энергиясына болгон карызды жабууга Республикадан дотацияга же субсидия катары 30 млн,696,4 миң сом берилип турат. Бирикменин 1-февраль 2013-жылга «Чыгышэлектр» ААКна электр энергиясына болгон жалпы карызы 83 млн.846,3 миң сомду түзөт.Мунун 32 млн 051,6 миң сому туум ( пеня) болуп эсептелет. Өкмөт тарабынан берилүүчү субсидиялар өз учурунда берилбесе туумдар ( пениялар ) өсүп көмүр тартуу, от жагуу мезгили үзгүлтүкө учурай тургандыгы белгилүү. Эгерде Өкмөт тарабынан бирикмеге берилүүчү 30 млн 696,4 миң сом жыл сайын убагында берилсе жана 83 млн.846,3 миң сом карызы жоюлса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү ыктымал.Буга чейин бул маселе жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан талкууланып каралган. Жогорудагыларды белгилеп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин электрэнергиясына болгон 83 млн.846, 3 миң сом карызын жоюу жана жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү 30млн. 696,4 мин сом субсидияны Республикалык бюджеттен бөлүп берүү жагы суралсын. Жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толук чечилип бүткөндөн кийин, бирикмени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өткөрүп алуу маселеси сессиядан кайрадан каралып чечилээри белгиленсин.

Төрага

Э. Турсуналиев
