# Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому

- Полное наименование: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 29
- Дата принятия: 23.04.2012
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.04.2012
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/203595>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15488/edition/478142/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.04.2012 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үгүт айылдык Кеңешинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 29 "Ар кандай маселелер" токтому (ред. от 23.04.2012) - https://aqlex.ai/kg/doc/203595

---

ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үгүт айылдык Кеңешинин кезектеги ХХIX сессиясы

2012-жылдын 23-апрели № 29 (Ар кандай маселелер) Үгүт айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ар кандай маселелер:

1. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын тургундары: Чодолдоев Жусупка, Байбагышова Тамарага, Карыпбаев Муканбетке жана Наматбекова Гүлүканга «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2. Айыл чарба багытындагы жердин зоналдык коэффициенти КЗ 1,0 болуп бекитилсин.

3. Молдобаева Шайгүлдүн арызы боюнча «Мадыба» участкасы «Рыскулбек» участкасы болуп өзгөртүлсүн. Үгүтайыл өкмөтүнүн чарба китебине өзгөртүү киргизилсин.

4. Үгүт айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы, бухгалтерине түзүлгөн сметасына ылайык эмгек акы төлөө жагы бардык төлөмдөрдөн тышкары бекитилсин (бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бухгалтер коомдук башталыштагы кызматкер болуп эсептелсин).

5. Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн бардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү жана жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алсын. Жайыт акыны чогултуп берүү жагы бадачыларга милдеттендирилсин.

6. Жайыттардын чек араларын тактоо боюнча Атлас ЖЧКсы жүргүзгөн инвентаризация иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

7. Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте белгиленсин.

Үгүт айылдык кеңешинин төрагасы

М. Карыпбаев
