Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Үгүт айылдык Кеңешинин «Ар кандай маселелер» токтому
ҮГҮТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үгүт айылдык Кеңешинин кезектеги ХХIX сессиясы
2012-жылдын 23-апрели № 29 (Ар кандай маселелер) Үгүт айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Ар кандай маселелер:
1. Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын тургундары: Чодолдоев Жусупка, Байбагышова Тамарага, Карыпбаев Муканбетке жана Наматбекова Гүлүканга «Айылдын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Айыл чарба багытындагы жердин зоналдык коэффициенти КЗ 1,0 болуп бекитилсин.
3. Молдобаева Шайгүлдүн арызы боюнча «Мадыба» участкасы «Рыскулбек» участкасы болуп өзгөртүлсүн. Үгүтайыл өкмөтүнүн чарба китебине өзгөртүү киргизилсин.
4. Үгүт айыл округунун жайыт комитетинин төрагасы, бухгалтерине түзүлгөн сметасына ылайык эмгек акы төлөө жагы бардык төлөмдөрдөн тышкары бекитилсин (бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бухгалтер коомдук башталыштагы кызматкер болуп эсептелсин).
5. Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимде көрсөтүлгөн бардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү жана жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алсын. Жайыт акыны чогултуп берүү жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
6. Жайыттардын чек араларын тактоо боюнча Атлас ЖЧКсы жүргүзгөн инвентаризация иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
7. Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 мыйзамында көрсөтүлгөн тартипте белгиленсин.
Үгүт айылдык кеңешинин төрагасы
М. Карыпбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах»Закон · 28.12.2011 · № 254 · Утратил силу