# Декрет ВП КР от 28 июля 2010 года № 114 "О мерах государственной поддержки налогоплательщиков, пострадавших в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года"

- Полное наименование: Декрет ВП КР от 28 июля 2010 года № 114 "О мерах государственной поддержки налогоплательщиков, пострадавших в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года"
- Вид акта: Декрет
- Номер: 114
- Дата принятия: 28.07.2010
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.07.2010
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/202886>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-114/edition/692488/ru>
- Текст на другом языке (Markdown): <https://aqlex.ai/kg/doc/202886.md>

> Текст приведён по редакции от 28.07.2010 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Декрет ВП КР от 28 июля 2010 года № 114 "О мерах государственной поддержки налогоплательщиков, пострадавших в результате событий, произошедших в апреле-июне 2010 года" (ред. от 28.07.2010) - https://aqlex.ai/doc/202886

---

Бишкек шаары

2010-жылдын 28-июлу УӨ № 114

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын

кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө

мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө

2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын кесепетинен жабыр

тарткан салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыр-

гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2010-жылдын апрель-июнунда

болгон окуялар салыктык максаттарда жана мамлекеттик социалдык камсыз-

дандыруу максаттарында ал жеткис күчтүн жагдайлары катары аныкталуучу

өзгөчө кырдаалдар деп эсептелсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында жабыр тарткан салык тө-

лөөчүлөргө берилчү төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну жана/же мөөнөтүн

узартуудан башка салыктык карыздын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү

банктын кепилдиги менен гана ишке ашырылат;

- жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында мате-

риалдык зыян тарткан учурларда жергиликтүү кењештер айыл чарба жерлери,

үй жанындагы, бакча, бак-огород жер участоктору жана айыл чарбалык эмес

багыттагы жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай 3

жылга чейинки мөөнөткө бошотууга укуктуу;

- ал жеткис күчтүн кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөр ал-

ган материалдык жардамга киреше салыгы салынбайт;

- табигый кырсыкка, өрткө, өзгөчө кырдаалдарга жана ал жеткис

күчтүн жагдайларына туш болуунун натыйжасында ден соолукка келтирилген

зыяндын жана материалдык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу жеке

адамдарга көрсөтүлүүчү материалдык жардамдын суммасы үчүн Кыргыз Рес-

публикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-

ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

4. Бул Декрет 2010-жылдын 7-апрелинен тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
