# ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 49
- Дата принятия: 29.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200517>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-904/edition/1001427/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 49 "Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 29.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200517

---

ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 29-апрели № 49 Өзгөчө абал киргизилген аймактарда тоскоолдуксуз жүрүү үчүн өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ПЖ№ 80 Жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин, ал эми Ош шаарынын аймагында 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин белгиленгендигине байланыштуу Ош шаарынын аймагында Covid-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу иш-чараларын улантуу максатында буйрук кылам:

1. Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты тарабынан мурда берилген кагаз түрүндөгү тоскоолсуз жүрүү үчүн атайын өткөрмө уруксат кагаздары (пропуск) 2020-жылдын 10-май саат 24:00ге чейин жарактуу деп эсептелсин.

2. 2020-жылдын 25-апрелине чейин берилген электрондук атайын өткөрмө уруксат кагаздардын (пропуск) мөөнөтү автоматташтырылган маалымат тутумунда 2020-жылдын 10-май саат 24:00ге чейин узартылат.

3. 2020-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейинки мөөнөттө берилген электрондук атайын өткөрмө уруксат кагаздардын мөөнөтүн автоматташтырылган маалымат тутумунда узартуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, алар жараксыз деп табылат жана жарандар тийиштүү документтерди 3222.tunduk.kg сайтына кайрадан толтурулуп, кайрылуулары зарыл.

4. Өзгөчө абал режимин жана коменданттык сааттын талаптарын камсыз кылуу жана аларды бузган атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүү милдеттери өзгөчө абал режимин камсыздоо иш-чараларына тартылган укук коргоо жана күч түзүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлсүн.

5. Буйрук коомчулукка жеткирилсин.

6. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Комендант

Нурдинов М.А.
