# ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 48 "Ош шаарынын аймагында "Коронавирус" инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу чаралары жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 48 "Ош шаарынын аймагында "Коронавирус" инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу чаралары жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 48
- Дата принятия: 29.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200516>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-903/edition/1001425/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 48 "Ош шаарынын аймагында "Коронавирус" инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу чаралары жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 29.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200516

---

ОШ ОБЛУСУНУН ОШ ШААРЫНЫН, НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 29-апрели № 48 Ош шаарынын аймагында "Коронавирус" инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелдеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ПЖ№ 80 Жарлыгы менен Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал режиминин мөөнөтү 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин, ал эми Ош шаарынын аймагында 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин белгиленгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин 28.04.2020-жылдагы №8 чечиминин негизинде, Ош шаарынын аймагында Covid-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу иш-чараларын улантуу максатында буйрук кылам:

1. Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун комендантынын 23.03.2020-жылдагы №5 буйругу менен киргизилген, 14.04.2020-жылдагы №41-буйругу менен убактысы саат 21:00ден саат 06.00гө чейин белигиленген коменданттык сааттын мөөнөтү Ош шаарынын аймагында 2020-жылдын 10-майына чейин узартылсын.

2. Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн тизмеги бекитилсин (2020-жылдын 1-майынан тарта, №1 тиркемеге ылайык).

3. Буйруктун талаптарын аткаруу коменданттын орун басарларына жана тиешелүү мекеме, уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

4. Буйрук коомчулукка жеткирилсин.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Комендант

Нурдинов М.А.

29-апрели 2020-жылдын № 48 буйругу № 1 Тиркемеси

Өзгөчө абал режиминде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ

1. өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү:

- энергетикалык өнөр жай;

- химиялык жана нефтегаз өнөр жайы;

- машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай;

- тоо кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия;

- текстилдик жана булгаары-бут кийим өнөр жайы;

- эмерек өнөр жайы;

- курулуш материалдарды өндүрүү;

- жана башка өнөр жай жана өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү:

- курулуш обьектилери;

- сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдор жана көпүрөлөр чөйрөсүндөгү подряддык иштер;

- кошо аткарылуучу жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү:

- техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоону кошо;

- дөңгөлөктөрдү желимдөө жана түздөө;

- жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрдү.

5. Свода чөйрөсү:

- интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызматты кошо;

- курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүңсоода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

- көздөмөлөрди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо;

- автотетиктер, велотетиктер, комплекттөөчүлөр, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрдү.

7. Уюшулган таксомотордук кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү (экиден ашык адам салбаганда).

Комендатуранын штабы.
