Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалынын кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 16-апрели № 15 “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалынын кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинини Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө 14-апрель 2020-жылдагы № 72 жарлыгынын талабына ылайык, ошондой эле өзгөчө абал кирген Нарын шаарынын аймагында Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын буйрук, көрсөтмөлөрүн, каттарын тиешелүү облустук, шаардык жана райондук мекеме-ишканаларга өз убагында жеткирүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын буйрук, көрсөтмөлөрүн, каттарын тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканаларга жеткирүү үчүн “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын шаарындагы филиалынын 1 кызматкери кезметке турсун.
2. Кезметке турган “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын шаарындагы филиалынын кызматкерине Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантынын буйрук, көрсөтмөлөрүн, каттарын, тапшырмаларын тиешелүү облустук жана шаардык мекеме-ишканаларга жеткирүү милдеттендирилсин.
3. Кезметке турган “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын шаарындагы филиалынын кызматкерин автоунаа, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жагы Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын шаарындагы филиалынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын шаарынын мэри Н.Молдокадыровго жана “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын Нарын шаарындагы филиалынын башчысына жүктөлсүн.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.