Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 15-апрели № 12 Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында жүрүүгө жана облустун аймагынан кирип-чыгуу үчүн атайын уруксаат кагаздарын берүүнү уюштуруу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге, Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкери Т.Кадыровго жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине:
- 5 даражадагы өнөкөт бөйрөк оорусу бар, саламаттыкты сактоо органдарынан гемодиализ кызматын алып жаткан жарандарды (медициналык справкасынын негизинде) жана аларды коштоп бара жаткан адамдарды автоунаалары менен күндүзү жана түнкүсү облустун аймагында уюштурулган баардык посттордон тоскоолдуксуз өткөрүүнү уюштурууну;
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкери М.Турпанбаевге, Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкери Т.Кадыровго жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.