# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 8 "Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 8 "Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 8
- Дата принятия: 14.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200492>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-880/edition/1000213/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 8 "Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 14.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200492

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 8 Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын облусунун аймагында уюштурулган санитардык-карантиндик, чыпкалоочу (фильтрациялык), жылып жүрүүчү жана башка посттордон азык-түлүк продуктыларын, медициналык каражаттарды, дары-дармектерди, жазгы-талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү майлоочу майларды, унаа тектиктерин, үрөн, курулуш материалдарын жана гуманитардык жардамдарды тартып бара жаткан автоунаалар посттордон каттоо менен эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.

2. Жогорудагы көрсөтүлгөн товарларды тартып келе жаткан автоунаалар жүктөрүн түшүрүп, кайра артка чыгууларында мурдагы киргендеги каттоосу боюнча облустун аймагында уюштурулган посттордон тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Т.Кадыровго, Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер М.Турпанбаевге жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
