Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 14-апрели № 8 Өзгөчө кырдаал режими учурунда Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагында уюштурулган посттордон тиешелүү унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Нарын облусунун аймагында уюштурулган санитардык-карантиндик, чыпкалоочу (фильтрациялык), жылып жүрүүчү жана башка посттордон азык-түлүк продуктыларын, медициналык каражаттарды, дары-дармектерди, жазгы-талаа жумуштарына керектелүүчү күйүүчү майлоочу майларды, унаа тектиктерин, үрөн, курулуш материалдарын жана гуманитардык жардамдарды тартып бара жаткан автоунаалар посттордон каттоо менен эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн товарларды тартып келе жаткан автоунаалар жүктөрүн түшүрүп, кайра артка чыгууларында мурдагы киргендеги каттоосу боюнча облустун аймагында уюштурулган посттордон тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Т.Кадыровго, Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер М.Турпанбаевге жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктерине жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.