Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН «Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө» БУЙРУГУ
НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 14-апрели № 6 Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында коомдук тартипти уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинини Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө 14-апрель 2020-жылдагы ПЖ № 72 жарлыгынын талабына ылайык ошондой эле өзгөчө абал кирген аймактарда коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Ат-Башы жана Нарын ШРИИБдин начальниктери коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуусун токтотуу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен иш алып барып уюштуруу боюнча жоопкер адамды дайындасын.
2. Нарын ШИИБдин жана Ат-Башы РИИБдин начальниктерине:
- территориалдык мамлекеттик органдар, кызматтар менен иш аракеттерди координациялоо, биргеликте тыгыз иштерди алып баруу жана ыкчам штабдарды түзүүнү;
- үй карантиндеринде жайгашкан кээ бир адамдардын үйлөрүнөн чыкпоолору жана обсервация пункттарында, дарыланууда жаткан адамдарды алар жайгашкан жерлеринен кетпөө боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүнү;
- коомдун жана жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти коргооону камсыз кылууну;
- тейлеген аймакта абалдын өнүгүшү боюнча маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана маалыматтардын анализин жүргүү боюнча иштерди уюштурууну;
- короновирус инфекциясын (COVID-19) жуктурганга шектүү жана өзгөчө абал режимин бузгандарды коомдон обочолонтууну жана өзүнчө кармоону камсыз кылууну.
3. Аткарылган иштер боюнча көрсөтүлгөн тартипте коменданттын ыкчам штабына маалымдоону.
4. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Ат-Башы РИИБдин жана Нарын ШИИБдин начальниктери милициянын полковниктери Б.Арзыгулов, Т.Кадыровдорго жүктөлөт.
5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги
У.К. Аалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.