# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө"

- Полное наименование: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө"
- Вид акта: Приказ
- Номер: 5
- Дата принятия: 14.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200489>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-877/edition/1000197/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 5 "Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" (ред. от 14.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200489

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 5 Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 72-Жарлыгын аткаруу максатында, Нарын облусунун аймагындагы мамлекеттик органдардын иш-чараларын уюштуруу, ошондой азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын облусунун аймагында азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө багытында, талап кыламын:

- Кыргыз Республикасынын Эконимикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгы күн сайын саат 10:00 гө жана саат 18:00 гө негизги 12 азык-түлүктүн калдыгы (запасы) боюнча (тиркемеге ылайык) жана күйүүчү майлоочу майлар, ошондой эле товарларды таблицада көрсөтүлгөн баалардан себепсиз жогору көтөрүү фактыларын алдын алуу иштерин жүргүзүшсүн;

- Нарын шаардык мэриясы жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы күн сайын саат 10-00 гө жана саат 18-00 гө Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы соода жайларынан жана соода борборлорунан негизги 12 азык-түлүктүн баалары боюнча (тиркемеге ылайык) маалыматтарды беришсин, ошондой эле баалардын көтөрүлүшү, алардын калдыгы (запасы) жана жоктугу боюнча маалыматтарды беришсин.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Нарын облусунун Нарын шаары боюнча жооптуу кызматкер Кадыров Талант Эсенгуловичке жана Ат-Башы району боюнча жооптуу кызматкер коменданты Турпанбаев Мадланбек Тураровичке жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев

14.04.2020-жылдагы

№5 Буйругуна тиркеме

Нарын шаары

Күйүүчү майлардын баасы

АИ-92 Баасы/накталай калганы/керектелет

АИ-80 Баасы/накталай калганы/керектелет

Диз. топливо Баасы/накталай калганы/керектелет

Нарын шаары

Жеке даарыканаларда бет кап жана башка медициналык каражаттар

Баасы

Калдыгы (запасы)

Керектелет

ун

буудай

сахар

суу май

картошка

кой эти

уй эти

макарон

күрүч

нан

сүт

жумуртка

Азык-түлүктүн калдыгы (запасы)

Бир суткага керектелет
