# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 2 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасын түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 2 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасын түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 2
- Дата принятия: 14.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200487>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-875/edition/1000189/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 2 "Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасын түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 14.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200487

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 2 Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абалдар жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 3-4-7-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.04.2020-жылдагы №72-Жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы райондорунун аймагында жарандардын өмүрү жана ден-соолугун, коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу ошондой эле “Таажывирус” инфекциясынын Нарын облусунун башка аймактарына таралышына жол бербөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендатурасы жана анын курамы №1-тиркемеге ылайык түзүлсүн жана жайгашкан орду Кыргыз Республикасынын ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын имаратында Нарын шаары Мамбет уулу Таранчы көчөсү №19 “а” дарегине белгиленсин.

2. Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун комендантынын төмөндөгү курамдагы орун басарлары бекитилсин:

- Коменданттын Саламаттык сактоо маселелери боюнча орун басары болуп Нарын облустук ҮМБнын башчысы Алияскаров М.А.;

- Коменданттын Аскердик түзүмдөр менен байланыш боюнча орун басары болуп Нарын шаарындагы “Тайлак-Баатыр” атындагы №20-25 Чекара бөлүгүнүн саркери полковник Сатиев У.К.;

- Коменданттын социалдык-экономикалык маселелер боюнча орун басарлары Нарын шаарынын мэри Молдокадыров Н.А.

Ат-Башы районунун акими Сатаров Н.;

- Коменданттын орун басары, ал эле Ыкчам штабдын начальниги милициянын подполковниги Токтосунов А.У.;

- Коменданттын улуттук коопсуздук маселелери боюнча орун басары подполковник Исманов Б.К.

2.1. Коменданттын орун басары Алияскаров Муратбек Алияскаровичке, саламаттык сактоо багытындагы маселелерди уюштуруу менен өз-ара катнашты түзүү милдеттери жүктөлсүн;

2.2. Коменданттын орун басары Сатиев Уланбек Кошбаевичке, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан аскер түзүмдөрүнүн өз-ара аракеттешүүсү жана аларды пайдалануу боюнча милдеттер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүктөлсүн;

2.3. Коменданттын орун басарлары Нарын шаарынын мэри Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичке жана Ат-Башы районунун акими Сатаров Нурбек Сатаровичке социалдык-экономикалык маселелерди чечүү милдеттери жүктөлсүн;

2.4. Коменданттын орун басары Токтосунов Акылбек Усенакуновичке, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, оперативдик штабды жетектөө милдеттери жүктөлсүн;

2.5. Коменданттын орун басары Исманов Батырбек Кубанычбековичке, Конституциялык түзүлүшкө, эгемендүүлүккө укукка каршы аракеттерге бөгөт коюуу жана башка улуттук коопсуздук багытында маселелерди чечүү жүктөлсүн.

3. Нарын ШИИБнын начальниги (Т.Кадыров) жана Ат-Башы РИИБдин начальниги (Б.Арзыгулов):

- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына кирүү жана чыгуу режимдерин иштеп чыгып комендатурага жиберсин;

- Блок посттордун ишмердигин аныктап жиберсин;

- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы (жөө жана автоунаадагы) кайгуулдардын кыймылынын-маршруттарын жиберсин.

4. Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын чечим жана көрсөтмөлөрүн өз убагында ишке ашуусун камсыз кылуу жана көзөмөлдөө максатында Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасынын алдында Оперативдик штаб жана секретариат түзүлсүн (Тиркеме №2).

5. Секретариат, Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана кызматтардын аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгат.

6. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу маселелери боюнча буйрук жана көрсөтмөлөр комендант тарабынан кол коюлуп, коменданттын мөөрү менен бекитилет.

7. Бул буйруктун талаптарынын аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
