# НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Өзгөчө абал режимин Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Өзгөчө абал режимин Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 1
- Дата принятия: 14.04.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.04.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200486>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-874/edition/1000187/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.04.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 1 "Өзгөчө абал режимин Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизүү жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 14.04.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200486

---

НАРЫН ОБЛУСУНУН НАРЫН ШААРЫНЫН ЖАНА АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 14-апрели № 1 Өзгөчө абал режимин Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Өзгөчө абалдар жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 3-4-7-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.04.2020-жылдагы №72-Жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы райондорунун аймагында жарандардын өмүрү жана ден-соолугун, коопсуздугун, коомдук тартипти камсыз кылуу ошондой эле “Таажывирус” инфекциясынын Нарын облусунун башка аймактарына таралышына жол бербөө максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен 30-апрелине чейин саат 21:00дөн 06:00го чейин Коменданттык саат киргизилсин.

2. Нарын ШИИБдин начальниги (Т.Кадыровго) жана Ат-Башы РИИБдин начальниги (Б.Арзыгуловго):

2.1. Өзгөчө абал режими учурунда Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына автоунаалардын кирип чыгуусу боюнча блок-постторду коюуу менен чектөөлөр киргизилсин;

2.2. ок атуучу куралдар жана ок дарылар, жарылуучу заттар жана пиротехникалык буюмдар сакталган жерлерде текшерүү иштери уюштурулсун;

2.3. айрым жарандарга белгиленген бир мөөнөткө өзүнүн үйүн (батирин) же болбосо алар обсервацияда же дарыланууда жаткан жерлерин таштап кетүүсүнө тыюу салынсын;

2.4. жарандардын массалык топтошкон жерлеринде жарандардын өздүгүн аныктоочу документтери текшерилсин жана зарыл учурларда аларды өздүк кароо, автоунаасын же буюмдарын кароо жүргүзүлсүн;

2.5. жарандардын жеке иш-чараларын өткөрүүлөрүнө тыюу салынсын (үйлөнүү той, туулган күн жана башка салтанаттуу иш-чаралар);

2.6. оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды ошондой эле чогулуш, митинг, көчө жүрүштөрүн, демонстрация жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

3. Нарын шаардык мэриясына жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына:

3.1. белгиленген тартипте шаардык жана райондук муниципалдык мекеме-ишканалардын чарбалык иштерин толук кандуу жүргүзүүсү боюнча мерчемдерине өзгөртүүлөр киргизилсин;

3.2. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал режимин ишке ашыруу максатында ишке жарамдуу жарандарды жана менчигинин түрүнө карабастан автотранспорт каражаттарын ишкана уюмдарда иштөөсүнө алардын эмгегинин шарттарын сактоо менен тартылсын;

3.3. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы жарандарга өзгөчө абал режими учурунда айрым чараларды (буйрук жана көрсөтмөлөрдү ж.б.) аткаруусу жөнүндө жергиликтүү массалык-маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылсын;

4. Нарын шаарынын троллейбус ДЭПОсу, транспорт башкармалыгы жана ОИИБы боюнча ЖКККБга:

4.1. Нарын шаарынын аймагындагы өзгөчө абал режими учурунда бардык менчиктин түрүнө карабастан коомдук транспорттун кыймылына тыюу салынсын (автобус, троллейбус, микроавтобус, жеңил жеке менчик такси);

4.2. Менчигинин түрүнө карбастан тыюу салынган коомдук транспорттун кыймылына чектөөгө көзөмөл жүргүзүлсүн.

5. Нарын шаардык мэриясына, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына Нарын облустук финансы башкармалыгы менен бирдикте өзгөчө абал режими учурундагы пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү боюнча финансы каражаттарын (анын ичинде резервдик фонддордон) издеп табып, бөлүшсүн.

6. Нарын облустук саламаттык сактоо кызматына (Алияскаров М.) (ҮМБ):

6.1. Кабыл алынган тартипте сатып алуу үчүн зарыл болгон жеке коргонуунун каражаттарынын тизмесин түзсүн (бет кап, коргоочу костюмдар, тепловизорлор ж.б.);

6.2. Бөлүнгөн каражаттар максаттуу пайдаланылсын;

6.3. комендатуранын ишине тартылган бардык адамдарды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздасын.

7. Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгына:

7.1. Нарын шаарынын жана Ат-Башы райнунун аймагындагы түзүлгөн кырдаалды курчутуп жиберүүгө колдонулуучу массалык маалымат каражаттарына, көбөйтүүчү техникаларды, радио-теле берүү аппаратураларын, аудио жана видео техникаларды, интернет байланышын чектөө же тыюу салуу ошондой эле башка үн күчөткүч техникалык каражаттарын алуу маселелерин карасын;

7.2. Зарыл учурларда байланыш каражаттарын пайдалануунун өзгөчө шартарын киргизсин;

7.3. Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагындагы кырдаалды курчутуп жиберүүсү мүмкүн делген саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, массалык кыймылдардын, жарандардын өз алдынча бирикмелеринин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотсун.

8. Массалык-маалымат каражаттары өзгөчө абал режими учурунда кырдаалды курчутуп жибербөө максатында комендант берген гана маалыматтар чагылдырылсын.

9. Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында таажывирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында ошондой эле жарандардын коопсуздугун, алардын өмүрү жана ден-соолугун коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаарынын мэриясы, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын облустук бириктирилген ооруканасы, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы башкармалыгы, КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Нарын шаарындагы аскер бөлүгү, Нарын шаарындагы №2025 Чегара аскер бөлүгү жана башка жергиликтүү мекеме-ишканалар Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы райондорунун комендантына бардык колдо бар күч жана каражаттар менен ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.

10. Буйруктун талаптарынын аткарылышы боюнча көзөмөл жүргүзүү жоопкерчиликти өзүмө калтырам.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты милициянын полковниги

У.К. Аалиев
